Ч.Айтматов
“Манас – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”
Кош келиңиз!
Ар бир улуттун, маданияттын башаты, кайсы бир баалуулукка негизделген өзөгү болот. Мына ошол өзөгүнө таянып, башатынан багыт алып отуруп улут да, маданият да калыптанат. Кыргыз элинин өзөгү да, башаты да “Манас”. Адамзаттын бир бөлүгү катары дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы дагы дал ушул “Манас”. “Манас” эпосу бул жөн гана кыргыз элинин башын бириктирген же “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” Манас баатырдын өмүр таржымалы жөнүндө баян эмес. Бул эпос кыргыз элинин жандуу энциклопедиясы. Кыргыздардын жашоо-турмушу, ишеними, кулк-мүнөзү, каада-салты, дүйнө таанымы, бардык маселелерге карата көз карашы, карманган принциптери, баалуулуктары, маданияты, ар бир адамдын үй-бүлөдөгү, коомдогу, жашоодогу орду, өз ара мамилелери, жаратылышка, жан-жаныбарга жасаган мамилеси, мамлекеттик түзүлүшү, саясий жашоосу – баары эпосто камтылган. “Манас” эпосун түбөлүктүү кылып турган негизги баалуулугу ушул. Дал ушул себептен улам “Манас” эпосун жөн гана оозеки элдик чыгарма катары баалоону коюп, аны терең изилдөөгө, эпосто камтылган ар бир идеяны талдап чыгууга, заманга ылайык баалуулуктарды таба билүүгө жөндөмдүү болушубуз шарт. Бул сайт мына ушул максатка жетүүгө көмөкчү болууну каалайт.
“Манас” эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары бааланып келет. Андыктан, аны изилдөөнүн масштабы да абдан кеңири. Эгемендүүлүк алганга чейин да, алгандан кийин да эпоско арналган илимий иштер, изилдөөлөр, маектер, макалалар, китептер, фото, видео материалдар, эпоско негизделген чыгармалар, баяндар көп даярдалды. Бул мезгил аралыгында манасчылар тууралуу да бир топ баалуу маалыматтар топтолду, манасчылардын жаңы мууну тарбияланып чыкты. Жогоруда айтылган “Манас” эпосун мындан ары дагы тереңден изилдеп, аны болушунча жакындан окуп-таануу максатына жетүү үчүн мындай зор көлөмдөгү маалыматты иреттүү түрдө бирдиктүү базага бириктирүү абдан маанилүү. Бул сайт мына ошол зарыл маселени ишке ашырып отурат.
Бул сайттан сиз “Манас” эпосуна тиешелүү бардык маалыматтарды ала аласыз. Эпостун мазмуну, каармандары менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Китептердин, илимий изилдөөлөрдүн, макала, маектердин электрондук версияларын, манасчылардын өмүр баяндарын таба аласыз. Эпоско байланыштуу бардык медиа материалдар да ушул сайтта жеткиликтүү.
Бул сайт ар дайым жаңыланып, улам жаңы маалыматтар менен толукталып турат. Сайттын мазмунун байытууга сиз дагы салым кошо аласыз. Эгер сиздин да “Манас” эпосуна байланыштуу башкалар менен бөлүшүүгө ылайыктуу материалыңыз болсо, сайтка жайгаштырууга мүмкүн. Ал үчүн manaschylar@gmail.com электрондук дареги аркылуу сайттын администрациясы менен байланыша аласыз.
“Манас” эпосун окуп-таануу, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү – биздин башкы милдет. Сапарыбыз байсалдуу болсун!

