Манас эпосун изилдеген окумуштуулар
Илимий изилдөө жана макалалар
Жалпы китептер
Балдарга үчүн китептер
Диссертациялар
Сөз таануу
Жооп: Чоро (иранча чухра — жан жигит, жолдош) — эпикалык баатырдын жакын жолдошу. Ойрот-калмак мифологиясында көптүк түрдө Чорос, цорос деген дербет жана жунгар княздарынын байыркы ата-бабалары катары айтылат. Ойротчо — ңор, ортоңку кыпчак тилинде — чора, шора. Чоро — баатыр деген маанини билдирген. Чыгыш теги боюнча байыркы түрктөрдөн титул болуп эсептелген чур (чор), (чура) чора деген сөзүнө барып такалат. Чур (чор), (чура) чора сөзү байыркы убактарда байыркы перс тилинен түрк тилине кабыл алынганы, алгач байыркы перс тилинде «жоокер», «баатыр» деген түшүнүккө ээ экендиги, бирок кийин байыркы түрк тилинде титул катары (кан менен бектин ортосундагы) мансаптык даражаны билдиргени маалым. Чур (чор), (чура) чора титулунун негизинде ошол байыркы түрк доорунан баштап эле көптөгөн адам аттары пайда болуп колдонулуп келген. Буга байыркы түрк руникалык жазмаларында учураган Агуш Чур, Бег чур, Ил чур, Чур өңдүү ысымдар күбө.




