Биз жөнүндө

«Манас» эпосу — кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгармасы.  Кыргыздардын жашоо-турмушу, ишеними, кулк-мүнөзү, каада-салты, дүйнө таанымы жана өз ара мамилелери – баары эпосто камтылган.

— Сайт тууралуу —

Биздин башкы максат — “Манас” эпосун жөн гана оозеки элдик чыгарма катары баалоону коюп, аны терең изилдөөгө, эпосто камтылган ар бир идеяны талдап чыгууга, заманга ылайык баалуулуктарды таба билүүгө жөндөмдүү болуу. Бул сайттан сиз “Манас” эпосуна тиешелүү бардык маалыматтарды ала аласыз. Эпостун мазмуну, каармандары менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Китептердин, илимий изилдөөлөрдүн, макала, маектердин электрондук версияларын, манасчылардын өмүр баяндарын таба аласыз. Эпоско байланыштуу бардык медиа материалдар да ушул сайтта жеткиликтүү. Бул сайт ар дайым жаңыланып, улам жаңы маалыматтар менен толукталып турат.

— Сиздин салым —

Сайттын мазмунун байытууга сиз дагы салым кошо аласыз. Эгер сиздин да “Манас” эпосуна байланыштуу башкалар менен бөлүшүүгө ылайыктуу материалыңыз болсо, сайтка жайгаштырууга мүмкүн. Ал үчүн manasdiscovery@gmail.com электрондук дареги аркылуу сайттын администрациясы менен байланыша аласыз.

Данияр Карабаев

Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы, БААУ

Абдылдажан Акматалиев

Коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, КР УИА

Хасина Ахмади

Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенти

Адина Сулумбекова

Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенти

``Manas Discovery`` сайтынын алгачкы талкуусу