Манасчылар

Элдик уламыш, аңыздар боюнча биринчи манасчы. Манастын ырчысы.

Ырамандын Ырчы уулу,

Ырдап айткан кебимди.

Канчалар кордук кылганда,

Кайраным тапкан эбимди – деп, Манас баа берген, анын төл ырчысы Манас дүйнө салганда аны алгач кошуп ырдаган дешет. Андан соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен.

Ырамандын Ырчы уулу тууралуу мындан башка маалымат жок. “Манас” жомогун түптөп, ага чыйыр салган алгачкы ырчы катары эл дал ушул Ырамандын Ырчы уулун эсептешет.

Айрым божомолдорго караганда, алгачкы манасчы. Сагынбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:

Салтанатын көргөндө,

Жайсаң ырчы дегени,

Жалаң үйдүн порумун,

Жарым күнү ырдаган – деп, ырчынын аты аталат.

«Манас» эпосун алгач ирет айтып чыккан ырчы болушу мүмкүн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт» деп, белгилүү эпос изилдөөчү М.Ауэзов айтат.

Эл оозунда аты аңызга айланып, укумдан-тукумга уламаланып айтылып келаткан ырчынын жашаган доору уламыштарга негиздесек, кадимки Аксак Темирдин дооруна, тактап айтканда, 14-15-кылымдарга туура келет. Эл оозунда айтылып жүргөн “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” деген макал дал ушул Токтогулга тиешелүү. Айтымдарда Токтогул ырчы кээде Толубай сынчынын баласы делсе, кээде бир тууганы деп айтылып жүрөт. Ал тууралуу Тоголок Молдо:

Ырамандын соңунан,

Иши келип оңунан.

Көрүп туруп көз менен,

Жомок кылып сөз менен.

Ырамандын Ырчы уул –

Жомокчунун башчысы.

Баарын тизген Токтогул –

Бул жомоктун ачкычы – деп эскерет.

Токтогулдун ырчылыгы тууралуу, манасчылыгы тууралуу эл оозунда көп аңыз сакталбаган. Болгону ал “Манас” айтканда, базардагы аларманы да, сатарманы да баарын унутуп, ошону гана угуп калчу экен деген сөздөр бар.

Айтымга караганда Түлөберди манасчы Жетиген уруусунун Коңурунан чыгат. Жети жашынан баштап элге таанымал болуп, “Манас” айта баштаган экен. Түлөберди жөнүндө эл арасында мындай деген уламыш бар.

Жаш курагында эле ата-энеден жетим калат. Көрүнгөндүн эшигинин алдында жүрүп күн көрүп, жетимдиктин зардалын аябай тартат.

Өз мезгилинде Түлөберди айтчу экен: “Менин көп чүкөм бар, анын ичинен туранагы, тапаны, аты алыска кетери бирөө гана ал Назар. Мындай айтымчы жаралабы ким билет. Анын айтканын көргөн сайын, делебем козголуп канат байлап учкум келип кетет. Ийинине келтирип Назар айтсын Манасты” – деген экен.

Атаганат дейбиз, аты аталып даңктуу Манасы бизге толук жетпей, кагаз бетине түшпөй, бир көрүнүп жок болгон куу кумпайдай залкарлар өттүго, бул дүйнөдөн!

Нооруз манасчы жөнүндө маалымат аябай аз, дээрлик жокко эсе десе да болот. Бирок кадимки уламалуу, аттуу манасчылар Келдибек менен Балыкооз дал ушул Нооруз манасчыдан үлгү алган деген маалыматка караганда анын манасчылыгын эскербей, аттап кетүү дегеле мүмкүн эмес.

Казак-кыргыз согушунун коогалаңдуу күндөрүнүн биринде Олуя-Атага жакын Чоң капканын оозунда жайгашкан Эмилдин үйүндө зор кубаныч болот. Ал зор кубанычтын ээси Назар эле.

Назар дайыма эл ичинде белгилүү баатырлардын үйүнө көп барчу. Бир айткан жеринде жалаң боз үйдүн тигилишин бир түн, бир күнгө жакын айтып, ошондо да айтарынын жартысы ичинде кеткен экен. Бул не деген олуя адам. Кантип улуу манасчы деп айта албайбыз!

Мезгилинде Назар манасчы Түлөберди манасчыдан таалим алганы чын болуу керек. Өзү да дайыма жанына жаш үйрөнчүк манасчыларды чогултуп алып Таластын баш аягын кыдырып айтчу экен. Анын окуучулары Кумар уулу Балык, Түлөберди уулу Боромбай, Чормон, Үч-Эмчек айылынан Курманалы, Ак-Жардан Токторбай уулу Мамек, Кытай уруусунан Чоңду, Кудайменде, Колпочтон Сокур, Калча деген  манасчыларды ээрчитип, билбегенин үйрөтүп элге айттырчу тура. Назар мүрзөдө жок болуп сөөгү кайып болуп кеткен деген эл ичинде сөз бар.

Кадимки Тыныбек жомокчунун устаты, өз доорунун эң көрүнүктүү манасчыларынын бири Чоңбаштын өз аты Нармантай.  Башынын чоңдугунан улам жогоркудай лакап атка ээ болгон.

Чоңбаштын манасчылыгы тууралуу маалыматтар сакталган эмес.

Түлөберди манасчынын эки уулу болгон  Боромбай, Чокмор деген. Экөө тең Манас айтышкан. Боромбай узун сакалдуу, нур жүздүү болуп Манасты айтканда үнүн кубултуп, укканды тамшантып дагы-дагы айта түшсө  экен деп ойго салчу дейт.

Бирок Манас айтуучу деп эл арасында айтылганы менен канчалык деңгээлде айтары бизге толук жеткен жок.

Чокмор Түлөбердинин көкүрөк күчүгү экен. Жаш кезинде бечел болуп, көпкө чейин баспай кийин басыптыр. “Бечелге жөтөлдүн кереги не дегендей” денеси котур болуп, анан аны элден бөлүп өзүнчө суунун жээгине үй тигип карай баштайт. Кызыктуу түш көрүп, оорусунан айыгып, 13-14 жашынан баштап Манас, Семетейди айтат. Чокмор Манаска караганда Семетейди укмуш айтар эле дешет уламалап уккан карылар. 1847-жылы казак менен кыргыздын ортосундагы согушта найзадан жараланып, ошондон кайтыш болгон экен. Бирок бул кишиден да Манас да, Семетей да жазылып алынган эмес.

Өз доорунун белгилүү манасчысы Курманалы жетиген уруусундагы жаңы тууган  уругунан.

Элдин айтымына караганда пайгамбар жашына жетип кайтыш болуптур. Назар жети манасчыны катар отургузганда үчүнчү кылып Курманалыны отургузчу экен. Ошого карап эсептеп кой жылы (1798-жылы туулуп) ит жылы (1861-жылы кайтыш болгон) дүйнөдөн кайткан.

Эң көрүнүктүү манасчылардан болгон Балык (Бекмурат).

Шапак Рысмендеев 1863-жылы Кочкор районуна караштуу Шамшы деген жерде туулган. Ал Балык манасчыны 13-14 жаш курагында көргөн болсо, 1876-1877-жылдарга туура келет. Ошол жылдары Балык 75 жашта болсо, 1800-1801-жылдары туулган болуп чыгат.

Балык ырчынын беш уулу, бир кызы болгон. Уулу Найманбай өзү сыяктуу акын жана жомокчу болгон.

Учурда урпактары Балык манасчынын атынан “Балыкооз-Бекмурат” коомдук фондун түзүп, аз да болсо иш алып барып келет.

Келдибек Чүй өрөөнүндөгү Жел-Аргы деген жерде туулуп, 80 жаштан өткөн кезде 1880-жылдарда Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болот. Азык уруусунан 3 бир тууган Нарын тараптан Чүй жергесине жер которуп Ниязбектин айылына келип уулду болушат. Ниязбектин сегиз бек деп эл ичинде айтылгандай, ырым кылып бектердин айылында туулгандыгы үчүн Келдибек деп ат коюшат.

Атасы Барыбоз жамакчы, ырчы, санжырачы болгон. Той-ашта жар чакырып, башка учурда “Манастан” үзүндү айткан. Ошондой эле энеси таланттуу келип, жамакчы, кошокчу болот. Келдибектин Манас айтуусуна алгач, ата-энеси таасир берген. “Манасты” 17 жашынан тартып айта баштаган.

Келдибек Манастын 40 чоросун Манастай улуу баян кылып учу-кыйыры жок кемибес кенч дастан кылып айткан.

Кыргыз эли башта манасчыларды манасчы, семетейчи деп бөлбөстөн, аттуу манасчы, жөө манасчы деп бөлүшкөн. Аттуу манасчыларга, же эл оозунда айтылып жүргөндөй, тулпар манасчыларга баатырлар ат тартуулашып, андыктан алар жогорудагыдай аталышкан. Ошондой алп манасчылардын бири – Акылбек манасчы. Акылбектин өзүнүн айтуусунда “Манас” жазылып калбаганы менен, анын залкар замандаштары Арстанбек, Сагынбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Ыбырайым Абдыракман уулу сыяктуулардын эскерүүсүнөн улам, жана да эл оозунда уламага айланган баяндардан, анын чындап эле алп манасчы болгондугуна күбө болобуз.

Шапак Рысменде уулу

Атагы калың журтка белгилүү манасчылардын бири Шапак Рысменде уулу 1863-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы деген айылда жарыкка келген.

Шапак манасчыдан 1935-1948-жылдар аралыгында “Манастын” үч бөлүмү тең жазылып алынган. Анча-мынча айырмачылыктарга карабай, Сагымбайлар айткан негизги варианттын нугунан чыккан эмес.

Кайсы бир жерде Сагынбай Шапактын “Манас” айтып отурган жеринен чыгып, “Шапак, мен айткан Манасты сен айтып атыпсың. Менин оозума келбей калды” деп таарынат. Шапак алган акчанын тенин Сагынбайга бөлүп берет.

Белгилүү манасчы 1956-жылы Кочкордун Кара-Суу айылында дүйнөдөн кайткан. Андан “Манас” эпосунан сырткары “Мендирман”, “Жаныбек” сындуу кенже эпостор жана элдик макал-лакаптар жазылып калган.

Чын аты Айты Жумгал өрөөнүндө төрөлгөн. Ал манасчы жана акын болгон. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда Айтыке “Манас”, “Семетей”, “Сейтекти” бүтүндөй айткан.

Кытай уруусунан.  Кыйынчылык кезде Акбай-Бабырдын арасына келип туруп калган. Өз учурунда Манасты да, Семетейди да айта билген. Андан тышкары “Нурпери”, “Көкүл баяны” дегендерди айтчу дейт.

Өз учурунда Кудайменде Назардан, Балыктан тарбия алып, манасчылыгын өркүндөткөн.

Назар Болот уулу 1828-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн Сарыкамыш айылында жарык дүйнөгө келген. Бугу уруусунун арык тукумунан. Анын Манасы жазылып калбаганы менен, Чокон Валиханов жазып алган “Көкөтөйдүн ашы” дал ушул Назар Болот уулунан жаздырып алган деген маалыматтар бар.

Назар Болот уулу 1893-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Түштүктөн чыккан Шаймардан, Матисак Акбай уулу, Бөрүбай Султан уулу, Мурат Калбай уулу, Калбек Жумагул уулу өңдүү манасчылардын бир тобунун устаты. Манасчылыктын түштүк мектебин түптөөчүлөрдүн бири. Тилекке каршы, анын өз оозунан “Манас” эпосу жазылып алынбаган.

Айтылуу Балык манасчы менен такай карым-катышта болуп, бири-бири менен тажрыйба алмашып турчу дешет. Кудаяр хандын манасчысы болгон деген аңыз да айтылат. Чоодан манасчы 1900-жылы 65 жашында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.

1846-жылы Ысык-Көлдүн Кайнар деген айылында жарык дүйнөгө келген. Өзү бугу уруусунун тынымсейит уругунан.

Тыныбек артынан көп шакирт өстүрүп, аларды дайым өзү менен ала жүрчү экен. Андан таалим алган Тоголок Молдо, Сагынбай, Калыгул, Байбагыш, Дөңүзбайлар өз мезгилинде белгилүү манасчылардан болгон. Андан кийинки Молдобасан, Багыш, Мамбет өңдүүлөр да Тыныбектин шакирттеринен үлгү алып, манасчылыктын Тыныбек мектеби түптөөчүлөрдөн болуп калган десек болот.

Тыныбек тууралуу эл оозунда аңыздар көп. Ал “Манас” айтып атканда жерден бир карыш көтөрүлүп калчу экен, Тыныбек көл үстүнөн басып кетчү экен деген имиштер көп. Ал тургай, Тыныбек көз жумганда Ай тутулган. Аны жергиликтүү эл алиге оозунан түшүрбөй, улуу жомокчуга табият да аза күткөн деп айтып келишет.

Манасчылыктын түштүк мектебин түптөөчүлөрдүн бири, төкмө ырчы Кыдыраалы Кайназар уулу 1850-жылы  Ала-Бука районунда төрөлгөн. Ал Манасты 32 урпакка чейин айтчу экен дешет.

Кыдыраалыдан үлгү алган Сейде Дейди кызы эмнени айтса да, бул Кыдыраалыныкы деп баштачу экен дешет. Мына ушундай зор манасчынын оозунан “Манас” өз убагында жазылып калбаганы, албетте, өкүнүчтүү. Алп манасчылардын катарын толуктаган Кыдыраалы жомокчу 1920-жылы өз айылында каза болгон.

1852-жылы Өзгөндөгү Доңуз-Тоо деген жерде, азыркы Кызыл-Тоо айылында туулган.

Калманбет уулу Токтогул 1950-жылы Кошетер айылында токсон сегиз жашында дүйнөдөн кайтты. Токтогулдун уулу Акмат атасынан уккандарын эсине түшүрүп, “Манас” эпосунда кездешпеген окуяларын жазып келип, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Ошондой эле атасынын бир нече дастандарын көкүрөгүндө калганы боюнча кагаз бетине түшүргөн. Алардын ичинен “Бос­тон” дастаны да фонддо сакталып турат.

Он алты жаш курагында атасы белгилүү манасчы Балык Чүй өрөөнүндөгү Байтик манаптыкында жашап жүргөндөн баштап Манас айта баштаган. Найманбайдын айткан вариантынын айрым окуянын үзүндүлөрү бизге чейин жеткен. Таласты мактоо, Манастын кээ бир кийимдери, Манастын күмбөзү. 1923-жылы Каюм Мифтаков бул үзүндүлөрдү Талас, Кең-Кол, Улуу Төрдөн Найманбайдын айткандарын эстеп айтып жүргөн Ырыскулбеков Сулаймандан жазып алган.

Атактуу манасчы Назар Болот уулунун шакирти Жандаке Байболот уулу 1853-жылы Жети-Өгүздүн Чырак айылында туулган.

Белгилүү манасчы жана фольклор изилдөөчү Ыбырайым Абдыракман уулу Жандаке менен 20 жылдай бирге жүрүп, андан таалим алгандыгын эскерет жана устаттарынын бири катары эсептейт.

Жандаке Байболот уулу 1917-жылы Акшыйрак деген жерде жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Кенжекара Калча уулу

Манасчылыктын салттуу түрүнөн айырмаланып, эпосту аспаптын (кыл кыяк) коштоосу менен аткарган семетейчи Кенжекара Калча уулу 1859-жылы Пишпекте төрөлгөн. Солтонун Күнтуу уруусундагы дандыбай уругунан. Анын аткаруусундагы “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” жана “Ак бала баатыр жөнүндө ыр” деген чыгарма сүрөтчү Б. В. Смирнов тарабынан 1903-жылы үн жазгычка жазылып алынган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тоголок Молдо

1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага “Тоголок Молдо”  деген лакап атты берген да дал ошол Тыныбек болгон.

Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замадаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот.

Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот.

Тоголок Молдо 1942-жылы 4-январда 82 жашында өзү туулган Куртка айылында каза болгон.

Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Шак-Көчөк, Айтике деген манасчылардын “Манас” айтканын уккан, Жаңыбай манасчы менен жакшы тааныш болгон. Өзү “Манас”  “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин бүт сюжеттик мазмунун кара сөз менен айткан.

Арык тукумунан чыккан белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу               1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугунда жарык дүйнөгө келген. Ал кадимки Саякбай Карала уулунун устаты болгон. “Чоюке – чынар, мен – чырпык. Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” деп, кезегинде анын талантына Саякбай Карала уулу баа берген. Калың эл өз кезегинде Чоюкедей эч ким айта албайт дешкен.

Чоюке “Манас” үчилтигинен башка “Эр Төштүк”, “Жаныш-Байыш”, “Жүгөрү” сыяктуу кенже эпосторду айткан экен. Ал 1925-жылы Маманда 62 жаш курагында жарык дүйнө менен коштошкон.

Чоюке «Манасты» 20 жаштан өткөн курагында айта баштаган. Анын «Манасты» айтып калуудагы чыгармачылык шыктын келиши башка манасчылардай эле түш көрүүгө байланыштуу экендиги айтылат. Биринчи жолу көргөн түшүндө Чоюкени Каныкей коноктоп Манасты айтып жүрөсүң деген экен. Экинчи жолку көргөн түшүндө Алмамбет кирет да «Мен Алмамбет боломун. Мен дагы бир келгенче Манасты айтпасаң жамандык көрөсүң» – деп коркутат. Ошентип, Чоюке Каныкей менен Алмамбеттин суроосун канагаттандыруу үчүн убадасын берип, «Манас» айтып, аны кесип кылып калат.  

«Манас» айтууну өөрчүтүүдө Чоюке Таласта жана Чүйдө  жашап кайра Ысык-Көлгө кайтат. Андан соң кытайга кетет. Чоюке кытайдан 1916-жылы көтөрүлүштүн алдында келет да, үйлөнүп-жайланып турмуш куруп калат. 1916-жылкы көтөрүлүштө эл менен кошо кытайга качат. Кытайдан үй-бүлөсүнөн ажырайт. Чоюке эл менен кошо кайрылып өз айлына, Ысык-Көлгө келет.

Чоюке Семетейди тентитип, Тайторуну чаптырганда ыйлабаган киши калчу эмес. «Чоң казатты» айтканда угуп отурган кишилер, өзүлөрү ошол казаттын ичинде кошо жүргөн эмедей колдоруна түкүрүнүп, эриндерин кесе тиштенип, тиштерин кычыратып, оолугуп токтой албай, обдулуп, жээлигип отурар эле дейт. 

Саякбай Каралаев, Алтыбаев Осмоналы жана бир тууган иниси Азиз Чоюкеден таалим алып, «Манас» айтууну уланткандыгын эскерет. 

Чоюке училтиктин «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» бөлүмдөрүн толугу менен айткан манасчылардан болгон. Андан сырткары «Эр Төштүк», «Жаныш-Байыш», «Жүгөрү» өңдүү кенже эпосторду да айткан.

Чоюке Өмүровдун өз оозунан жазып алынган варианттары колубузда жок.

Чоюке Өмүров 1925-жылы өз айлы Маманда дүйнөдөн кайтат.

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Ала-Баш деген жерде жарык дүйнөгө келген. Өмүр бою “Манас” айткан белгилүү манасчылардын бири. Саяктын шыкмамат уругунан. Залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун манасчылыкка болгон жолун ачкан бир тууган таякеси. Деңизбай Тыныбектен таалим алып, шакирти болгон.

Таанымал жомокчу, дастанчы, чечен, санжырачы Кайдуу Сопу уулу 1865-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кайырма-Арык айылында төрөлгөн. Чоюке, Назар Болот уулу сындуу алп манасчылардын шакирти болгон. Кадимки Саякбай Карала уулуна, Мамбет Чокмор уулуна устаттык кылган.

Назар манасчынын уулу. Эпостун “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүн айткан жомокчу болгон. Ал жөнүндө замандашы Беки уулу Жолочу буларды эскерет: “Жүгөрү согуш башталган жылы 77 жаш чамасында өлдү. Жүгөрүнү да Совет мезгилинин алгачкы жылдары тиешелүү мекемелер “Манас” айттырууга чакыртса өзүнүн карылыгын шылтоо кылып барган эмес экен. Ал эпостун “Семетейин” толук айтчу. Сейтектин төрөлүшү, кайра элине келишин да Жүгөрү айтчу. Ошондуктан эл аны семетейчи-жомокчу деше турган” (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 1-б,).

САГЫМБАЙ Орозбак уулу (1867, Ысык-Көлдүн күнгөйү, Кабырга деген жерде —1930, Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы) — манасчы жана төкмө акын.

Сагымбай түшүнүгү кенен, кат тааныган, араб арибинде жазылган материалдарды окуй алган өз учурунун билимдүү адамы болгон. Анын атасы Орозбак кернейчи болгон. Сагымбай 12-13 жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтат. 1916-жылкы үркүндө Сагымбай эл менен кошо Кытайга үркүп барып, кайра элине 1917-ж. келет. Ал жаш кезинде эле эл арасында айтылып, ырдалып жүргөн ырларга, кошокторго, жомокторго дилгирлик менен кызыгып, аш-тойлордо жана башкалар шаан-шөкөт өткөрүлүүчү жерлерде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Ошондой эле эпостон келки-келки үзүндүлөрдү да айта калчу. «Манас» айтууну Сагымбай 15-16 жашынан баштайт. Сагымбай бала кезинен эле ырга шыктуу болгондуктан «Манас» айтууга чейин лирикалык жана тамашалуу ырлар чыгаргандыгы үчүн эл арасында оозго алынган. Жалпы эле лирикалык мүнөздөгү ырлар менен катар өлгөн адамдарга ылайык кошокторду түзүү, айрыкча аш-тойлордо жар чакыруу милдети Сагымбайга тапшырылчу. Мунун өзү келечектеги чоң манасчынын көркөм дүйнөгө кирүүнүн алгачкы жылдары майда жанрдагы чыгармаларды аткаруу аркылуу зор чыгармачыл мектепти басып өткөндүгүн айгинелейт. Кийин бара-бара таланттуу акын өзүн эпикалык мазмундагы жанрга багыттаган. Бардык манасчылардай эле Сагымбай да «Манас» айтууну түш көрүү менен байланыштырат.

Сагымбай Орозбак уулу макаласына. 1. Т. Герцен. Сагымбай. 2. «Манасты» жазып алууну алгач уюштургандардын бири Нарын кантонунун кызматкери Ыбырай Тойчинов менен манасчы Сагымбай Орозбак уулу, 1922. 3. С. Ишенов. Сагымбай Орозбак уулу.

Бирок Сагымбайдын манасчы болуп калыптануусуна Балык, Найманбай, Тыныбек, Акылбек, Дыйканбай жана башка манасчылар зор таасир тийгизген. Сагымбай биринчи жолу «Манасты» толугу менен Тыныбектин өз оозунан уккан. Улуу муундагы манасчылардан ал Балыкты көрүп, аны жаш кезинде угат. Сагымбайдын агасы Алишер да манасчы катары белгилүү болгон. Сагымбай «Манасты» эң алгач агасы Алишерден угуп айткан деп болжолдошко болот. Бирок, К. Рахматуллин: «Шапак манасчынын айтуусуна караганда, кадимки Тыныбек манасчынын мугалими Чоңбашты (Нармантайды) биринчи жолу уккан, Сагымбай абдан кызыгып, «Манасты» үйрөнүү үчүн Чоңбашты ээрчип кетмек да болгон” — деп жазат. Чынында Сагымбайдын «Манасты» биринчи жолу кимден угуусу, кимден эң алгач таалим алуусу анын чыгармачылык жолунда чоң мааниге ээ көрүнүш.

Өз учурунда көлөмдүү поэмаларды чыгарып, эл турмушуна байланыштырып айтып да жүргөн. Мындай көлөмдүү чыгармаларынан болуп, анын социалдык-философиялык поэмасы «Заман» эсептелинет. Поэманын идеялык мазмуну көрсөткөндөй мында элдин турмушун жеңилдетүүнүн жолун издегендиги көрүнүп турат.

Сагымбайды жакшы билген адамдардын эскерүүсүндө ал ар дайым элдин абалына, турмуш шартына көңүл бөлүп, падышалык бийликти жана бай-манаптарды сынга алгандыгы айтылат.

К. Рахматуллин эскерүүсүндө улуу муундагы манасчылардын ичинен Сагымбай Орозбак уулу совет бийлигин кубанычтуулук менен тосуп алган деген жыйынтыкка келет. Сагымбай талантынын толук жетилип, чоң манасчы атыгып, такшалып калган учурда, башкача айтканда 1922-жылы 55 жаш курагында «Манасты» жаздырат. Бул иште демилгечи болгон жана жалпы кыргыз фольклорун жыйноодо эбегейсиз зор эмгек сиңирген Каюм Мифтаков Сагымбай менен 1921жылдын акырында азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жолугушат. Мугалим К. Мифтаков ал айткан «Манасты» угат да көңүлүнө өтө жаккандыктан кагаз бетине түшүрүүнү өтүнүп, бирок, Сагымбай жайында жолугушууга убадалашат. 1922-жылдын жайында К. Мифтаков Сагымбайды Солтон-Сары жайлоосунан табат да, Нарынга ээрчитип барып жомокту жазуу ишин баштайт. «Манасты» жазуу иши 4 жылдан ашуун убакытка созулат (1922-жылдын июнь, июль айларынан баштап 1926-жылдын августунда бүтөт). Сдан «Манасты» жазуу ишин К. Мифтаков баштап, негизинен бул вариантты кагаз бетине түшүргөн адам Ыбырайым Абдыракман уулу болгон. Булардан башка да Сапарбай Сооронбаев аттуу адам аралашып, манасчыдан жазылган материалдарды көчүрүп, экинчи нускасын даярдаган.

Өзгөчө кеңири тараган «Манас» сыяктуу эпикалык чыгарманын элге сиңирилиши эпосту жаратуучулардын айтуу манерасына, талантына чыгармачылык мамилесине жараша кабыл алынат. Айтылып жаткан вариант элдин талкуусунан өтүп, ошол манасчынын өзүнө таандык өзгөчөлүгүнө ээ болгондо гана толук кандуу чыгарма экендигин көргөзө алат. Угуучу аудитория ар бир манасчыны сынга алганда мурдагы уккан «Манас» менен салыштыра карап, айрым бир салттык мотивдерди, эпизоддорду берүү жолдорун ой редакциясынан өткөрүшүп, анан айтылып жаткан манасчынын вариантына баа беришет. Элдик сындан өтүп, толук кандуу баага ээ болгон варианттардын бири Сагымбайдын «Манасы» эсептелинет.

Эпикалык чыгарманы элдин купулуна толтура айтып жана аны баалай билген элдин редакциясынан өткөрүү жалгыз гана кыргыздын манасчыларына мүнөздүү көрүнүш болбостон, ошондой эле башка түрк-моңгол элдеринин айтуучуларына да таандык көрүнүш, Анткени, ар бир элде эпосту угуучу аудиторияга жеткирүү үчүн аны элдин талкуусунан, көпчүлүктүн сынынан өткөрөт. Айтуучулар өзүнүн репертуарын угуучу аудиторияга карата түзөт жана айтат. Калмак эпосун изилдөөчү Н. Б. Сангаджиева жангарчы М. Басанговдун чыгармачылыгын талдоого алганда, М. Басангов чыгарманы айтууда угуучулардын чөйрөсүнө карата мамиле жасаганын белгилейт. Өзгөчө укмуштуу окуяларды жакшы көргөн жана душман менен кармашууда эрдик көрсөткөн баатыр менен дагы бир жолу кездешүүнү көздөгөн балдар аудиториясы болсо, жангарчы жалпы, типтүү эпикалык орундарды таштап коюп, Хонгор, Савар, Салдардын урушуна көбүрөөк токтолуп, согуштук окуяларга көңүл бурган. Туруктуу . жана сүйүктүү угуучулардан болуп эпосту жакшы түшүнгөн аймактын аксакалдары менен эмгекчи эл болгон, ошондой эле алар жумуштан кийин жангарчынын тегерегине эпосту угуу үчүн чогулушкан. Ал эми айтуучу болсо ыр текстине алымча-кошумча киргизбестен эл үчүн тынымсыз ырдап берчү. Эпосту айтуу алты-жети саатка созулчу. Жалпы эле угуучу менен айтуучунун ортосундагы байланышты көрсөткөн бул көрүнүштүн өзү кыргыз манасчыларына да мүнөздүү. Колдо болгон материалдарга караганда «Манас» айтуучуларды элдер атайын, алыс жерде жашаганына карабастан чакыртып алышып, кезеги менен ар бирин айттырып угушкан. «Бир кыштын ичинде эң азында үч айттырса соопчулук болот экен, дешер эле… Чоң балдар илгери олтуруп алышып, мен улагада босогонун түбүндө керегеге сөөнүп отуруп калар элем. Түн ортосу жакындаганда уйкулары келишип чоң балдар тарап кетишкенде тулганын түбүнө келип отуруп, таңга жакын жомокту айтуу токтолуп, эт тартылгандан кийин кетер элем., Ошондой түндө кыштын көп күндөрү «Манас» айттыруу менен өткөрүлөр эле» — дейт Ыбырайым Абдыракман уулу. «Манас» эпосунун таасирдүүлүгү жана көркөмдүүлүгү жөнүндө «жомокчу айтып жаткан, кай бир муңдуу жерлерине келгенде ыйлашкан… Сайыш, чабыш, атыш, алышуу жерлеринде… кай бир кишилер кыйкырып, калгандары чуру-чуу түшкөн… «Семетей» жомогунда да ошондой абал…» болгондугун Ы. Абдыракманов дагы бир жолу эскерет.

«Манасты» угуучуларга жеткирүүдө анын айтуу формасы да негизги ролду ойнойт. Анткени, чогулган аудиториянын шартына жана алардын кабылдоосуна жараша айтылган учурлар да кездешкен. Негизинен манасчылар элдин чакырыгы боюнча келе турган болсо, айрымдары өздөрү эл аралап кетишчү.

Эпосту айтуу үчүн эл кыдырып, эл астына чыгуудан мурда манасчылар алды менен кандайдыр бир даярдыктарды көрүшкөн. Эл алдына жаңы чыга турган манасчы башка манасчынын айтуусундагы эпосту укканда ошол эпостун мазмуну менен көркөм ыктарын өздөштүрүшкөн жана үйрөнүшкөн. Манасчы ар дайым дилгирлик менен көркөм чыгарманын негизин түзүүчү эпостун сюжетин, композициясын, жанрдык өзгөчөлүгүн, эпитеттерди, салыштырууларды жана башкалар үйрөнө баштайт. Ушундай өткөрүлгөн чыгармачыл түйшүктөн кийин гана барып манасчылар өз вариантын эл алдына сунуш кылат да алардын талкуусуна коёт. Өз учурунда ушундай мектептен өткөн Сагымбай да «Манас» айтууну бир эле географиялык чөйрөдө, бир эле айылдын аймагында айтуу менен чектелип калбастан, ал кыргыз жергесинин көптөгөн жерлеринде болгон. Ал «Манасты» кагаз бетине түшүрткөндө ар дайым эл кыдырып, жер которуп жүрүп жаздырган. Сагымбай «Манасты» жаздырууда чыгармачыл шыктануу менен киришип, бир эле жайдын ичинде эпостун биринчи жана экинчи бөлүмдөрүн, башкача айтканда Манастын төрөлүшү, балалык чагы, кан көтөрүлүшүн айтууга үлгүрөт. Ар дайым эл менен бирге жүрүп, бир чети элдин рухтук мүдөөсүн канагаттандырса, экинчи жагынан кагаз бетине түшүрүүгө дилгирленген.

«Манасты» аткаруу процесси көптөгөн угуучулардын катышуусу алдында, алардын кубаттоосу менен бирдикте өтөт. Сагымбайдын аткаруусу ар дайым көпчүлүктүн арасында өткөрүлүп, берилгендик жана шаңкылдаган бийик үн менен бирдикте анын кыймыл-аракети, обону, үнү, ымдоо-жаңдоосу да өзгөчөлөнгөн.

Манасчы канчалык такшалып өзүнүн мурдагы, өз мезгилиндеги манасчыларды угуп, алардын аткаруу чеберчилигинен үлгү, таалим алса да көпчүлүк учурда, алар чыгармасынын аткарылышын дагы бир жолу сындан өткөрүш үчүн өздөрүнүн жакын көргөн адамдарына кайрылышат. Ошолордун бири катары эле Сагымбай да ар дайым «Манасты» жазып жүргөн Ыбырайым Абдыракман уулу менен «Манас» жөнүндөгү оюн бөлүшчү. Андан окуянын же эпизоддун аткарылышы кандай болгондугун, мазмундук, көркөмдүк жактан мүчүлүштөрүн, окуянын байланышы жактан үзгүлтүктөрү жөнүндө көп сурап, кайра аны калыбына келтирүүгө аракет жасаган. Мына ушундай аракетин Сагымбай кийин «Манасты» жаздыруу учурунда да иш жүзүнө ашырган. Ушунун негизинде манасчы айтып жаткан «Манастын» сюжетин узартып же кыскарта алган.

Бул айтылган пикирди жалгыз эле бир манасчынын чыгармачылык өнөрканасына гана жекече таандыкташтырууга болбойт. Анткени, ар бир манасчынын талантына, аткаруу манерасына, анын поэтикалык көркөмдүүлүгүнө жараша ар бири өз алдынча жекече баага ээ көркөм чыгармачылыктын чеберлери. «Манас» эпосун айтуу учурунда кунт коюп «манасчыдан угуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң» (Ч. Айтматов). Көркөм ой жүгүртүү жолу менен эл турмушунун тарыхын түзгөн бай эпикалык материалды эч коромжусуз азыркы мезгилдин окуучусуна жеткирген кыргыз элинен чыккан көркөм ойлоонун чеберлери биздин колубузга дүйнөлүк эпиканын шедеври «Манас» эпосун сактап берди.

Эпосту жаратуучулар же аны айтуучулар жөнүндө сөз болгондо албетте, алды менен алардын чыгармачыл өнөрканасында негизги орунду ээлеген чыгармасын алып караганыбызда манасчылардын ири алдыда алардын жараткан варианттары жана орду жөнүндө түшүнүк берилет. Бир нече кылымдын продуктусу болгон «Манас» сыяктуу залкар чыгарманы айтууда ошол манасчынын эпикалык салтка кошкон салымын, улантуу жолун жана поэтикалык көркөмдүүлүгүн негизги багыт катары кармайт. Башка варианттардай эле Сагымбайдын «Манасы» да ошол эле салттык үлгүдө берилген.

Жалпы эле «Манас» эпосунда окуялардын берилиши эки багытта жоокердик жана турмуштук болуп бөлүнөт. Бирок эпостун сюжеттик курулушунун ушундай бөлүнүшүнө карабастан негизги идеялык багыты бир бүтүндүктү түзөт. Окуя башкы каарман Манастын тегерегине топтоштурулуп, анын эл, жер үчүн күрөшү баяндалат. Эпостун мазмунун бир бүтүндүккө алып келүүдө, анын конструкциялык негизин түзгөн салттык окуялар башкы ролду ойнойт. Сагымбайдын варианты эпостун классикалык үлгүсү катары баалангандыктан, байыртадан айтылып келе жаткан окуялар толугу менен камтылган. «Манас» эпосу бардык эле эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон борбордук каармандын төрөлүшү жана балалык чагынан башталат. Сюжеттин ушул конструкциясы Сагымбайдын вариантына да мүнөздүү. Салттык түрдө айтылып келе жаткандай Сагымбай да Манастын дүйнөгө келишинен түздөн-түз эле баштабастан Манастын ата-бабасынын чыгыш тарыхына кайрылат да, андан кийин негизги окуянын өзүнө өтөт. Эгерде айрым манасчыларда бул окуя өзүнчө бир бүтүн сюжеттик канваны түзгөн эпизод катары айтылса Сагымбайда манастын ата-бабалары кара сөз түрүндө кыскача гана кимден ким тарагандыгы саналып өтөт. «Манас» эпосу дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда салттык мотив катарында айтылган карыган ата-эненин бала үчүн болгон зарынан башталып, алардын карып калган кезде балалуу болушу, каармандын укмуштуудай төрөлүшү, ага байланыштуу ырым-жырымдар, шаан-шөкөтү жана башкалар толугу менен сюжетке киргизилген. Ошондой эле эпикалык каармандын өспүрүм мезгилиндеги тарбияланышы, бойго жеткендеги баатырдык иштери, кылык-жоруктары дагы да толгон-токой окуяларды манасчы жергиликтүү каражаттар менен сүрөттөп отурат. Манастын ушул учурда көрсөткөн алгачкы эрдиктери да (алтай калмактары менен болгон кармаш, Эсенкандын элчилеринин көргөн кордуктары, Нескара жана Нуукер дөөнүн аскерлери менен болгон уруш жана башкалар) баяндалат. Эскерилген окуялардын арасында эпостун табиятына мүнөздүү фантастикалык окуялар, башкача айтканда Манасты колдогон кырк чилтен айтылат. Ал эми эпизоддун финалдык бөлүгү:

Казак, кыргыз камалып, 

Калмак, маңгул жайылып,

Ак кийиздин үстүнө

Бай Жакыпты салганы,

Баласы Манас баатырды

Ак кийиздин үстүнө

Аны дагы биргелеш

Отургузуп алганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 289), — деп кан көтөрүү салты менен аякталат. Ошентип, кыргыздар да өз алдынча «кандуу журт болуп калдык деп», Манасты кан көтөрүшүп, чоң той өткөрүү менен эпизод жыйынтыкталат. Эпизоддун мазмунун негизинен кыргыз элинин байкерчилик турмушу түзүп, элдин жай турмуш-тиричилиги менен катар эле, жоокерчилик окуялар да орун алат. Кийинки айтылуучу чоң эпизоддорду негизинен жоокерчилик окуялар түзөт. Алды Кошойдун Кашкарга жасаган жоортуулу менен башталып андан ары анын укмуштуудай күрөштөрү менен улантылат. Манастын баатырдык күрөшүн көрсөткөн дагы бир окуяда Манжурия жеринен төрт жүз төөгө жүк артып, кытайга бара жаткан Жолойдун чайын Манас тартып алат. Манастан запкы көрүп, найза жеп жараланган Жолой араң дегенде качып кутулат да, болгон окуяны кытайдын башкы каны Эсенканга айтып барат. 

Манасчы сюжеттин түйүндөлүшүндө кырдаалга карата улам окуяларды жаңыртып отурат. Мурда айтылган Кошойдун жортуулу улантылат. Бул эпизоддо көп жашаган, көптү көргөн касиеттүү Жаангер кожонун Билерик аттуу уулун Нескара колго түшүрүп, барымтага (ак үйлүүгө) кармап алат да Кырмус шаага бергендиги баяндалат. Кошойдун Жаангерге жардам берип көрсөткөн эрдиктери Сагымбайдын айтуусундагыдай башка варианттарда кеңири планда учурабайт. Сагымбай эл арасына кеңири тараган ар кыл маанидеги фантастикалык укмуштуу жомокторду көп угуп жана билгендиктен алардын сюжеттерин эпостун мазмунуна киргизе берген. Кийинки окуяда Манас менен Кошойдун Дагалак шаарында кезигиши жөнүндө баяндалат. Жортуулга бараткан жолунда каршылык көрсөткөн кандарды бүтүндөй багындырып жүрүп олтурушат. Бул окуялар кыргыз элинин басып алуучуларга каршы боштондук үчүн күрөшүнө байланыштуу айтылган. Жортуулдардын акыры Манастын жеңиши жана Карабөрккө үйлөнүшү менен аяктайт.

Баатырдык жортуулду баяндаган калган эпизоддор башкы каармандын эрдиктерине, өз мекенин басып алуучулардан бошотуу үчүн күрөшүнө жана ага келип кошулган кандардын жоокердик аракеттерине арналат.

«Манас» эпосунун негизги идеясы өз жеринен ажырап, чачылган, бүлүнгөн элди бириктирүү болгондуктан, ага ылайык окуялар Манастын сырттан келген душмандарга каршы күрөштөрүнө байланыштуу сүрөттөлөт. Сагымбайдын вариантындагы эпизоддор башка варианттарга караганда сан жагынан гана көптүк кылбастан, сапаттык жана көркөмдүк өзгөчөлүгү жагынан да өз артыкчылыгы менен айырмаланып турат. Манастын жүрүшүнө байланыштуу айтылган бул эпизоддор аталышы жактан гана айырмаланбастан, согуш майданынын сүрөттөлүшү, окуялардын жүрүшү жана талкууланышы жагынан да бири биринен айырмачылыкка ээ, ал эми окуянын жүрүшү композициялык жактан бирдиктүү бир байланышта улантылат. Баяндалып жаткан баатырдык жортуулда баатырлардын кармашы, согуштун жүрүшү жана башкалар эпикалык сүрөттөмөлөрдүн берилиши боюнча ар бир эпизод өз алдынча сюжеттик өзөккө ээ. Манастын Жолой менен болгон кармашы, он бир Дуу-ду менен болгон согуш. Текес канды чапканы, Акунбешимди жеңгени, Алтайдан Анжыянга көчүү, Манастын Кашкарды каратканы, Шоорук канды чаап, кызы Акылайды тартууга алганы сыяктуу согуштук окуялар «Манас» эпосундагы салттык эпизоддордон. Анткени, жогорку аталган эпизоддор байыркы замандан бери келе жаткандыгына жана ооздон оозго өтүп сакталып калгандыгына байланыштуу айтылып жатат. «Манас» эпосундагы согуштук окуялар Эсенкан, Коңурбай, Жолой, Нескара, ошондой эле Оогандын каны жана Айган кан менен болгон согуштар да эпостогу негизги эпизоддорду түзүү менен бардык варианттарга мүнөздүү.

Сагымбайдын айтуусунда зор эпикалык баяндамага ээ, өзүнчө сюжеттик өзөктү түзгөн эпизоддордун бири Алмамбетке байланыштуу. Эпосто Алмамбет Манастын ишенимдүү чоролорунун бири. Жалпысынан алганда аталган эпизод эпикалык салтта айтылып келген туугандашуу мотивине жакындашат. Андагы экинчи негизги мотив душман жерине жол баштоочу, анын ачылбас сырын ачып берүүчү баатыр катарында сүрөттөлүшү. Жалпы эле башкы каармандын өмүр баянын түзгөн салттуу мотивдер Алмамбеттин да өмүр жолуна ылайыкташтырылып, эпикалык мотивдештирүүгө алынган. Манастын өмүр баянына таандык көрүнүштөр Алмамбетке да мүнөздүү. Сагымбай Алмамбеттин өмүрүн жана көрсөткөн эрдиктерин, жоокердик даанышмандыгын, магиялык касиетке ээ айлакер амалы жана баатырдык жортуулдарын жеткиликтүү сүрөттөй алган. Башка варианттардагыдай эле Сагымбайда да баатырдык үйлөнүү мотиви негизги орундарды ээлейт. Баатырдык үйлөнүүдө эпикалык каармандын колукту издөөсү анын баатырдык жортуулдарынын уландысы катары сүрөттөлөт. Ошондой эле башкы каармандын өмүр баянын да толуктайт.

Сагымбайдын айтуусунда Манастын Каныкейге үйлөнгөнгө чейин эле эки аялы болгон. Каныкей менен Манастын ортосундагы кармашта Манастын колуна канжар тиет. Жарадар болгон Манас Букарды чаап алуу үчүн колун жыйганда кечирим сурап Каныкей астына келгенде гана ал токтолот да, үйлөнүү шаан-шөкөтү башталат.

Салт катары башка эл, жерге барып баатырдык көрсөтүү менен колуктууга ээ болуу кереметтүү жомоктордо жана эпикалык чыгармаларда кеңири түрдө алгачкы формасында айтылат. Бул үлгү Сагымбайдын «Манасында» айтылганы менен байыркы формасы толук бойдон сакталбаса да, анын алгачкы көрүнүштөрүнүн ичинен айрым гана чачырандыларынан учурайт. Баатырдык үйлөнүү мотиви тематиканын алган багытына жараша өзүнүн талкууланышына ээ жана баатырдык жүрүштүн баяндамасын улантат. Сагымбайдын «Манасында» салттык эпизоддордон Көзкамандар жөнүндөгү окуя да эпикалык мазмундан орун алган. Башка түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында учуроочу туугандардын душмандык кылуу мотиви сыяктуу эле «Манас» эпосунда «Көзкамандардын окуясы» ушул салтты улантуунун негизинде өзүнчө эпизод катары эпостун сюжетине киргизилген. Башкы каарманга карата (Ороздунун он уулу жана Көзкамандын тукумдары) туугандардын каршы туруп, душмандык кылышы бийликке карата ичи тардыктан жана көрө албастыктан чыккан көрүнүш катары бааланат. Туугандардын эпикалык каарманга карата жасаган касташуу мотиви Сагымбайдын вариантындагы «Көзкамандар окуясында» кеңири иштелип чыккан эпизоддордон. Манастын баатырдык жүрүшүндө негизги душман Коңурбай менен беттешүүсү «Көкөтөйдүн ашына» чейин учурабайт. Манас тегерегиндеги кандарды каратып, өз жерин бошотууда калмак кандары менен гана кармашат. Ал эми Түркстанды бошотууга келгенде Алооке качып кутулат да, Коңурбайдын Манаска каршы аттануусун токтотот. Ошентип, бул чоң жыйынга («Көкөтөйдүн ашына») дейре башкы эки каармандын (Манас менен Коңурбайдын) баатырдык беттешүүсү болгон эмес.

«Манас» эпосунун сюжеттик курулушунда «Көкөтөйдүн ашы» баатырдык жүрүшкө негиз болгон башкы себепчи эпизоддордон болуп саналат. Анткени, Көкөтөйдүн сөөгүн коюуда жана ашты өткөрүүдө башында Манас болуп, Бокмурун бардык акыл-насаатты башкы каармандан алат. Көкөтөйдүн өлөр алдындагы Байжигитке табыштап, Бокмурунга карата айткан керээзи аштын өткөрүлүшүнө негиз болот. Дагы бир себеп Манас Ташкенди каратканда Көкөтөйдүн улгайып калгандыгын байкап, карыя дүйнөдөн кайтканда бир даңазалап ашын көтөрөйүн деген ойдо калат. Ушул мотивдердин натыйжасында келип ашты башкаруу Манаска ыйгарылат. «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда турмуштук окуялар менен бирдей эле даражада аш өткөрүлүүчү ырым-жырымдар да ирээти менен сүрөттөлүп отурат. Аш үстүндө чыккан чатактан эки колдун кармашы да кенен эпикалык баяндоого алынат. «Көкөтөйдүн ашындагы» эл турмушу реалдуу чындыктан ашып түшкөн эмес. Болуп өткөн эпикалык турмуш өз мезгилиндегидей баяндалып, эпикалык жалпылоого алынган. Эпизоддо кездешүүчү айрым гана окуялар (Жолойдун ач көздүгү жана соргоктугу, Кошой менен Жолойдун күрөшү жана башкалар) турмуш чындыгынан ашырылып, апыртылуу ыкмасында деталдаштырылып, эпостун кең масштабдуу мазмунуна ылайыкташтырылган.

Көкөтөйдүн ашында Манастын уруу башчы-кандарга көрсөткөн үстөмдүгү алардын арасында нааразылык туудурат. Буга социалдык жана турмуштук мотивдер негиз болот.

Сагымбайда түздөн-түз Чоң казатка кирүүдөн мурда мындай чоң майданга аттанууга даярдык катары «Жети кандын Манаска каршы кеңеши» деген чакан эпизод менен ачылат. Бул окуя чындыгында эле жортуулга чыгууга карата экспозициялык милдет аткарып, алдыда болуучу чоң чабуулга карата даярдык көрүү бөлүмү болуп эсептелет. Эпизоддун негизги фабуласы Манаска келген кандардын арасында пайда болгон көрө албастыктан убактылуу чыккан бөлүп-жарылууга арналган. Ушул эпизоддо жоого аттануу алдындагы өткөрүлүүчү шаан-шөкөттөр, камылгалар жөнүндө баяндалып, өз ырааты менен сүрөттөлүп отурат. Эпизоддун идеялык мазмунунда кандардын Манаска карата нааразылыгы социалдык мотив менен гана түшүндүрүлбөстөн, турмуштук этнографиялык мотивдер да кошулуп, жалпы эпикалык салт сакталуу менен сюжеттин курчушуна алып келет. Сюжеттин өөрчүтүлүшү жоого карата көрүлгөн камылгадан сырткары, ар кандай той-тамашаларды аралаштыруу менен көңүл алаксытат. Эпизоддо эскерилген эпикалык жыйындан кийин гана «Чоң казат» эпизодуна өтөт. Эпизод жалпы эпикалык дүйнөдө жолугуучу баатырдын жоого аттануу алдында өз үй-бүлөсү менен коштошуусун, жоо кийимдерин, курал-жарактарын алуу

салтын камтыган. Жалпы камылга бүткөндөн кийин атайын колду башкаруучу кол башчы дайындалып, аскерлер топтоштурулуп жолго чыгуу шарты уюштурулат. Кол Бээжинге карай кырк күн жол жүргөндө көргөн кыйынчылыктар жана географиялык аттар, жол багыты ирээти менен баяндалып, эпостун мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайыкташтырылган. Колдун жүрүшүнөн сырткары бул эпизод согуш темасына байланыштуу бир нече окуяларды камтыйт Алар: Алмамбет менен Сыргактын чалгынга чыгышы, чалгынга жөнөр алдындагы ат тандоо, Чубактын чыгарган жаңжалы, жаңжалдын токтолушу, үч баатырдын Бээжинди чалгындоосу, Алмамбеттин эл, жерин көргөндөгү арманы, Макел дөөнүн өлүмү, жылкы тийүү, Коңурбайдын жеңилиши жана башкалар Бул окуялар Манастын чоң жеңишке ээ болуп Бээжинге кан шайлангандыгы менен жыйынтыкталган.

Эпостогу кульминациялык жыйынтыктын чечилиши салттуу түрдө улантылган «Кичи казат» эпизодунда чыгарылат. Бул эпизод ар бир манасчыда өзүнчө талкууга алынып, өзүнчө аспектиде чечилет. Манастын курман болушуна байланыштуу мотивди Сагымбай өзүнүн вариантында башка манасчыларга караганда окуяны жаңы мотивдердин негизинде баяндап, өз алдынча сүрөттөөгө аракеттенген. Бээжинге бир жыл кандык кылып, Манас алтымыш жашка келгенде Таласка көчүп келет. Мына ушул жашка келгенче ал баласыз болот. 

Балалуу болбогондугуна нааразы болгон Манас Мекеге барарын билгизип элин чогултат. Эпосто Манастын Мекеге кетишин Сагымбай Коңурбайдын кыргыздарга кол салуусуна түрткү берген себеп катары сүрөттөйт. Коңурбай берген убадасын бузуп, кыргыздарга экинчи ирет кол салат. Манастын каза болушу башка варианттардан өзгөчөрөөк айтылгандыгына карабастан, жарадар болушунун шарты ошол варианттарга окшош. Анткени, чыгармада башкы баатырды бетме-бет келип сайып же чаап өлтүрбөстөн, тескерисинче, сүрүнө даап келе албаган душман жашырынып, артынан келип айбалта менен чаап жарадар кылат. Ушул жагынан алганда айрым варианттарда өз ара окшоштуктар бар. Бирок эпикалык жай ар башка мезгилде, шартта өтөт. Биринде согуш майданында өтсө (Сагымбай Орозбаков), экинчисинде (Саякбай Каралаев) кан сарайынын ичинде таңкы намазда олтурганында жүзөгө ашырылат. Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрүнө карабастан, Манастын курман болушу, кайсы гана варианттарда болбосун мыйзам ченемдүү катары бааланат. Анткени, бул мотив байыркы замандардан бери сакталып келе жаткан көрүнүштөрдөн.

Сагымбайдын «Манасынан» оозеки поэтиканын бай арсеналына мүнөздүү делинген эпикалык сүрөттөмөлөрдү, көркөм каражаттарды, элдик афоризмдерди, макал-лакаптарды, сөздүн образдуулук жана эмоциялуулук көркөмдүгүн арттыруучу поэтикалык көркөм үлгүлөрү кеңири кездешет.

К. Кырбашев

Тянь-Шань районундагы  Бас-Кыя айылында туулган. Кара-моңолдор уруусунан. Анын айткан “Семетейи” жазылып алынбаган. Ал жөнүндө: “Бекбото эт бышымча “Семетей” айтты”, “Аттар алыс айдалып, күлүктөр кайра келгенче Бекботого “Семетей” айттырып отурдук”, “Биринчи жолку чоң шайлоодо (1936) Бекботого түнү менен “Семетей” айттырып олтурдук” деген сөздөр эл арасында сакталып калган.

   

Жаныбай Кожек уулу

Манасчылыкты атадан-балага мурас катары алып келе жаткан манасчылардын бири. Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек болуп, жети атасынан бери “Манас” айтып келе жаткан Жаңыбай Жумгал өрөөнүндө туулуп, өмүрүнүн аягын Кетмен-Төбө өрөөнүндө өткөргөн.

Манасчы Азиз Өмүр уулу  Каракол уездинин Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк (“Кызыл Октябрь”) айылында 1870-жылы жарык дүйнөгө келген.

Азиз Өмүр уулу классикалык түрдөгү манасчылардын бири болуп эсептелинет.

Ноокат районунда жарык дүйнөгө келип, Кеңеш айылында оо дүйнө салган. Чоодандын шакирти болгон. Мурат Калбай уулунан 1947-жылы “Манастын балалык чагы”, “Накылайдын үйлөнүшү” Бакай жана Каныкейге байланыштуу окуялар жана Семетейге тиешелүү чакан эпизоддор жазылып алынган.

Семетейчи Дыйканбай Тойчубек уулу 1873-жылы Түп районуна караштуу Ойбулак айылында жарык дүйнөгө келип, ошол жерде 1923-жылы көз жумган. Бугунун белек уруусунун ичиндеги алдаяр уругунан.

Тыныбек манасчынын жакын тууганы жана андан үлгү алган шакирттеринин бири, өз кезинде Нарын өрөөнүнө белгилүү болгон манасчылардын бири Касымбай Бирназар уулу 1873-жылы төрөлгөн. Андан эпостун “Манас” бөлүгүнөн; “Манастын бала чагы”, “Жети хандын окуясы” ж.б. окуялары жазылып алынган.

Багыш Сазан уулу

“Манас” үчилтигин толук айткан белгилүү манасчылардын бири Багыш Сазан уулу 1878-жылы Жумгал районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

Багыштан 1938-1941-жылдарда Багышов Мукамбетсадык, Мусаев Иноят, Абдыраков Токтаалы тарабынан «Манас» үчилтигинен көлөмү болжол менен 101580 («Манастан» 41000 сап, «Семетейден 55000 сап, «Сейтектен» 5580 сап» ыр сап материал жазылып, азыр Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборундагы» Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Башка бардык манасчылардай эле Багыш да айтуучулук өнөргө кереметтүү түш көрүү себепчи болгон. Багыштын замандаштарынын айтымында, ал жакын тууганы Жакып уулу Байбагыш манасчыдан үйрөнүптүр. 

Багыш Сазановдон төмөнкү эпикалык окуялар жазылып алынган: 1. Жакыптын балалык чагы, үйлөнүшү, эгин эгип бай болушу, кан көтөрүлүшү; 2. Манастын төрөлүшү жана балалык чагы; 3. Алмамбеттин Манаска келиши; 4. Жети кандын Манаска каршы аттанышы, «Чоң казат» жана «Кичи казат».

Багыштын вариантындагы башка манасчылардан өзгөчөлөнүп турган эпизоддордун бири – Жакыптын балалык учуру, анын эгин айдап, бай болушу жана үйлөнүшү жөнүндөгү окуяны атоого болот. 

Манастын кулк-мүнөзү, кылган иш-аракеттери Багыштын вариантында «канкор» («кан ичкич») деген туруктуу эпитет негизги лейтмотивдик милдет аткаргандыгы талашсыз.

Багышта Манастын мусулман динин кабыл алышы кытайлар кармап кетебиз деген учурда Шаймерден, Кожосандарга качып барып, сабак алып мусулман болот.  

Багыштын «Семетейи» башка белгилүү семетейчилердин варианттарындай эле, Каныкейдин атасы Темирканга тентип качып барышы, эрезеге жеткен соң Семетей Сарытаз менен таанышып, андан ата-теги жөнүндө угуп билиши, анын Таласка келиши, Букардан Каныкейди көчүрүп келиши, Чынкожо менен Толтойдун чатагы, Айчүрөккө үйлөнүшү, Коңурбайдан атасынын кунун куушу, Чачыкейдин чыккынчылыгы менен Канчоронун өлүшү сыяктуу салттык окуялардан турат. Семетейдин Үмөтөй менен болгон урушу башка көп варианттарда үстүртөн кыскача айтылса, Багышта өзүнчө окуя катары баяндалат.

Алай өрөөнүндөгү Шалба айылында туулган. Жаш кезинен ырга, жомок айтууга ышкылуу болгон. 19-21 жаш курагында “Манас” айтууга абдан кызыгып, айта баштаган. Чомо айткан “Манастын” сегиз урпагы кагаз бетине жазылып калбаган. Ал 1924-жылы Алай өрөөнундөгү Моло-Бел жайлоосунун Кең-Кайкы конушунда, 45 жаш курагында басмачылардын колунан каза тапкан.

1880-жылы Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында жарык дүйнөгө келген. Мундуздун аркалык уруусунан. “Манас” эпосун атасынан үйрөнгөн. Абдыкеримдин айтуусунда “Манастын кыз Сайкалды алышы” эпизоду жазып алынган. Бул окуя Кыргыз ССР Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда сакталуу.

Ашымбай уулу Мамбетаалы

1897-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Ашымбай колунан көөрү төгүлгөн уста, энеси сөзмөр болгон. Бардык манасчылардай эле, аян-түштүн себебинен манасчылык кесипти аркалап калган. Чоюке, Назар уулу Жүгөрү, Шапак, Кайдуу өңдүү манасчылардан таалим алган.

Мамбетаалы манасчыдан “Манасты” жаздырып алуу иши алтымышынчы жылдары башталган. Андан эпостун “Манас” бөлүмүнөн: “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Алмамбеттин аңгемеси”, “Коңурбайдын чабуулу”, “Манастын өлүмү” деген эпизоддору, ал эми “Семетей” эпосу ырааты менен, дээрлик толук түрдө жазылып алынган.

1880-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Шаты деген жерде туулган. Бугунун белек уруусунун такабай уругунан. Эл ичинде “Кара ырчы” деген ат менен таанымал. Жакшылыктын өмүр-таржымалы тууралуу жазылып алынган материалдар жокко эсе.

Дейди кызы Сейде

1881-жылы Наманган уездине караштуу Багыш болуштугундагы Жампа-Салды айылында туулган. Атасы саруу уруусунан чыккан, Аксы менен Арпага аты угулган чечен, өнөрпоз адам болгон.

Сейдеден 3 басма табак көлөмүндө жазылган “Манастын Ферганага калаа курдурганы” деген үзүндү Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Молдобасан Мусулманкул уулу

Кыргыз АССРнин Эл артисти (1935), СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, обончу, акын, комузчу, кыякчы жана манасчы Молдобасан Мусулманку уулу 1883-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулуп, 1961-жылдын 16-июнунда Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.

Ырчылык үнүнүн (обонунун) эң мукам болушу анын эл алдында баркын ого бетер көтөргөн. Атасынын, агасынын акындык, манасчылык талантка эгедер болушу Молдобасандын акындык шыгынын эртелеп ойгонушуна жагымдуу шарт түзүп, алар анын алгачкы устаттарынан болушкан. Ал 17 жашынан тартып ырчылыкты өзүнө кесип кылып алып, 25 жашынан баштап «Манас», «Семетей» айта баштаган. Манасчылык өнөрдү Калыгул, Тоголок Молдо, Сагымбайдан таалим алып өздөштүргөн. Андан «Манас» 1935-, 1944-45-жылдары кагазга жана 1936-жылы «Чоң казаттан» үзүндү грампластинкага жазылып алынган. Ошондой эле кыргыз оозеки чыгармачылыгынын чыгаан өкүлү катары андан 1922-жылы кенже эпостор «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Жаңыл-Мырза», «Кедейкан» баш болгон секетбай, күйгөн, тамсил, ар түрдүү күү ырлары (комуздун айтым ырлары), жөө жомоктор жазылган. Булардын ичинен «Курманбек» 1928-жылы кыргыз элинин кенже эпосторунун тарыхында биринчи жолу өзүнчө китеп болуп чыккан. 

Мусулманкулов 1933-1952-жылдары Кыргызстан мамлекеттик филармониясында элдик ыр, күүлөрдү жана «Манас» эпосун аткаруучу солист болуп иштеген. 1935-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наамга эң алгачкылардан болуп ээ болгон. 1961-жылы Бишкек шаарында (а кездеги аталышы Фрунзе) дүйнөдөн кайткан.

Молдобасан Мусулманкуловдун варианты көлөм жагынан Кол жазмалар фондусунда «Манастын» сакталып турган алтымыштай вариантынын эң ирдүүлөрүнүн бири.     

Молдобасан Мусулманкулов көркөмдүгү жагынан да, көлөмү жагынан да дүйнөдө бир да эпосту алдына салбаган «Манас» сыяктуу эпос-энциклопедияны өз алдынча терең иштелген вариант кылып айтуу менен кыргыз адабиятында өзгөчө орундардын бирин ээлейт.

Ошентип, Молдобасан Мусулманкулов кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын жана көркөм маданиятынын бардык тармактарын өзүнө камтып аткарышы менен анын өзүнчө бир жаткан энциклопедиясы сыяктуу таасир калтырат.

Ар тараптуу өнөрпоз, кубулжуган мукам добуштун ээси Молдобасан Мусулмакулов “Манас” үчилтигин толук айткан.

Нарын өрөөнүнөн чыккан семетейчилердин бири. Ал 1884-жылы күзүндө Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулган. 1970-жылы ошол эле Нарын районунун Тогуз-Булак деген жеринде дүйнөдөн кайткан. Сарыбагыш уруусунан.

Ыса Жумабек уулу тарабынан 30000 ыр сабынан ашыгыраак “Семетейдин” окуялары жыйналган.

Көрүнүктүү манасчы жана төкмө акын Төрө Мамыт уулу 1884-жылы Ноокат районундагы Кыргыз-Ата кыштагында туулган.

К.Мифтаков Төрө Мамыт уулунан “Семетей” эпосунун негизги окуяларынан “Семетейдин балалык чагы”, “Каныкейдин Таластан качышы”, “Каныкей Букарда”, “Семетейдин Таласка кайтып келиши” өңдүү үзүндүлөрдүү жазып алган.

1886-жылы Теңир-Тоонун Эчки-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Негизинен “Семетейди” айткандыктан, семетейчи катары белгилүү. Андан “Манас” эпосунан “Манастын балалык чагы” жана “Чоң казат” эпизоддору гана жазылып алынган. Дуңкана Кочуке уулу 1981-жылы өз айылында дүйнөдөн кайткан.

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган. Кыпчак уруусунан.

“Манастын төрөлүшү, балалык чагы, Алтайдан көчүшү”, “Жети кандын кеңеши”, “Айчүрөктүн түшү” сыяктуу эпизоддорду айткан.

Актан Тыныбеков 1887-жылы азыркы Нарын областынын Тянь-Шань районундагы Миң-Булак айыл советине караштуу Терек-Булак деген жерде атактуу Тыныбек манасчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1923-жылдан 1933-жылга чейин советтик чарбалык кызматтарда райондук, колхоздук масштабдарда иштейт. 1935-жылдын 1-мартынан Кыргыз театрында артист болуп, 1936-1946-жылдар аралыгындагы өмүрүн, бардык күчүн Кыргыз филармониясында иштөө менен өткөргөн. «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти» деген наам менен ардактуу эс алууга чыгып, 1951-жылы 5-ноябрда көз жумган. Актан Тыныбековдун көзү тирүүсүндө анын айтуусундагы «Эр Табылды», «Курманбек», «Саринжи, Бөкөй» ж.б. катарында алтымыш жылдан артык убактан бери кайра-кайра басылып келатат. Китеп бетинде жарык көргөн дагы бир поэмасы «Бакты, Болот» деп аталат. Окурмандарга жетпей келаткан дагы бир чыгармасы «Үркүн» поэмасы болуп саналат. 

Актан атасы Тыныбекчилеп «Манас» айтуу жагынан аттын кашкасындай айырмаланып чыга албаганы менен акындык күчү, чукугандай сөз тапкан чечендиги, комузчулук өнөрү, сөз багып, элдик айтымдарды, уламыштарды, этнографиялык маалыматтарды, жомокторду кагазга түшүрүп кеткендиги жагынан кесиптеш артисттердин көбүнөн жогору турган. Ал калтырып кеткен мурастар ата-бабаларыбыздын салт-санаасын, үрп-адатын, тарыхын, тилин үйрөнүүдө зор казына үлгү болуп берээринде талаш жок. Кыргыздын кыйын чыкма чечендеринин бири Көкөтөйдүн сөздөрүн сырын күбүлтпөй, мазмунун төкпөй-чачпай, боёкторун өчүрбөй кагазга түшүрүп кеткенинин өзү эле чеченди кайра тирилткенге тете эмеспи. Демек, бул кыргыз адабиятына кошкон салымы да бар дегенди түшүндүрөт.

Актан Тыныбек уулунун айтуусундагы «Эр Табылды» эпосу окурмандардын сүймөнчүлүгүнө арзып келатат. эмки кезек Академиянын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган анын айтуусундагы «Манастын» текстин кана көптөгөн поэтикалык чыгармаларын басып чыгарууда турат. Мындай зарыл иш-чара турмушка ашса, көп кырдуу таланттын эгеси болгон Актан Тыныбек уулунун адабий портрети да бир топ көркөмдүү жана таасирлүү боло түшөт эле.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Булак айылында манасчынын үй-бүлөсүндө 1888-жылы туулган. Атасы Тойчубек, агасы Дыйканбай “Манас” эпосун мыкты айткан залкар манасчылардан болушкан.

Анын айтуусунда 1945-1962-жылдары “Манас” үчилтигинин “Манас”, “Сейтек” бөлүктөрүнүн өзөктүү окуялары жана “Семетей” бөлүгү толук, Кыргыз Илимдер академиясы тарабынан 63 556 сап ыр жазылып алынган.

1888-жылы Ысык-Көлдүн Чырак деген айылында туулган. Белгилүү кыргыз фольклор жыйноочусу, санжырачы жана педагог, ошондой эле манасчы. Маалыматтарга караганда, ал жазып калтырган “Манас” бөлүгү – 26456, “Семетей” 23584, ал эми “Сейтеги” 7839, баары биригип 57878 сап ырдан турат.

Белгилүү фольклор жыйноочу, манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу 1967-жылы Ат-Башыда эс алып жүргөндө дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Казыбек айылына коюлган.

Алай районундагы Сабай айылында туулган. Айдардын шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө Айдар Чомо сыяктуу эле Манас эпосун 8 муун кылып айткан, бирок анын айтканы жазылып алынган эмес. 1936-жылы Сабай айылында көз жумган.

1889-жылы Ноокат районуна караштуу Жар-Коргон айылында туулган. “Семетей” эпосун Борболдой Жетикул уулунан 30 жашында үйрөнгөн. Каюм Мифтаков Калбектин айткан “Семетейинин” көп жерин 1925-жылы араб ариби менен кыргыз тилинде Москвадан жарык көргөн.

1890-жылы Ысык-Көлдүн Коңур-Өлөң айылында төрөлгөн. Саяктын каракучкачынан. 1951-жылы оо дүйнө салган.

Назар манасчынын окуучуларынын бири Сокур Калча манасчы. Уруусу колпоч. 1810-жылы Манастын күмбөзүнө жакын колпочтордун айылында туулган. Сокур Калчанын айтып жүргөн Манасы деп Семетейден үзүндү  “Таласты мактоо” деген бөлүмү жазып алынган. Иса “Семетей” эпосуна караганда “Манас” эпосун эң күчтүү эргүү менен айткан экен.

Акун Таш уулу 1890-жылы Ноокат районуна караштуу Белек-Сарт кыштагында туулган. Адыгине (Бөрү) уруусунун Кожек тукумунан. Ал “Манас” айтуучулукту атасы Таш Сайба уулу үйрөнгөн. Андан “Манастын балалык чагы жана үйлөнүшү” деген эпизод жазылып алынган.

Акмат Рысменде уулу 

Өзүн семетейчи катары эсептеген өз учурунун көрүнүктүү семетейчилеринин бири Акмат Рысменде уулу 1891-жылы Чүйдүн Шамшы айылында туулган. Акмат 1896-1899-жылдары Таштенбаев деген адамдын колунда тарбияланат.

Андан “Манас” эпосунун “Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы” 5500 ыр сабынан турса, “Чоң казат” эпизоду 3663 ыр сабынан турат, ал эми “Семетейдин балалык чагы”, “Чынкожо менен Толтойдун Акунканды камап жаткан жери”, “Семетей менен Чынкожонун жоолашканы”, “Чынкожо менен Толтойдун Семетейден жеңилгени” ж.б. окуялар жазылып алынган.

Түштүктүк манасчылардын көрүнүктүүлөрүнүн бири Чал Сыдык уулу 1892-жылы Ноокат районунда туулган.

Чал Сыдык уулунун айтуусунда: “Манастын” туулушу жана балалык чагы, анын үйлөнүшү” жана “Манастын Көкчө менен урушу” деген эпизоддор жазылып алынган. Бул эпизоддор 19-кылымдын экинчи жарымында жазып алган академик В.В.Радловдун жана түндүктүн манасчылардын ичинен Багыш Сазановдун вариантына жакын.

САЯКБАЙ Карала уулу (1894, Тоң району, Ак-Өлөң айылы—1971, Фрунзе) — 20-кылымдагы улуу манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Болочок манасчынын аталары кедей-кембагал, момун адамдар болгон. Оокаттары өтпөгөндөн кийин Ак-Өлөңдөн Жети-Өгүз тарапка көчүп барышат. Анын балалык чагы ушул жерде өтөт. Ата-энесинин мойнуна минген кедейчилик бул жерде деле түшө койбойт. Атасы Жыкы деген сүткөр соодагердин атынын күчүн минип жүрүп өлтүрүп алат да төрт асый төлөмөр болот. Анын үчөөн айылдаш туугандарынын жардамы менен төлөйт да, бир асыйдын кунун төлөш үчүн иниси Төлөбай менен 12 жашар баласы Саякбайды ал сүткорго жалчылыкка берет. Алар үч жыл бою иштешсе да аттын кунунан кутула алышпайт. Айлалары кеткен Караланын үй-бүлөсү 1912-жылдары кайра өз жерине Семиз-Белге көчүп келишет. Замандаш айылдаштарынын эскерүүлөрүндө Саякбайдын «Манас» айтууга аракет кыла баштоосу ушул жылдарга туура келет. Бүлөсү Семиз-Белге көчүп кеткенден кийин жалчылыкта кой кайтарып жүрүп «Манас» айтууну дегдеп талаптанып, Чоң-Сары-Ойго эжелерине качып барат. Андан Семиз-Белге келип эл астында айтууга далалаттанып, бирок эркин кете албай туталанып, психологиялык түйшөлүү абалында жүрөт. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү болгон. Ал киши элдик оозеки чыгармачылыктын, анын ичинде «Манастын» бал-шекер даамын кичинекей небересине таткандырып алтын шилекейин чачыратып олтурчу экен.

Т. Садыков. Саякбай Карала уулу. «Манас» архитектуралык-скульптуралык композициясынан, 1981.

Беренжини жамынып

Береги Бээжин минер мал экен.

Карыпчыны салынып

Каңгай минер мал экен,

Дегениме көн бурут,

Мааникерди бербесең

Тарткан этиң жебеймин,

Андай-мындай дебеймин,

Ашыңа апаат кыламын,

Айдап жүрүп кырамын, — деп Суранчы сыяктуу чоң манасчылардан уккан «Манасынын» эсте калган ыр саптарын небересинин кулагына куя берет. Саякбай «Манастын» кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.

Эл көзүнө манасчы катары толук таанылганга чейин:

Маралдай көзүң жылтылдап,

Пахтадай этиң былкылдап,

Барааныңды көргөндө

Барамын жүрөк зырпылдап — деген сыяктуу элдик күйгөн ырлардын үлгүлөрүндөгү лирикаларды чыгарып эл арасына таратууга аракеттенген.

Бизге белгилүү манасчылардын эч кими мен «Манасты» баланчадан үйрөнүп алып айтып жүрөм дебейт. В. В. Радловго жолуккан манасчы: «Мен бир ырымды бирөөлөрдөн үйрөнүп айтпайм. Анын баары менин ичимден өзүнөн-өзү куюлуп чыгып турат» дегендей жоопту дээрлик баарынан угууга болот. Чындыгында алардын минтип айтышка толук укугу бар. «Манасты» айтууда алар жеке эле үйрөнүп айтпастан, ошону менен бирге өзүнүн талантына да милдеттүү. Ошол ички зор таланты көркөмдүк жагынан, көлөмү жагынан да, дүйнөдө теңдеши жок алп эпос «Манастын» эл ичинде мурунтан калыптанган зор казынасын өзүнчө толук өздөштүрүп айтууга мүмкүнчүлүк ачат. Ички таланттын элдик казына менен акырындап жуурулушуп олтуруп өзүнүн апогейине жетип атылып чыгышы, өзүндө мурун болбогондой мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы таланттын ээсинин өзүнө да кереметтей туюлуп ичинен кандайдыр бир күч түрткү берип жаткандай өзүн эркин сездирет. Бул ишеним көбүнчө түш көрүү, галлюцинациялык абалда болуу менен Манастын өзүнүн колдоосу, даарышы менен байланыштырылат. Жеке биздин манасчылар эмес Гомердин заманынан бери карай төгөрөктүн төрт бурчундагы элдик таланттар акындык, музыканттык шыктарынын ойгонушун даарып кетүү менен түшүндүрүп жүрүшү адаттагы көрүнүш.

Саякбай Карала уулу да өзүнүн манасчылык талантынын ачылышын түш көрүү менен байланыштырган. 1916-жылдары жашаган жери Семиз-Белден Орто-Токойго келе жатып баштагы чоң кара таштын ордуна ак боз үй тигилип турганын көрүп таң калып, асмандан угулган кандайдыр укмуштуу добуштан эси ооп жатып калат. Ошондо үйгө кирип Каныкейдин колунан даам татат. Үйдөн чыкканда:

Кылымдын баары козголуп,

Кырк — элүү түмөн кол болуп,

Түнөрүп жаткан Бээжинге

Түз кирип найза сунганы — кетип бараттык эле, казат болуп, кол кетип баратканда анын алдынан кезиккениң абдан жакшы болду. Караңгыда көз тапкан, капияда сөз тапкан Бакай деген менмин, Манас баатыр сага бере өт деген күлазыгын берейин. Оозуңду ач дейт. Анан Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактарды бир бирден сыпаттап айтып тааныштырып чыгат. Ошол окуядан көп өтпөстөн 1916-ж. элдик көтөрүлүш чыгып, анын трагедиялуу аякташынын каардуу капшабы Саякбай Карала уулунун бүлөсүнө да тиет. Үрккөн эл менен кошо алар да Кашкар тарапка качып жөнөшөт, бирок унаалары начар болгондуктан узак бара алышпай Сары-Жаздын Көөлүсүндө калышат. Саякбай ошол кезде Бычков деген актардын генералынын колуна түшүп аз жерден гана өлүмдөн кутулат. 1918-ж. кулакта малай болуп жүргөн жеринен Шихабутдинов деген большевик жетекчилик кылган Кызыл Армиянын бөлүгүнө кошулуп Совет бийлигинин душмандарына каршы аттанып чыгат. 1921-жылга чейин ыктыярдуу кызыл гвардиячылардын катарында актардын атамандары Аненков, Дутовго, Бухаранын эмирине жана башкалар каршы күрөшүп Алматы, Бухара, Ашхабад, Жаркент жана башкалар көп жерлерде болуп душмандарды сүрүп чыгарышат. Саякбай Кызыл Армиянын катарында жүргөнүндө «Манаска» кызыгуусун уланткан.

1921—31-ж. элине кайтып келип Совет бийлигинин чыңалышына активдүү катышып, Маман, Ырдык айылдык Советтерине төрөгалык милдет аткарат. Ушул жылдардан баштап анын манасчылык өнөрү өнүгүүгө бет алат. Эл алдында тынымсыз чыгып «Манас» айтат. Айрыкча, өз мезгилинде Көл айланасындагы манасчылардын эң таланттуусу эсептелген Чоюке Өмүр уулу менен 1924-ж. таанышышы анын чыгармачылыгына зор таасир тийгизет. Чоюкени ээрчип жүрүп айткан «Манасын» үйрөнүү аны нагыз манасчылык деңгээлге көтөрөт.

Саякбай бул жылдары экинчи бир манасчы Акылбекке да жолугуп андан да таалим-тарбия алат. 1930-ж. Фрунзе шаарына манасчы катары чакырылып, коомчулук тарабынан таланты жогору бааланат. Анын Фрунзе шаарына келип коомчулук менен таанышышына жазуучу Жекшен Ашуубаев, белгилүү илимпоз Хусейин Карасаевдер көмөкчү болот. Ал «Манасты» эл алдында толук түрүндө 1925жылдан тартып айта баштаган, 1935 — 54-ж. филармонияда артист болуп иштеп, негизги репертуарын «Манас» айтуу түзгөн. 1932-жылдан баштап белгилүү манасчы катары «Манастын» тексти жазылып, 1937-ж. үчилтиктин биринчи бөлүмү жазылып бүтөт.

Тексттин көпчүлүк бөлүгүн кыргыз фольклорун, айрыкча «Манасты» көп жылдар бою элден жыйноого катышып, зор эмгек сиңирген Ыбырайым Абдыракман уулу кагаз бетине түшүргөн. Андан башка да жазуу ишине К. Жумабаев, Ж. Рисов, К. Кыдырбаевалар катышкан. Саякбайдан жазылып алынган «Манас» бөлүгүнүн тексти 83830 ыр сапты түзөт. Мындан башка да «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү, алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуялары да толук жазылып алынган. Саякбайдан жазылып алынган «Манастын» текстинин бардыгы 500553 сап ырдан турат да, колдо бар варианттардын эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Б. а. «Манас» дүйнөдөгү белгилүү эпостордон эң көлөмдүүсү болсо, Саякбайдын варианты ошол «Манастын» эң көлөмдүүсү болуп саналат. Саякбайдын айтуусунда «Манас» эпосу 60-жылдардын ичинде бир нече жолу магнитофон плёнкасына жазылып алынган. «Манас» аткарып жаткан учурлары бир нече сапар киного тартылган. Бул уникалдуу материалдардын «Манасты» изилдөөчү кийинки муундар үчүн мааниси зор. Бул жөнүндө Б. М. Юнусалиев мындай деп белгилеген эле: «Сакемден башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес. Ошондуктан, ал вариант — уникалдык, жападан жалгыз вариант. Муну Саякбай карыянын өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек» (Юнусалиев Б. М. Улуу эпос, * укмуштуу жомокчу. «Ала-Тоо», 1967, № 1, 153-б.). Саякбай Карала уулунан жазылып алынган «Манастын» жеке кыргыз адабиятында эмес, жалпы эле адамзат маданияты үчүн зор мааниси бар экенин кыргыз окумуштууларынан башка, калыс пикирдеги изилдөөчүлөр да белгилешкен.

«Бир калктын нечен кылымдар бою башынан кечирген турмушун, эрдик салтын, арманы менен муңун, патриоттук улуу идеясын, ынаным-ишенимин, этикалык түшүнүгүн толук камтыган жарым миллион жол элдик ырдын чыныгы мурасчысы болгон, совет дооруна, биздерге жеткирген жомокчу — Саякбай Каралаевге таң калбаска да, ага чын жүрөктөн алкыш айтып, аны чын көңүлдөн термеле сүйлөбөскө да мүмкүн эмес, «Колдо бар алтындын баркы жок» деген эл сөзүнүн мааниси зор. Саякбай дүйнө жүзүндө бир гана адам. Эч жер, эч элде жарым миллион жолдон турган 30 томдук асыл казнаны жатка айта турган экинчи Саякбай жок. Ал — феномен. Ал эзелки Гомерден берки эл ырчысынын тирүү айгагы, эң улуу өкүлү. Саякбай кыргыз элинин таланттуулугунун айкын далили», — дейт Казак ССРинин Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Кажым Жумалиев (Жумалиев К. «Манас» менен манасчы. — «Советтик Кыргызстан», 26-июль, 1964). Саякбай Карала уулу менен, анын «Манасы» менен таанышкан белгилүү адамдар манасчынын укмуштуу талантына суктанып, буга окшогон бааларын ар дайым бере келишкен. Алардын ичинде чет элдик ири маданий ишмерлер да болушкан. Алар Саякбай Карала уулунун талантын жеке анын өзүнө таандык кылбастан, кыргыз элинин

улуттук сыймыгы, жалпы элдик ири көрүнүш катары карашкан. Алжирдин маданият министри, жазуучу Мурад Бурбунун: «Силер жазуу адабиятыбыз болгон эмес, китептерибиз болгон эмес дейсиңер, мынакей силердин улуттук китепканаңар ушул абышка» деген пикири буга типтүү мисалдардын бири боло алат. Ч. Айтматовдун «Каралаев жөнүндө ой жүгүртүү» («Советтик Кыргызстан», 11-май, 1971) деген макаласында. Муну меймандын сыпайкерчилик үчүн, көтөрө чалган пикири катары кароого болбойт. Ушундай ойлор олуттуу илимий изилдөөлөрдө да мурдатан айтылып келген. Мисалы, академик Б. М. Юнусалиев жалпы эле «Манас» эпосуна карата: «Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген» (Юнусалиев Б. М. Кириш сөз. Курама вариант, 1. 1), — деп жазган. Бул пикир «Манас» эпосунун эң көрүнүктүү аткаруучуларынын бири Саякбайдын вариантына да тиешелүү. Бир караганда Саякбай кыргыз элинин улуттук китепканасынын гана эмес, улуттук театрынын да милдетин аткарганга окшошуп кетчү. Угуучуну бирде кубантып, бирде ыйлатып, өзүнүн артынан термелтип отурган анын «Манасчынын» күчүнүн бир чети аткаруучулук чеберчилигинде болгон. Саякбай Каралаевдин «Манас» айтканын уккандар: «Маңдайыбызда анын өзү эмес эле, ал айтып жаткан жомоктогу каармандар тургансыйт», — дешчү. «Симфониялык оркестр сыяктанып, миң кубулуп, миң өзгөрүлүп, трагедиядан лирикага өтүп, лирикадан санатка өтүп, санаттан драмага өтүп, бир заматтын ортосунда бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде үшкүрүп, бирде кайраттанып, бирде кылкылдаган сан колдой дүбүрттөп, бирде тыптынч көлдөй тынып, бирде суу, бирде шамал болуп дайрадай ташып турган — Саякбай Каралаевди Ч. Айтматов акын гана эмес ал ошону менен артист да, композитор да. Анын ар түркүн пластикасы, кыймыл динамикасы, анын ар бир образга жараша тапкан обондору кара сөзгө канат берип, таасирин алда канча күчөтөт» (Айтматов Ч. Каралаев жөнүндө ой жүгүртүү. — «Советтик Кыргызстан», 11-май, 1971) деген. Саякбайдын аткаруучулук зор таланты, ал айткан «Манасты» кыргыз тилин билбеген кишиге да түшүнүктүү кылган. Академик Козин карелфинн элдеринин атактуу эпосу «Калеваланын» басмадан чыккандыгынын жүз жылдык юбилейинде Саякбайдын «Манас» айтканын угуп: «Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын укканмын. Бирок, Каралаев сыяктуу укмуштай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп, катуу таасирлендик», — деп айткан. 1960ж. Чыгыш таануучулардын жана 1963-ж. этнографтар менен антропологдордун Москвада откөрүлгөн эл аралык конгресстерине катышкан окумуштуулар да ушундай эле катуу таасирленишкен.

Ошол жыйындарга катышкан советтик адабиятчы Е. Лиэунова М. Ауэзовго байланыштуу эскерүүсүндө минтип жазган: «Күрпүлдөп, ашып-ташып, тоо суусундай алга умтулган, миллион сап «Манас» эпосун жат билген, белине көрчөгөлөнгөн ак күмүш, жазы кемер кур курчанган, башына ак чокулуу Ала-Тоосу түспөлдөш кара кыюу ак калпак кийген, кыргыздын чыныгы улуу манасчысы Саякбай Каралаев эпостун каармандарынын бири Семетей жөнүндөгү үзүндүнү кызуу аткарып жатты. Ал күчтүү, шаңкылдаган үн менен ырдап, бүркүттүн шаңшыганын да, тулпардын жүгүргөнүн да жаңсап туурай кетет, акын жана жоокердин артисттик колу тынымсыз кыймылда болуп, баатырлардын ач кыйкырыгы, кылычтардын шаңгыраганы, тулпарлардын дүбүртү аралаш угулган, душманга каршы чабуулдун, жан аяшпас беттешүүлөрдүн поэтикалык жандуу картинасын өзүн дал болуп тиктеген угуучулардын көз алдынан тартып өткөнсүйт.

Ырчы токтолгондо шаттыкка баткан элдин кыйкырык сүрөөнүнөн залдын ичи жаңырып чыкты. Өзү да жоо-жарагын шайланган байыркы баатырларга окшош Саякбай Каралаевди япондор, арабдар, шведдер, америкалыктар, немецтер, француздар, түрктөр, индиялыктар кубанычтуу куттуктап жатышты. Карт досунун ийгилигине Мухтар Оморханович маңдайы жарыла кубанды» (Лизунова Е. В. Человек легенда. — Мухтар Ауэзов в воспоминаниях современников. Алма-Ата, 1972, 283-б.).

Демек, жалаң кыймыл-аракети, обондун ыргагы аркылуу да каармандардын типтүү элесин көз алдыга келтирип, баяндалып жаткан окуяны кыргыз тилин билбеген адамга түшүнүктүү кылып таасирлентүү үчүн Саякбай бүтүндөй бир чоң театрдын жүгүн көтөргөндүгүндө шек жок.

Саякбайдын варианты кагаз бетине түшүрүлгөн «Манас» эпосунун бардык варианттарынын ичинен, ага таандык салттык окуяларды мүлдө камтышы менен айырмаланат. Ырас, Шапак, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Тоголок Молдо сыяктуу ага замандаш бир катар манасчылардан да трилогиянын үч бөлүмү тең жазылып алынган. Бирок, алардын варианттарында эпостун бардык окуялары бир кылка эмес, бир эпизод кенен деталдаштырылып сүрөттөлсө, экинчи бир эпизод кыска айтылып, схема түрүндө берилип же айрым учурда таптакыр эскерилбейт. Саякбайдын варианты «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмдөрүнүн салттык окуяларын толук камтуу менен бирге анын бардык эпизоддорун жетер чегине жеткире кенен деталдаштырып сүрөттөлгөнү менен орошон айырмаланат. Ал турсун мурун эл ичинде белгилүү же анча белгисиз аңыз-уламыш түрүндө сакталып келген бир катар окуяларды өзүнчө көлөмдүү эпизод кылып, ырга айландырып, өнүктүрүп айткан. Айрыкча, мындай көрүнүш үчилтиктин экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө мол кезигет. Мисалы, Кыястан жараланган

Семетейдин кайып болуп кетиши жана кайра элге кошулушу («Семетей»), Желмогуз уулу Сарыбай менен согуш, Семетей, Бакай, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоронун кайып болушу, Сейтектин перинин кызы Берметке үйлөнүшү, Сейтектин Коңурбайдын тукумдары менен болгон согушу ж. 6. («Сейтек»). Жаңыдан киргизилген жогоркудай орчундуу окуялардан тышкары Саякбайдын вариантынын ар бир эпизодунда башка варианттарда жолукпаган толгон мотивдер, көптөгөн кейипкерлер, алардын иш-аракетин, кулк-мүнөзүн, кимдигин сүрөттөгөн баяндардын орун алышы менен да сюжети окуяга бай. Саякбай элдик идеалды алып жүргөн башкы оң каармандар гана эмес, алардын негизги душмандары — терс каармандарга, ал түгүл экинчи пландагы кейипкерлердин да ар биринин сырткы портретине, сын-сыпатына, кулк-мүнөзүнө кеңири токтолуу менен ар биринин өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрүн ачат. Ал каармандарды толук сүрөттөө максатында минген атына, кийген кийимине, урунган курал-жарагына, көпчүлүк учурда ата-теги, эли-жерине кеңири токтолот. Каармандын курал-жарагынын сырткы көрүнүшү, укмуштуу сапатына гана эмес, аны ким кантип жасаганы, каарман ага кандайча ээ болгондугу толук баяндалат. Каармандын портреттик мүнөздөмөлөрү көпчүлүк учурда ондогон ыр саптар менен кеңири сүрөттөлсө, керек учурда анын мүнөзүндөгү негизги белгини салса күл болбос, жоого түшсө күң болбос кайран энең Каныкей», — деген сыяктуу өтө таамай, так белгиленген афоризм түрүндөгү өтө кыска ыр саптары менен да берет. Каармандардын жалпы портреттик мүнөздөмөсүнөн башка да, анын ар кыл психологиялык абалындагы көрүнүшү (каардангандагы, кайгыргандагы, кубангандагы, корккондогу) ар дайым элестүү, терең сүрөттөлөт. Мисалы, «Асты жагын караса, алты миң эрдин сүрү бар, артын сала бергенде ажыдаардын түрү бар» айкөл Манастын «бетине чыккан каары беш байпактык түк болуп», «өрттөй көзү бек жайнап, кан ичкиси бек кармап», «кара чаар кабылан капталында чамынып, чолок көк жал арстан жара тартчу немедей бөйрөгүндө камынып», «жоону качыра бергенде беттешип пенде келбеген» каарданышы анын чыныгы баатырдык сынын толук ачуу менен, демейдеги төмөнкүдөй көрүнүшүнөн кескин айырмаланат:

Асман менен көгүңдүн

Тирөөсүнөн бүткөндөй,

Асманда ай менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй,

Көктө мунар булуттун

Салкынынан бүткөндөй,

Аңырайган өзөндүн

Алкымынан бүткөндөй,

Он эки дайра бириксе

Шар жеринен бүткөндөй,

Адам барбас туу белдин

Чоң жеринен бүткөндөй.

Албетте Саякбай Каралаевдин вариантында каармандардын мүнөзүн ачуу, көркөм өбразын жаратуу жогоруда саналып өткөндөр менен чектелбейт. «Делебени козгогон көркөм ырлар аркылуу сүрөттөлгөн жердин, суунун, тоонун, жаныбарлардын кызык сүрөттөрүн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбадан такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган арман, керээз, кошокторду учуратууга болот. Ушулардын баары эпостогу каармандарды мүнөздөөгө, алардын образдарын дааналап ачууга чебердик менен пайдаланылган» (Юнусалиев Б. М. Кириш сөз. Курама вариант, 1. 4). Саякбай Каралаевдин вариантындагы каарман башка варианттардагы ошол эле каармандарга окшош, бирдей айтылуу менен бирге мүнөздөрүнүн айрым жактары жагынан жалгыз ушул вариантта берилген өзгөчөлүктөргө да ээ. Мисалы, Каныкей көпчүлүк варианттарда акылман, сарамжалдуу, уз сыяктуу сапаттарга ээ болсо, Саякбай Каралаевдин вариантында башына туулга кийип, колуна найза алып душманын беттеген баатыр дагы. Кыз кезинде жеке беттешүүдө Чубактын айласын кетирсе, Манаска келгенде да, нечен сапар эр кийимин кийинип, баатырдык иштерге аралашат, Манасты өлүмдөн сактап калат. Мындай эрдик сапатка Алмамбеттин энеси Алтынай, Манастын карындашы Карлыгач, «Сейтек» бөлүмүндө Айчүрөк да ээ. Жалпысынан алганда бул вариантта аялдар баатырдыгы жагынан эркектерден кем калышпайт, кээде алардан артыктык да кылат. Мисалы, Манасты жеңип коё таштаган Сайкал, эч кимдин алы жетпеген Сарыбайды жеңген Куялы, кытай чегин кайтарган Канышай, Манастын карындашы Карлыгач — ушул типтеги аял баатырлар. Саякбай Каралаевдин вариантынын эпикалык кең масштабдуулугу жөкө каармандарды сүрөттөөдө гана эмес, жалпы турмушунун сүрөттөлүшүндө да айкын көрүнөт, башкача айтканда «Манас» эпосу революцияга чейинки кыргыз элинин турмушунун бардык жагын камтыган энциклопедиялык чыгарма экендигин Саякбай Каралаевдин варианты толук ынандырат. Саякбай согуштук эпизоддорду эң күчтүү сүрөттөө менен бирге элдин жай турмушунун бардык жагын кеңири камтыйт. Мында кой-козу (Манастын балалык чагында Ошпурда жүрүшү), жылкы (Күлчоронун Кыястын жылкычысы болушу), төө (Бакайдын Манас өлгөндөн кийин төө багышы) багуу; эгин эгүү (Манастын буудай эгип Аккуланы сатып алышы), устачылык (Бөлөкбайдын Манастын курал-жарагын жасашы), узчулук (Манастын кийимин даярдашы) сыяктуу элдин тиричилигинин негизги булагы эмгек жөнүндөгү баяндардан тартып, медициналык (Момунжандын Күлчорону айыктырышы, жоодон жараланган баатырларды дарылоо), географиялык (жер-суу аттары, табигый байлыктары менен жан-жаныбардын сүрөттөлүшү) түшүнүктөрүнө чейин берилет. Элдин эски үрпадатын, каада-салтын камтыган этнографиялык материалдар да айрыкча мол. Ырас, булар башка варианттарга да мүнөздүү көрүнүш, бирок Саякбай аларды кеңири, деталдаштырып сүрөттөйт. Саякбай Каралаевдин вариантында үчилтиктин биринчи бөлүмүнөн экинчи, үчүнчү бөлүмдөрү баяндоонун көркөм стили жагынан бир кыйла айырмачылыкка ээ. Биринчи бөлүмдө баатырдык тема жетектөөчү роль ойносо, «Семетей» бөлүмү лирика-эпикалык жанрдагы чыгарма катары эсептелип, лирикалык мотивдер орчундуу орун ээлеп, патетикага, баатырдык рухка азыраак көңүл бурулат, эпостун кийинки бөлүмдөрүнүн стилистикалык курулмалары өзгөрүп, диалогдорго, лирикалык маанайдагы монологдорго, өткөндөгү окуяларды кайра баштан эскерүүлөргө, армандарга кеңири жол берилет. Саякбай Каралаевдин вариантынын «Манас» үчилтигинин идеялык-көркөмдүк биримдиги анын генеалогиялык принципте циклдештирилүүсүнөн да, ар түрдүү көркөм каражаттардын, образдар системасынын өтмө катмардуулугунан ар дайым көрүнүп турат. Бакай, Каныкей сыяктуу айрым каармандар үчилтиктин үч бөлүмүндө тең, ал эми айрым каармандар биринчи, экинчи же экинчи үчүнчү бөлүмдө активдүү катышып, бөлүмдөрдү өтмө катар чырмалыштырып, алардын ортосундагы биримдикти бекемдейт. Каармандардын образы дайыма эволюциялык өнүгүштө болуп, терең иштелген образ кийинки бөлүмдөгү тарыхый шартка, кырдаалга ылайык жаңы түс, сапаттарга ээ болот. Мисалы, Каныкей биринчи бөлүмдө элдик баатырдын өзүнө тете жары катары акылмандыгы, адамгерчилик ишмердиги, сарамжалдуулугу жерине жеткире сүрөттөлүп, образды мындан ары тереңдетүүгө, андан ары өнүктүрүүгө мүмкүн эместей деңгээлге жеткирилет. Бирок «Семетей» бөлүмүндө жаңы шарт, жаңы кырдаалга ылайык анын мүнөзүнүн жаңы жактары ачылат. Не бир трагедиялуу учурда да бел алдырбаган, мүңкүрөп калбаган кайраттуулугу, туруктуулугу, эң бир кыйын шарттардан арга таап чыгып кеткен акылман айлакерлиги, феодалдык-патриархалдык адеп-ахлактык жосунсуз салттарына каршы ачык күрөшкө чыккан имандык бийиктиги, баласына чексиз берилген энелик мээрими, көрөгөч тарбиячылыгы ушул бөлүмдө өзгөчө бир күчтүү көрүнөт. Ошондой эле Каныкейдин ар кандай социалдык шарттагы абалы: кандын кызы, эл башчысынын сүйүктүү жарынан куу тагдырынын айынан

баласын корголотуп, жер которуп баш калкалаган таалайсыз жесир аял, торпок баккан күңдүккө чейин башынан кечирип, өмүрүнүн ар кыл мезгили — секелек эрке кыздан чачы куудай кемпир болгонго чейинки өзгөрүүлөр үчилтиктин бөлүмүнөн бөлүмүнө ырааттуу эволюциялык өнүгүштө берилет. Каныкейдин ар тарабынан эң терең иштелген оригиналдуу образын жаратууда Саякбай өзгөчө чыгармачылык сүйүү менен зор эмгек эткен.

Үчилтикте каармандардын образы бөлүмдөн бөлүмгө өтүшү бирде түздөн-түз болсо (мисалы, Каныкейдин образындай ар бир бөлүмгө катышып), бирде жабык түрүндө да болот. Мисалы, Алмамбет, Чубак биринчи бөлүмдө гана катышканы менен алардын ишин, жолун түздөн-түз улантышкан Семетей, Күлчоро, Канчоролордун кийинки бөлүмдөрдө катышышы, алардын образы жаңы кырдаалда, жаңы шартта, кандайдыр бир жаңыча көрүнүшү, чагылдырылышы катары таасир калтырат. Айталы, Семетейдин сырткы келбети, кийим-кечеси, курал-жарагы, минген аты, салган кушу, ээрчиткен тайганы, ал турсун фантастикалуу мифтик колдоочулары Манастан оошуп келип, манасчынын сөзү менен айтканда «Манас канды тирилтип» койгондой элес калтырат. Бул каармандардын кулк-мүнөзү да, ой-максаттары да бирдей. Ошондуктан, бул образдар — бир эле учурда өздөрү жашаган доордун типтүү мүнөздөрүн чагылдырган өз алдынчалыкка ээ болуу менен бирге эле бирин-бири толуктаган жаңы кырдаалда, шартта жаңыча жаралган образдар. Мындай учурда мурдагы образдын аягына чейин иштелбей мүнөзүнүн толук ачылбай калган жактары кийинки образдарда ишке ашырылат, тереңдетилет. Ушул планда Күлчоро менен Канчоронун образдарын аталары Алмамбет, Чубактардын образдарына салыштырып кароо кызыктуу. Күлчоро атасы Алмамбеттей эле достукка терең берилүүнүн, ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтөт. Ал ар кандай кырдаалда Семетейди таштап башын ала качпайт, бардык учурда анын кыйын иштерин (ал турсун Семетейдин өзү аткара албаган иштерин да) айлакердикке, ыктуулукка салып аткарат. Б. а. Алмамбетке жүктөлгөн элдик идеалды жаңы кырдаалда, шартта алып жүрүп, аны дагы тереңдетип, дагы ачык көрсөтөт. «Манас» бөлүмүндөгү Чубак «алышса адамдын күчү жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн» баатыр, Манастын ишенимдүү тирегинин бири, бирок анын мүнөзүндөгү кара мүртөздүк, оюн кишиге бербеген өзүмчүлдүк бар экени эскерилет. Кээде мүнөзүндөгү ушул жактары жакын адамдары менен конфликтиге чейин алып барат (Чоң казат мезгилинде Алмамбет менен жол талашканы, Манаска тарынып, аны чаап ал деп Коңурбайга кат жазганы). Атасы Чубактын жакшы жактары (баатырдыгы, балбандыгы) менен бирге кемчиликтери да Канчорого мурасталып калат.

Мүнөзүнүн ушул терс жагы жаңы шарт, кырдаалга ылайык тереңдеп отуруп, акыры өз жакындарына ачык чыккынчылыкка чейин алып барат.

Дегинкисин айтканда айрым каармандардын «Манас» бөлүмүндө анча ачылбай, жашырынып астыртада жаткан терс мүнөздөрү «Семетейде» дааналанып, ачыкка чыга келет. Ага бул бөлүмдүн чагылдырган доору — таптык жиктелүү күч алган феодалдык-патриархалдык коом мүмкүнчүлүк берет. Коомдогу. таптык жиктелүүдөн, феодалдык бытырандылыктан пайдаланган ач көз Жакып, бузуку Кыргылчал, өз уруусунун гана кызыкчылыгын көздөгөн Чынкожо, Толтой, мурда кимдиги ачык билинбеген Абыке, Көбөш жана башкалар өзүмчүлдүк, мансапкорлук арам ойлорун ишке ашырыш үчүн жаңы күч менен чыгышат. Ошондуктан, «Манас» бөлүмүндө чачылып-чабылып, ар кайда жашап жүргөн элдин башын кошуу, ата» журттун көз карандысыздыгы үчүн сырткы баскынчы жоо менен күрөшүү негизги сюжеттик өзөктү түзсө, «Семетейде» ал тема — экинчи планга жылдырылат. Анын ордуна элдин ыркын кетирип, биримдигин бузган ички душмандар, бийлик, байлык талашкан жакын туугандар, жамаатташ уруулардын башчылары менен күрөшүү негизги теманын бирине айланып, чыгарманын негизги идеясы элдин биримдигин сактоого багытталат. Мындан «Семетей» бөлүмү кыргыз уруулары өздөрүнүн бир эл экенин алгач аңдап, өз ара баш кошууга умтулуусун чагылдырган «Манаска» салыштырганда коомдук өнүгүштүн алда канча кийинки этабында, феодалдык бытырандылыктын тушунда пайда болгонун көрүү кыйын эмес. Кыргыз коомчулугу 19-кылымда эле феодалдык бытырандылык доордо жашап келишкендиктен, «Семетейде» баяндалган окуялар аларга түшүнүктүү болуп, анын ички биримдикти сактоо идеясы элдин жүрөгүнө өтө жакын болгон. «Манас» эпосунун башка варианттарындай эле Саякбай Каралаевдин вариантында чылк ырдан туруп, ыр куруунун түрдүү техникасы колдонулгандыктан формасы өтө бай. Анда кыргыз ыр түзүлүшүндөгү уйкаштыктын бардык түрлөрү (кайчы уйкаш, эгиз уйкаш, аттама уйкаш, аксак уйкаш, туташ уйкаш) учурайт. Ырдын техникалык жактан кооздугун, көркөмдүгүн түрмөктүн аягындагы уйкаштыктар менен катар сап башындагы жыш кездешкен уйкаштык аллитерация да арттырып турат. Уйкашты чебер колдонуу «Жырык кара уй берип, Жыртык кара үй берип», — деген сыяктуу укмуштуу уйкаштыктардын пайда болушуна алып келген. Уйкаштыруунун өтө татаал формалары строфанын башындагы уйкаштык (аллитерация) менен строфанын аягындагы уйкаштык бир учурда колдонулушу гана эмес, строфанын ичинде уйкашпай калган бир да сөздүн жоктугу өзүн суктандырбай койбойт. Саякбай «Манас» эпосунан башка да элдик оозеки чыгармалардын көптөгөн үлгүлөрүн жакшы билген. Ал айткан түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин бир тобуна ортоктош белгилүү «Төштүк» эпосу элге кеңири тарап, кыргызча бир нече жолу жана

орусча жарык көргөн. «Төштүк» эпосунун түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин арасында сакталган варианттарынын, версияларынын ичинен Саякбай айткан варианты окуяларды кеңири камтыган масштабдуулугу жагынан да, көркөмдүүлүк жагынан да эң мыкты үлгүсү катары таанылып, Парижде француз тилинде жарык көргөн. Саякбайдын мындан тышкары «Азапты көп көргөн Кубат» (1958), «Бакытай балбан» (1961), «Делдеш баатыр» (1957), «Канаттуу куштар» (1959), «Кара молдо» (1962), 

 

 

«Томор мерген» (1965), «Унутулгус күндөр» (1967), «Эстен кетпейт» (1957), «Бүркүттөр» (1952) деген сыяктуу көркөмдүк жагынан жогору турган чыгармаларды жараткан. Саякбай үч жолу Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн медалы, грамоталары менен сыйланган.

Р. Сарыпбеков

Чокмор уулу Мамбет

1896-жылы Тоң районуна караштуу Корумду айылында төрөлгөн. Өз айтымына караганда, ага баатырлар өң менен түштүн ортосунда, болбосо, кадимкидей эле ойгоо кезинде жолуккан.

Бардыгы 3975577 сап ып . “Манастан” 302608 сап, “Семетейден” 71609 сап, “Сейтектен” 23340 сап жазылып алынган.

Манас районундагы Арал айылында 1896-жылы туулган. Тогунай уруусунан. Ошол эле айылда 1971-жылы дүйнөдөн кайткан.

Манасты, Семетейди толук билген. Бирок тилекке каршы оозунан айтылып жүргөн эпостун бөлүмдөрү жазылбай калган. Ал түш көрүү аркылуу манас айтып калган.

1897-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Ашымбай колунан көөрү төгүлгөн уста, энеси сөзмөр болгон. Бардык манасчылардай эле, аян-түштүн себебинен манасчылык кесипти аркалап калган. Чоюке, Назар уулу Жүгөрү, Шапак, Кайдуу өңдүү манасчылардан таалим алган.

Мамбетаалы манасчыдан “Манасты” жаздырып алуу иши алтымышынчы жылдары башталган. Андан эпостун “Манас” бөлүмүнөн: “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Алмамбеттин аңгемеси”, “Коңурбайдын чабуулу”, “Манастын өлүмү” деген эпизоддору, ал эми “Семетей” эпосу ырааты менен, дээрлик толук түрдө жазылып алынган.

Кара-Суу районундагы Сакмоол айылында туулган. “Манас” айтууну түштүктөгү белгилүү манасчы Чоодандан жана өзүнүн айылынан алыс эмес жашаган өзгөндүк айтуучулардан үйрөнгөн. Өзүн дасыккан (профессионал) манасчы катары эсептебесе да, 17 жашынан тартып “Манас” эпосун өз айылында, башка жерлерде айта баштаган.

Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Тынымсейит уруусунан. Андан эпостун “Манас” бөлүгүнөн Манастын бала чагы, Манастын Жолой менен Эсенканга каршы согуштары, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Жети кандын окуясы, Чоң казат, Манастын өлүмү, Каныкейдин Букарга качышы жана “Семетей” бөлүгүнөн Семетейдин Сары тазга жолугушу, Семетейдин Букардан Таласка келиши, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү, Чынкожо менен Толтойдун чатагы, Семетейдин Манастын кунун куушу, Чалгын, Коңурбайдын Таласка кол салышы, Семетейдин кайып болушу, Канчоронун кастыгы окуялары жазылып алынган.

1899-жылы Таластын Чеч-Төбө деген жеринде туулган. 1972-жылы Чеч-Төбөдө дүйнөдөн кайткан. 1960-жылы Кайыңды совхозунда Көкөй деген кишиге жазында сакманчы болуп барып калып, калың элдин алдында “Манас” айтып бергенин көргөндөр кийин эскерип жүрүшөт.

Абдылда Дөөлөт уулунун ысымы көпчүлүккө толук белгисиз болгону менен, өз учурундагы атактуу манасчылардын бири болгон. Ал болжол менен 1899-жылы Өзгөн районунун Алга айылында туулган. Манасчылардын түштүк мектебинин өкүлдөрүнүн бири. Аян түш көрүү негиз болуп, андан ары манасчылыкты жездеси Казыбай устадан өздөштүргөн. Өзү кырк уруу кыргыздын сол канатына кирген басыз уруусунан.

Абдылданын “Манасы” жалпы окуянын нугунан чыкпаганы менен, өзүнчө өзгөчөлүккө ээ окуялар да кездешет.

1899-жылы Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. Лапаздын 9 атасына (Белек, Тасма, Эшполот, Дүйшө, Такабай, Кайназар, Кененсары, Көккөз) чейин “Манас” айтууну кесип кылып келишкен. Лапаздын Манасы башка варианттардан Жакыптын атасынын алмашылып айтылгандыгы, кыргыздардын чабылып Жакыптын сүрүлүшү жана Манастын төрөлүү мотиви боюнча айырмаланат.

Ноокат районундагы Кашкалдак айылында туулган. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15-16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн. “Манас” айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, уяңдыгынан эл алдына “Манас” айтып чыга алган эмес. Ал тургай анын “Манас” айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-жылы Мифтаков андан бир топ лирикалык ырларды, “Мурза уул” поэмасын жана “Манас” эпосунун үзүндүлөрүн жазып алган.

Ноокат районундагы Шорон айылында туулган. “Манас”, “Эр Төштүк” эпосторунун бир катар окуяларын айткан. 1969-ж. ТАИнин кызматкерлери тарабынан “Манас” эпосунун үзүндүлөрү “Көкөтөйдүн ашы” жазылып алынган.

Куршаб өрөөнүндөгү Жалпак-Таш айылында туулган. Адигинеден тараган таздар уруусунан. 14 жашынан “Семетей” айта баштаган. “Семетейди” Кыдыраалы деген жомокчудан үйрөнгөн. Машадан ыр түрүндө “Семетейден” чакан эпизод жазылып алынган. Бул эпизоддо Айчүрөктүн ак куу кейпин кийип учуп баатырларды сынаганы, Чачыкейге жолукканы, шумкарын качырып жиберген Семетейдин Айчүрөктү издеп чыгып, ага кошулганы баяндалат.

Турсалы Сырдыбай уулу 1900-жылы азыркы Бакай-Ата районуна караштуу Түйтө айылында туулган. 1986-жылы оо дүйнө салган. Уругу Түйтө, ичинен Болоттун тукуму. Ал өз мезгилинде жамакчылыгы менен кошо Манастан жана Семетейден айтчу экен. Семетейди жана Жеңижоктун ырларын жатка толук айта билген. Дагы бир өнөрү алдыда боло турган нерселерди туя билчү. Ошондон улам кыргызга мындай ылакап айтылып калган: “Билсең Турсалы, билбеген азиретаалы” деген аңыз айтылат.

Алай өрөөнүндөгү Жыгач-Арт айылында туулган. Отуз уулдун калдай уруусунан. “Манас” эпосун кара сөз менен ыр аралаштырып айткан. Анын айтуусундагы “Манас” эпосунан: Алманбеттин Манаска келиши, Манастын Көкчөнүн жылкысына тийгени жана Чубактын Коңурбайга кат жазып Манаска кол салдырганы эпизоддору жазылып алынган. Вариантынын мазмуну түштүк манасчылардын варианттарына жакын.

Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында туулган. Акын “Манас” айтканды атасынан үйрөнгөн. Атасы Шадыкан сыяктуу эле ал “Манастын” төрт бөлүмүн (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Чийтек”) айткан. 1952-жылы  анын вариантынын “Манас” бөлүмүнүн окуялары жазылып алынган.

Агыбай 1901-жылы мурда 8-март (азыркы Арашан) айылында туулган. Манасты жана Семетейди жаш кезинен баштап айта баштаган. Өзгөчө эл арасында  аны семетейчи деп аташчу. Ал кишинин вариантындагы окуялар 1994-жылдын 1-февралынан 15-февралына чейин “Талас турмушу” газетасынын алты санына жарыяланып “Семетей” деген ат менен басылып чыккан. Ал кишиден эки касета үн алгыга айткандары жазылып калган.

Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы. Атасы Сатымкул Улуу Ата Мекендик согушка барып кайтпай калат. Жаш кезинде чоң атасы Момуналынын агасы Сүйүналынын колунда чоңоёт. 7-класска чейин Чалдовар мектеп-интернатында окуган.

1944-жылы филармониядан залкар артисттер концерт коюп Кызы-Октябрга келишет. Ошол артисттердин арасында манасчы Саякбай да бар эле. Исраилдин кабарын угуп, аны алдырып Манас айттырып көрүп жактырып, тарбиялап алабыз деп өздөрү менен кошо ала кетет.  Ошондон баштап манасчы аталат.

1909-жылы Нарын өрөөнүндөгү Орто-Нура айылында туулган. 1929-1936-жылга чейин колхоздо, 1936-1962 жылга чейин Нарын театрында иштеген. Нарын театры кезинде дөңгөлөк үстүндөгү театр делип, жайдыр-кыштыр чыгармачылык сапарда болушкан. Мамыт Алдаяров Ала-Тоонун 7 дубанына улуу рухту жайылтып, “Манас”, “Семетей” эпосторунан үзүндүлөрдү айтып, карапайым элге өнөрүн тартуулаган. Анын аткаруучулук чеберчилиги, так дикциясы, окуяны жеткире сүрөттөшү көргөн жанды кайдыгер калтырган эмес.

Тарых барактарында эчендеген аялзатынын аты ар кыл кесип, иши менен даңкталып калды. Мүнөзү катуу, сөзү курч, көз карашы тике, илгерки муунга ылайыктуу тарбиялык күчтүү өзгөчөлүктөрү бар Сайнакан апа көргөндөрдүн эсинде калды. Улуу баянды кичинесинен оозанып, аян-түштүн негизинде аралашып Манас, Семетей, Сейтек эпосторунун көп окуяларын айт билген жомокчу эле. Айрым окуялары башка манасчылардан айырмаланган өзгөчөлүктөргө ээ эле. Кыдыраалы кызы Сайнакандын айтуусундагы эпостон бир нече окуянын үзундүсү магнитафонго жазылып алынган.

1910-жылы Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 1986-жылдын 18-февралда өз айылында каза болгон. Белгилүү манасчы Шапак Рысмендеевдин уулу. 1981-жылы андан “Манас” (9251 сап ыр), 1985-жылы “Семетей” бөлүмүнөн (1600 сап ыр) жана башка айрым эпизоддор жазылып алынган, КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Варианты атасы Шапак Рысменде уулу менен С. Каралаевдин варианттарына үндөш.

Алыйман Муса кызы 1912-жылы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономия областынын Мургаб районундагы Ран-Көл кыштагында туулган. “Манас” айтууну атасы  Муса Жума уулунан үйрөнүптүр. Муса өмүр бою оогандык Памирде жашаган экен. Алыйман “Манасты” ыр жана кара сөз менен айтчу экен.

Алыйман Муса кызынын айтуусунда “Манас” эпосунан: “Манастын төрөлүшү жана балалык чагы”, “Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүшү”, “Манастын казак каны Алманбеттин жылкысын тийип, Акчимген деген жерде экөө беттешип, жарадар болушу” деген эпизоддор жазылып алынган.  Бардыгы 800 сап ырдап турат. Алыйман “Манас” эпосунан да башка  “Аксаткын менен Кулмурза” дастанын да жакшы айтчу экен.

Оогандык манасчы жана комузчу Ашым Афес 1912-жылы Ооганстандын Бадахшан вилайетиндеги Чоң-Памир өрөөнүндө туулган. Ал Чоң-Памирде жашаган кыргыздардын басымдуу бөлүгүн түзүшкөн кесек уруусунун Кызыл-Аяк уругунан. Ооганстанда жашаган кыргыздардын ичинен Ашым Афестин айтуусунда “Манастын” үзүндүсүн жазып алып, басмага жарыяланган.

Айтуучудан жазып алынган үзүндүдө өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай географиялык аттар өтө аз айтылат. Алсак, Жаркен, Кашкар, Талдыктын суусу, Ак Мазар ж.б.

1912-жылы Өзгөн районундагы Кош-Этер айылында жарык дүйнөгө келген. “Манас” айтууну Келдибек Карбоз уулу менен Тыныбек Жапый уулунан угуп үйрөнгөн. Андан “Манас” эпосунун биринчи бөлүмүнөн Манастын Алтайдан келиши, Шоорук менен Акылай, Манастын Алтайдан көчүп Анжыянга келиши, Алоокени жеңиши, Манастын Таласка келиши эпизоддору (1407 сап ыр) жана “Манас” эпосуна байланыштуу Аккула жөнүндө баян, Манастын Аккулага ээ болушу, Ачбуудан, Мааникер жөнүндө уламыш, кулун көлү деген окуялар жазып алынган.

Жусуп Мамай

Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном областына караштуу Акчий ооданындагы Карабулак айылынын Атжайлоо конушунда 1918-жылдын 4-майында жарык дүйнөгө келген белгилүү манасчы. Азан чакырылып коюлган аты Жүсүп. 1925-1927-жылдары Жусуптун атасы кашкардагы Назаркары, Үсөнакун деген молдолорду үйүнө алып келип, биринчисинен бир ай, экинчисинен үч айча окуттурат. Инисинин аракетин көргөн агасы Балбай, сегиз жашынан тартып Жусупка “Манас” эпосу баштаган, “Кербала”, “Залзал-Заркум”, “Шаймаран”, “Кыз-Жибек” жана өзү бир нече жылдар бою чогултуп келген элдик көркөм чыгармалардын кол жазмалары менен тааныштырып, окута баштайт. Ошол жылдары Балбай иниси Жусупка  “Манас” айтуунун ыкмаларын да үйрөтөт.

I даражадагы “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнунда дүйнө салган.

Жаш кезинен эле ырга шыктуу болуп, кези келгенде жамактатып да ырдап койчу. Сейдене жаш кезинде Атай Огонбаевди сөзгө жыккан жайы бар.

Сейдененин варианты тууралуу Сейдененин өмүрлүк жолдошу Үркүн Сейитбеков: “Айылда мугалим болуп иштеп жүргөн Үркүн китеп жарыкка чыкканда сатып алат да бош боло калганда, үн чыгарып, баштан-аяк көп сапар окуп чыгат. Анын окугандарын Сейдене ар дайым кунт коюу менен угуп жүрөт. Демек, жаш кезинен ырга, көркөм сөзгө шыктуу  Сейдененин ичинде бугуп келген жашырын   таланты эпостун  укмуштуу дүйнөсү менен аралашып, ээ бербей сыртка чыкканы талашсыз.  Сейдененин вариантынын китеп менен жакындыгы көбүнесе сюжет курулушу жагынан байкалат. Бирок, ички көркөм касиети, мазмуну, деталдары, мотивдери боюнча толук өзүнчөлүккө ээ. Сюжеттик курулушу жагынан да бүтүндөй эле китеп менен окшош эмес. Ал турсун айрым эпизоддор белгилүү варианттардын эч бирине окшошпогон өзгөчөлүккө ээ”.

Сейдене жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Элде Сейдене жаш кезинде Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар. Сейдене «Семетей» айтып калышын башка манасчылардай эле түш көрүү менен байланыштырат. Бара-бара такшалып, кадимкидей айтууга жарап калганда коңшу аялдарды үйүнө чакырып алып, аларга айтып берип жүрөт. Муну кайнатасы билип калып: «Манасты» аял киши айткан эмес» – деп, Сейдененин эпосту айтуусуна катуу каршы болуп, таптакыр тыюу салат. Бирок, «Семетейди» эл арасында айтууга абдан ынтызарланган Сейдене эл көп чогулган кайсы бир чоң майрамда үйүнөн качып чыгып, майрамга келген карыяларга барат да алардын уруксаты менен алгач көп жыйындын астына чыгып өнөрүн көргөзөт. Анын «Семетейин» жактырган карыялар ак батасын беришет. Ушундан тартып үй-бүлөсүнүн тоскоолдугу токтоп, «Семетей» айтып калат. Сейдене эл чыгармачылыгынын көптөгөн кароо, конкурстарына катышып башкы байгелерди жеңип алган. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Манастаануу бөлүмү Сейдене айткан «Семетейдин» бардык эпизоддорун жазып алган. Эпостун айрым эпизоддорун семетейчи өзү да кагаз бетине түшүргөн. Анын варианты боюнча кандидаттык диссертация да корголгон.

Сейдененин семетейчи болуп калыптанышына китептин, айрыкча, 1959-жылы жарык көргөн, белгилүү семетейчилердин варианттары боюнча түзүлгөн курама варианттын таасири чоң. Ошентип, аялдардан алгач чыккан чыныгы семетейчи (азыркы термин менен айтканда, профессионал айтуучу) Сейдене Молдокеева «Семетей» эпосунун өзүнө гана таандык оригиналдуу вариантын жарата алды.

Аялдардан чыккан сейрек кездешүүчү талант ээси, семетейчи Сейдене 2006-жылдын 24-мартында 86 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында     1922-жылы туулган. Негизинен Сагынбай Орозбак уулунун эл арасында кол жазма түрүндө тараган “Манас” эпосунан тааныштыгы болгон. Андан сырткары Тоголок Молдого да жолуккан.

Ал өмүрүнүн акырына чейин эпостун “Манастын балалык чагы”, “Алты кандын чатагы”, “Алмамбет менен Сыргактын чалгыны”, “Алмамбеттин жомогу”, “Алмамбет менен Чубактын чатагы”, “Алмамбеттин Макел дөөнү жеңиши” аттуу окуяларын айтып, манасчылардын областык, республикалык, эл аралык мелдештерине катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келген.

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында     1922-жылы туулган. Негизинен Сагынбай Орозбак уулунун эл арасында кол жазма түрүндө тараган “Манас” эпосунан тааныштыгы болгон. Андан сырткары Тоголок Молдого да жолуккан.

Ал өмүрүнүн акырына чейин эпостун “Манастын балалык чагы”, “Алты кандын чатагы”, “Алмамбет менен Сыргактын чалгыны”, “Алмамбеттин жомогу”, “Алмамбет менен Чубактын чатагы”, “Алмамбеттин Макел дөөнү жеңиши” аттуу окуяларын айтып, манасчылардын областык, республикалык, эл аралык мелдештерине катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келген.

1923-жылы Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган. Жаш кезинен “Манас” айтканга дилгир болгон. “Манас” айткан айрым кишилерди көрүп, алардын айткандарын уккан. Андан эпостун “Манас” бөлүмүнөн “Манастын өлүмү”, “Семетей” бөлүмүнөн “Каныкейдин Таластан Букарга качышы”, “Семетейдин бала чагы”, “Тайторуну чабуу”, “Семетейдин кайра Таласка келиши” окуялары жазылып алынган.

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген. Эс тарткандан шыктуу келип, ыр чыгара коюп жүрөт. Ошондой эле оозеки чыгармаларда эпостук арымдагы көлөмдүү чыгармаларга дит коюп, көңүл буруп, бара-бара “Манас” айтууга ынтызар боло болуп, Манас айтып калат.

Кааба Атабеков

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Манас – 1000” медалынын ээси (1995), залкар манасчы Кааба Атабеков Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында молдонун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Каба Атабековду кыргыз журтчулугу чоң манасчы Мамбет Чокморовдун шакирти иретинде көбүрөөк тааныйт десек жаңылышпайбыз.

Он эки жашынан атасынан ажырап, чиедей бөбөктөрү менен энесинин канатында жокчулукту, кыйынчылыкты көрүп, турмушка эрте аралашып түйшүк менен чоңоёт. Апасынын бир тууган агасы көп камкордук көрөт. Элес-булас эсинде калганы, атасы элдик ырларды, легенда, жомокторду айта жүргөнү, энеси кошокчу, жамакчы болгондугу: «Болгону төртүнчү класс билими бар. Көр тириликтин айынан окубай калгамын «Манаска» аралашып, бул өнөрдүн мени даарып калганы тогуз жашымдан башталды го. Он төрт жашка келгенимде азыноолак эпостун айрым үзүндүлөрүн айтууга үйрөнүп калганмын» – деди маектешкенимде.

Манасчылык өнөрүнөн башка элдик ырларды, терме, үлгү ырларын, кенже эпостордон айтат. Башкалардай эле Каба Атабеков да өзүнүн «Манас» айтып калуусун түш көрүп калуу менен байланыштырат. 

Каба Атабеков үчүн кабарын алыстан эшитип, үнүн угуп жан дүйнөсүндө кабыл алган устат С. Каралаев болсо, жанында жүрүп манасчылык өнөрдүн техникасын, тилин, түгөнгүс сырларын үйрөткөн устаты М. Чокморов болгон. Каба Атабеков узун бойлуу ак саргыл, арыкчырай, жөнөкөй токтоо адам. Айтуучулук жагдайынан алганда салмактуу коңур тунук жана бийик жагымдуу үнү бар. Бир караганда монотондуу ыргак менен ырдагандай көрүнгөнү менен анын аткаруусунда беш кайрыкты байкоого болот.

Каба Атабеков 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине өз өнөрүн элге тартуулады. Анын аткаруусундагы вариант мазмундуу, жогорку деңгээлдеги көркөмдүккө ээ.

Учурда Каба Атабековдун трилогиялык варианты колдо жок болгондуктан, фондулук материалды факт катары алып иликтөөгө туура келди. Кошумча маалымат иретинде айта кетчү нерсе манасчынын үйүнө барганыбызда кагаз жүзүнө түшүрүп өзү жазып жаткан вариантын көргөзгөн эле, анда болжол менен 64, 512 жол сап ырды түзгөн үч дептерди колубузга алып көргөнбүз. Бул «Манас» бөлүгү, «Семетей» мындан эки эсе көп экенин айткан.      К. Атабековдун варианты боюнча сакталып калган «Манас» эпосунун үзүндүлөрү ф.и.к. М.Садыров тарабынан түзүлүп 2014-жылы жарык көргөн.

Бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле кереметтүү түш көрүү аркылуу “Манас” айтып калат.   Ал “Манас” айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырат.

К.Атабековдун айтуусунда “Манас” эпосунун “Чоң казат” эпизодунан айрым бир үзүндүлөр тартылып алынган. К.Атабеков 1995-жылы Түркия, 1996-жылы Франция мамлекеттеринин атайын чакыруусу боюнча “Манас” айтып барып келген.

Ал кийинки жылдардагы “Манас” эпосунун, манасчылык өнөрүнүн салттуулугун сактап келген манасчылардан болгон.

Шаабай Азизов 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Манас- 1000” медалынын ээси (1995), залкар манасчы Шаабай Азизов  Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Кызыл Октябрь (Кара-Бөлтөк) айылында манасчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ш.Азизов ата-бабаларынан келе жаткан улуу өнөрдүн улантуучусу. Ал классикалык түрдөгү нагыз манасчылык өнөрдүн сактоочусу жана алып жүрүүчүсү катары эсептелинет. Жылдыз Орозобекова тарабынан жазылып алынган “Манас” үчилтиги республикалык “Манас” жаштар ордосунун директору Бакыт Романовдун демилгеси жана ордонун каржылоосу менен 2013-жылы басмадан чыккан.

Учурунда Азиз «Манас» жомогун уялаш агасы Чоюкеден үйрөнүп, атасы Өмүрдөн угуп, кара сөз менен айткан жомокчу болгон. Ал эми Чоюке манасчы, Шаабай Азизовдун болжолдуу берген маалыматына караганда, 1863-жылы тулган. «Манастын» трилогиялык вариантын толук айтып, өзгөчө «Семетейди» мыкты айтчу – деп атасы Азиз дайыма эскерчү, – дейт манасчы.

Ошентип атадан балага өткөн өнөр кесиби Шаабай Азизовдун бактысына туура келген. Чыгармачылык өмүр жолунда филармонияда иштеп жүргөн жылдарында далай манасчы, семетейчилерге жолугуп, алар менен бирге жүргөн убагы да болгон. Мамбетаалы, Мамбет, Молдобасан, Саякбай, Дуңкана өңдүү залкар адамдар менен баарлашып калганына али күнгө чейин сыймыктанышат. Өзгөчө замандашы Саякбай Каралаев менен жакын мамиледе болуп, анын манасчылык өнөрүнө тамшанат. Саякбай менен Шаабай көлдөгү бугу уруусунун Арык тукумунан, коңшу айылдык жакындыгынан сырткары экөөнүн ортосунда Чоюкедей чоң манасчынын тургандыгы, ага-инидей болуп калган манасчылардын ортосун чыйралтып бекемдеген. Шаабайга карата Чоюке атасынын бир тууган агасы болсо, Саякбайга карата Чоюке устаты, насаатчысы болгон. Өтмө катар чырмалышкан эки залкардын тагдыры Шаабай үчүн тирөөч да, өбөк да болгонун белгилөө абзел. Ушундай түптүү көрөңгөлүү уюткудан улам Шаабай Азизов кадимки манасчылык өнөргө келген.

«Манас» эпосун кантип айтып калдыңыз? – деген суроомо Шаабай Азизов … адегенде бир «түш көрдүм», түш мен үчүн кандайдыр бир сыйкырдуу туюмду пайда кылды, эрксизден жан дүйнөм менен берилип ошол күчкө жетеленип калдым» – деген эле.

Алты ай ичинде, октябрь айынын акыркы күндөрүндө, Шаабай Азизовдун трилогиялык вариантын толук фонотекага түшүрүлгөн. «Манас» бөлүгү 9 минутадан 11 микро кассета болжол менен машинкага басып, тексттин тактаганда 925 бетти түздү. «Семетей» бөлүгү 21 магниттик касета, «Сейтек» 3 магниттик касетага жазылды. Жалпы көлөмү 34 микро кассетадан турган иш болгон эле.

Досу Ташмат уулу 1930-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Ал алгачкы жолу “Манас” айтууну атасынын бир тууганы Токтаалыдан үйрөнгөн. Манасты кара сөз турүндө айткан. Досудан: “Жакыптын Алтайдан Таласка көчүп келиши”, “Манастын төрөлүшү”, “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөтөйдүн ашы” өңдүү окуялар жазылып алынган.

Уркаш Мамбеталиев

1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ээси Уркаш Мамбеталиев манасчылыктан тышкары акындыкты дагы кошо ала жүргөн.

“Манас” айтуу өнөрүнө кошумча анын поэзия чебери катары изденүүсү жөнүндө сөз кылсак. Музыкалык окуу жайда, студияда окуп жүргөндө эле азын-оолак ырларды жазып, өзү тендүүлөрдүн арасында белгилүү болуп калат. Ошону менен катар элдик дастандардан, уламыштардан, кенже эпостордон айткан.  У.Мамбеталиев манасчы катары Манастын чоң казатка аттанышы, Кичи казат, Көкөтөйдүн ашы деген сыяктуу үзүндүлөрү манас таануучулар тарабынан кол жазма түрүндө жактырылып, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу бөлүмүнө кабыл алынган. Уркаш Мамбеталиев 2011-жылы 77 жашында дүйнөдөн кайткан.

Токтогул районундагы Толук айылында туулган. Семетейчи болгон. “Семетейди” 6-7 жашында айта баштаган. Анын жалпы мазмунун атасынан үйрөнгөн. Сюжеттик мазмунун ыр аралаш айтат. 1952-жылы Жалал-Абад шаарындагы орто мектептин 8-классында окуп жүргөн кезинде “Семетей” дастанынан 822 сап ыр көлөмүндө жазылып алынган.

Белгилүү семетейчилердии бири Дункана Кочукеев Нарын районуна караштуу «Эчки-Башы» деген айылда 1886-жылы туулган. Ал өз жеринде совет бийлигинин чыңалышына активдүү катышкан. 30-жылдарда селолук советтин төрагасынын милдетин аткарган. Кийин көп жылдар бою чабан болуп келип, пенсияга чыккан. 1981-жылы өз айлында дүйнөдөн кайткан. Дункананын өзүнүн эскерүүсүндө «Манаска» кызыгуусу өтө эрте башталган. Ал алгач «Манасты» өзүнүн туугандары улуу манасчы Тыныбектен өтө кичине кезинен эле уккан. «Тыныбекти жакшы билчүмүн, анын Семетейин көп уккам. Экөөбүз тең Тынымсейиттин торгой уруусунан болобуз» – деп эскерген ал бул жөнүндө. Башкалардай эле Дункана да өзүнүн «Манас» айтып калуусун түш көрүп калуу менен байланыштырат: «Жети жашар кезимде түшүмө Семетей, Күлчоро, Канчоролор киришти, бизди элге айткын дешти, үч жыл айтпай жүрдүм. Кыйнап түшүмдө Семетей келип найза менен сайып кеткенден кийин айта баштадым. Кийин Манас менен Алмамбет түшүмө киришти. Чалгынга кетип баратышып бизди айткын дешти». Дункана «Манасты» негизинен өз өрөөнүндө, өзүнө жакын чөйрөлөрдө гана айтып өткөн. Ырас айрым учурларда элдик чыгармачылык боюнча республикалык кароолорго катышып алдыңкы орундарды ээлеген учурлары болгон. Өзүнө замандаш манасчылар Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов менен тааныштыгы болуп бири-бирине айрым таасирлерди тийгизишкен.

Дункана Кочукеевдин «Манасын» 1965–1967-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил адабият институтунун илимий кызматкерлери С. Бегалиев, Р.Сарып бековдор жазып алышкан. Дункана элге негизинен семетейчи катары белгилүү болуп, «Манас» трилогиясынын бул бөлүмүн толугураак айткан, ал эми анын биринчи бөлүмүнөн («Манастан») «Манастын балалык чагын», «Чоң казат» бөлүмдөрүн гана айткан.

Дункана Кочукеевдин варианты, айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Тянь-Шань чөйрөсүнөн чыккан манасчылардыкына окшошуп кетет. Өзү нарындык Дункана жек-жааттары көл башында болгондуктан, жаш кезинде аякка көп катташып, ал жактан чыгармачылык таасирди көп алган. 

Кочукеевдин варианты өзүнчө китеп болуп 1998-жылы жарык көргөн.

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ ЖАНА КАЗА БОЛГОН ЖЫЛЫ БЕЛГИСИЗ МАНАСЧЫЛАР

Түркиялык манасчы Жээнбек Йурдак уулунун канчанчы жылы, кайсы жерде туулуп, дүйнөдөн кайтканы белгисиз. Улуту кыргыз.

1938-жылы түрк фольклорчулары тарабынан Түркиянын Улуу Памир өрөөнүндө жашоочу, кийинчерээк Ооганстанга көчүп барган Жээнбек Йурдак уулунун айтуусунда “Манас” эпосу магнитафон кассетасына жазылып алынган.

Кочкор районундагы Кочкор айылында туулган. Өлгөн жылы белгисиз. Андан “Манас” эпосунан үзүндү жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 265-инв.). “Манастын туулушу жана алгачкы эрдиктери” гана ыр түрүндө баяндалат. Манастын төрөлүшүндө жалпы мотивдик көрүнүштөр сакталып, кыскача айтылат. Үзүндүдө негизинен Нескара менен болгон согуш жана орустун баатыры Муробезге (Илья Муромец) байланыштуу окуялар баяндалат.

Эргеш Ташимбет уулунун туулган жана өлгөн жылы белгисиз.          Жоро-уруусунан. Ал “Манасты” атасы Ташимбеттен “Көкчөнүн казатын” үйрөнүп алып айта баштаган. Эргеш башка манасчылардай эле “Манасты” айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырат. Эргеш “Манас” эпосун кара сөз менен айтчу экен.

Эргеш Ташимбет уулунун айтуусунда жазылып алынган “Манастын” окуялары КРУИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында туулган. “Семетей” бөлүмүнөн 3 дептер эпизод жазып алынган. Эпостун окуялары кара сөз менен ыр аралаш жазылган. Окуя негизинен Манас жарадар болуп келип, ага Каныкей тирүүсүндө күмбөз тургузуп, Семетей төрөлгөндөн кийин көз жумушу менен башталат да, Семетей Акшумкарын качырып, Айчүрөктү издеп Үргөнчкө келип, Боз-Дөбөдөн Айчүрөктүн шаарына дүрбү салып карап турганы менен бүтөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Тоок айылында туулган. Анын айткан “Манасы” жазылып калбаган. Эл оозунда айтылып жүргөнүнө караганда  чоң манасчы болгон өңдөнөт

Семетейчи болгон. Тянь-Шань районундагы “Эмгекчил” 7 жылдык мектебинин мугалими. “Манас” эпосунун “Семетей” бөлүгүнөн “Семетейдин Айчүрөктү издеп Үргөнчтү кечиши”, “Семетейдин Үргөнчтү кечип, Айчүрөккө жолугушу” үзүндүлөрүн айткан.

Токтогул районундагы Токтогул айылында туулган. “Манасты”         1947(77)-жылдан китептен үйрөнүп айта баштаган. Ата-бабаларынан, туугандарынан “Манас” айткандары болгон эмес. Андан “Алмамбет менен Чубактын жол талашканы” эпизодунан үзүндү (367 сап) гана жазып алынган.

БҮГҮНКҮ МАНАСЧЫЛАР

Сапарбек Касманбетов

1934-жылы 30-майда кыргыз бермети атанган Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Пржевальск Педагогикалык институтун жана Исскуство институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Нарын музыкалык драмтеатрында баштаган.

1957-жылдан баштап эл чыгармачылыгынын республикалык, облустук жана райондук кароо-сынактарына, фестивалдарына катышып, төкмөлүк өнөрдү сактоо, өөрчүтүү жана соңку муундарга кастарлап өткөрүп берүү багытында үзүрлүү иштеп келе жатат. Көптөгөн төкмөлүк, манасчылык боюнча сынактардын женүүчүүсү. Ары түшүнүктүү, уккулуктуу айтуучулук өнөрү аудиторияны өзүнө тартып турат. Ал далай жолу республикалык теледен “Манас” айтып, анын “Эр Кошой”, “Билерик” деген чыгармалары улуттук радиодон толугу менен уктурулууда.

2009-жылы Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөөлөрү боюнча университети Сапарбек Касманбетовдун варианты боюнча компакт дисктери менен коштолгон “Манас” жана “Семетей” эпосторунун англис тилиндеги китебин “Семар паблишерс” басмасы тарабынан басып чыгарды. “Бийиктик” басмасынан балдарга арналган “Аккула”, “Бала Манас баяны”, “Семетейдин кырк чорону кырышы” китептери жарык көрдү..

Азыркы тапта Сапарбек Касманбетов ардактуу эс алууда.

Жетишкендиктери:

1994-жыл Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн төш белги.

1995.03.06 Кыргыз ССринин Элге билим берүү министрлигинен “Элге билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

27.10.2006 Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Даңк ” медалы менен сыйланган.

2010-жыл Маданият министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын “Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2013-жыл Коомдук “Манас” Академиясынын академиги.

2014-жыл Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы.

2014-жылы Ысык-Көл облусунун “Ардактуу атуулу”.

2017-жыл “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”.

Асанкан Жуманалиев

Манасчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти, Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” мектебинин жетекчиси. 1947-жылы Манас районундагы Арал айылында туулган. Саруунун Алакчынынын ичинен Акбай уруусунан болот. Ынаш манасчыдан таалим-тарбия алып Манас менен Семетейди айтууну үйрөнгөн.

Жетишкендиктери:

1964-1968-жылдары Республикалык телефестивалдын баш байгесин жеңип алган.

Эл агартуунун отличниги.

2006-жылы Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Манас” банкынын стипендианты.

Зууракан Сыдыкова

1948-жылы 17-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Бугунун белек уруусунун токоч уругунан. “Манас” айтуучулугу түшүнөн берилген аяндан  кийин башталган. Бул окуя 1971-жылы Ысык-Көл мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап жаткан мезгилге туура келет.

Республикалык “Манас” жаштар ордосунун колдоосунда “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат” аттуу китептери басмадан жарык көргөн.

Жетишкендиктери:

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2010-жылы көп жылдык эл агартуу тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын президенти Р.Отунбаеванын “Ыраазычылык катына” татыктуу болгон.

Назаркул Сейдракманов

1951-жылы 17-ноябрда Талас облусунун Талас районундагы Данбагар кыштагында төрөлгөн. 3-4-класска келген кезде “Манас, Семетей, Сейтек” эпостору менен толук таанышып, айрым кызыгып окуп бер дегендердин батасын алып, ошону менен бирге өзү да “Манас” дүйнөсүнө аралашып, манасчы болом деген үмүттө жүрөт. 7-8-класстарда райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып диплом, грамоталар менен сыйланган.

1976-жылы Фрунзе шаарында биринчи жолку акындардын, манасчылардын, комузчулардын республикалык алгачкы конкурсу өткөрүлгөн. Ошол конкурска келип катышып, Манас айтуу боюнча 1-орунга татыктуу болуп, Маданият Министрлигинин чечими менен  Кыргыз Мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы Филармониясына Советтер Союзунун эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Э.Турсуналиевдин “Кыргыз эл шайырлары” тобуна  солист манасчы болуп кабыл алынган. Ошондон баштап чыгармачылыгы арбып, 15 союздук республикаларды аралап Манас айтып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, далай ийгиликтерди жараткан.

Жетишкендиктери:

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын урматына карата өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык конкурсуна катышып, баш байгенин ээси болгон. Ошол жылы Манас эпосуна сиңирген эмгеги  үчүн Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти” деген наамга ээ болгон.

2009-жылы Тегеран шаарында (Иран) “Рүстөм-Дастан” эпосунун Бүткүл Дүйнөлүк кароо-сынагына катышып, андан алтын медаль жана ардак грамота менен сыйланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен сыйланган.

2012-жылы “Улуу Баян” коомдук фонду тарабынан жеңил автоунаа тапшырылган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

2018-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессор” наамы менен сыйланган.

2018-жылы манасчы Сагынбай Орозбаков атындагы коомдук фондунун “Сагынбай 150” мааракелик төш белгиси менен сыйланган.

2018-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы.

Алимжанов Баянгали 

1954-жылы 16-октябрда Казакстан Республикасындагы Көкчө-Тоо облусундагы(бүгүнкү Акмола облусу) Степняк шаарында туулган. Казакстандагы жалгыз манасчы. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи Баянгали манасчылыктан тышкары төкмө акын, жазуучу, сатирик, чечен, теле алып баруучу, кино актер, режиссер, журналист, сценарист, балдар акыны, спорт чебери, мушкер жана шахмат оюнунун бир нече жолку жеңүүчүсү.

Республикалык 2 жолку кароо-сынакта баш байгени “Манас” айтып жеңген. Айткан Манасы жана айтыштары республикалык телерадионун “Алтын казынасында” сакталуу.

Жетишкендиктери:

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына катышып, атайы сыйлык менен сыйланган.

2006-жылы Казак Республикасынын “Эмгек сиңирген кайраткери” наамынын ээси.

“Саякбай манасчы” эл аралык фондунун “Саякбай” төш белгисинин ээси.

Алмабеков Кубанычбек

1955-жылы 18-июль Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында жарык дүйнөгө келген.  8 жашынан тартып касиеттүү аян-түштүн аркасы менен улуу баянды оозанып айта баштаган. 12 жашында Саякбай Карала уулунан бата алган.

Жетишкендиктери:

2012-жылы “Улуу Баян” коомдук фонду тарабынан жеңил автоунаа тапшырылган.

2013-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери”.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

2018-жылы “Айкөл аян” коомдук фондунун “Кылым баатыры күмүш жылдыз” төш белгиси.

2018-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы.

Жумалиев Курманбек

1956-жылы 10-июнда Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Арашан (азыркы Ак-Моюн) айылында туулган.

Курманбекти “Манас” айтууга биринчи жолу агайы Апыш Койчуманов үгүттөп, айтуучулуктун айрым ыкмалары менен тааныштырган. Андан кийин айылдык манасчы Жылкычиев Турсундан таалим алган.

Курманбек Жумалиев “Манас” айтуу менен Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырган. 1980-жылдары КТРдин фондуна анын айтуусунда “Семетей” эпосунан “Каныкейдин Тайторуну чапканы” окуясынан үзүндү жазылып калган.

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине арналган манасчылардын таймашында үч уулу менен кошо 3-даражадагы диплом, акчалай сыйлыкка татыктуу болгон. Ушул эле жылы Түркиянын Анкара шаарында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда “Манас” айтып, Куран китеби жана 200 доллар менен сыйланган.

жомокчулар” аттуу илимий-популярдык эмгектери жарык көргөн.

2001-жылы авторлошуп “Түштүктүк манасчылар жана семетейчилер” аттуу окуу куралын чыгарышкан.

2014-жылы ноябрь айында оо дүйнө салган.

1958-жылы 11-апрелде Талас облусуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. 1966-жылы мектеп босогосун аттап, 1976-жылы мектепти аяктаган. Саруу уруусундагы Колпоч уругунун Чүңчүгөсүнөн. Өзүнүн айткан Манасын кагаз бетине түшүрүп, эл чогулган жерде айтып берчү. Жазгандары кайда калганы белгисиз.

Назаркул Сейдракманов, Уркаш Мамбеталиевдерден сабак алган.

Жетишкендиктери:

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын урматына өткөн манасчылардын кароо-сынагында 3-даражадагы диплом менен сыйланган.

Турсунбаев Салимбай

1959-жылы 13-январда Токтогул районунун Кайырма кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

7-класска келгенде көпчүлүк манасчылар сыяктуу түш көрүү жолу менен өз алдынча Манасты кой десе болбой айтып чыгат. 1986-жылдан тартып ачыкка чыгып жалпыга өнөрүн тартуулай баштайт. Тез эле өзү жашаган шаарга, андан соң дубанга Манас айтып таанылат. Манасчылык өнөрү боюнча эл аралык деңгээлдеги республикалык бир топ кароолорго катышып, байгелүү орундарды ээлеп Кыргызстандагы аты белгилүү манасчылардын сабына кошулат.

Жетишкендиктери:

1994-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата Манас дирекциясы тарабынан уюштурулган республикалык кароо-сынакта 1-орундун ээси.

2006-жылы “Тил байлыгы-эл байлыгы” мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан атайы диплом менен сыйланган.

2013-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.

2014-жылы “Токтогул-150” юбилейлик төш белгисинин ээси.

2016-жылы “Саякбай Каралаев” төш белгисинин ээси.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасын жана “Кыргыз тили” төш белгисин алган.

1958-жылы  9-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда жарык дүйнөгө келген.

А.Матовдун  акын  катары  ырлары  жана  макалалары  облустук, республикалык  гезит-журналдарга  жарыяланып  келет.  Өзгөчө  эл-журт,  ата-мекен, достук, ыйман  жөнүндө  жазган  ырлары  жаштарды  мекенчилдикке,  өз  эл-жерин  сүйүүгө  тарбиялап  келүүдө.

Жетишкендиктери:

1995-жылы Манас-1000  медалынын  ээси.

2003-жылы КРнын  билим, илим  жана  маданият  министрлигинин  Ардак  грамотасы.

2006-жылы  Кыргыз  Республикасынын  маданиятынын  мыкты  кызматкери  наамына  ээ  болгон.

2016-жылы Сузак  районунун  Кызыл-Туу  айыл  өкмөтүнүн  “Ардактуу  атуулу”.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

1965-жылы 28-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында туулган.  Алты бир туугандын улуусу. Бугу уруусунун Желдең уругунан. 5-класста окуп жүргөн кезден баштап Семетей айта баштаган.

1967-жылы 11-июлда Талас облусундагы Талас районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Манас дүйнөсүнө алгач бала курак кезинен баштап кызыга баштаган. Устаттары Назаркул Сейдракманов, Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев ж.б.

Жетишкендиктери:

2011-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы.

2012-жылы “Манас-Эл” кыймылынын “Манас” төш белгисинин ээси.

2012-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы.

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси.

2015-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери”.

Талантаалы Бакчиев

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында (мурдагы Кара-Бөлтөк) 1971-жылы 2-декабрда туулган. Бугунун арык тукумунун сарыкалпак уругунан.

Талантаалы манасчылыкка 12-13 жаш курагында келет. Ал белгилүү манасчылар Кааба Атабеков менен Кубанычбек Алмабековдун өнөрканаларына күбө болгон.

Талантаалы Бакчиев Республикалык, Бүткүл союздук, эл аралык бир катар кароо-сынак, фестивалдардын катышуучусу, лауреаты, дипломанты болуп саналат.

Жетишкендиктери:

1995-жылы Бишкек шаарында өткөн “Ала-Тоо жазы – 95” Республикалык студенттердин фестивалында 1-орун.

2002-жылы Улан-Батор калаасында өткөн “Мелодии Шёлкового Пути” фестивалынын лауреаты.

2006-жылы Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.

2010-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери”.

2018-жылы филология илимдеринин доктору.

2018-жылы КР “Маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамы менен сыйланган.

Рысбай Исаков

Манасчы жана акын Рысбай Исаков 1975-жылдын 11-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренчи айылында туулган.

Чыгармачылык жолу мектептен эле башталып, элдир-селдир ыр жаза коюп жүргөн. Борбордогу чоң чөйрө анын жолунун өнүгүүсүнө өбөлгө болгон. Манасчылык өнөргө аттануунун себебин бардык манасчылар сыяктуу эле түш көрүү, аян берүү аркылуу түшүндүрөт.  “Манас” айтууга чейин ооруп, кыйналып, түшүнүксүз нерселерге дуушар болуп жүргөн. Чындап устат жандабаганы менен Сагынбай, Саякбайлардын китебин окуп, андыктан аларды устат деп эсептейт. 2017-жылы “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун төрагасы болуп шайланган.

Жетишкендиктер:

1996-жылы “Ала-Тоо жазы” фестивалы 1-орун.

1999-жылы “Алатоо жазы” фестивалы 1-орун.

1995-жылы “Манас – 1000” манасчылар фестивалы. Бишкек. Үчүнчү даражадагы диплом.

2004-жылы Республикалык II “Чечен айтыш” телетаймашы Баш байге.

2004-жылы  Республикалык III “Чечен айтыш” телетаймашы Баш байге.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси.

2010-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасынын ээси.

2018-жылы КР Жогорку Кеңешинин энчилүү кол сааты.

2018-жылы КР “Эмгек сиңирген артисти” наамы.

2018-жылы “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраевдин колдоосу менен 3 бөлмөлүү квартирага ээ болгон.

 

Эмгектери:  2004-жылы “Назар кайып” көркөм чыгармасынын автору.

2009-жылы “Ырчынын ыйы” көркөм баянынын автору.

1979-жылы 25-ноябрда Ош облусунун Алай районунун Корул айылында туулган. Манас айтуусунун  түздөн-түз себеби Маназар бабасы себепкер, ал киши Манас айтып, жамактап ырдаган, балбан, дыйканчылыктын сырын билип, эгинди кайрак жерге эгип, элдин эгини быша электе элге өлчөп ордуна берчү экен, ал эми колунда жок бей-бечараларга бекер таркатчу дешет. 7-8 жашынан тартып Манас айта баштаган.

Уркаш Мамбеталиев, Назаркул Сейдракманов өңдүү чоң манасчылардын сабагын алуу менен шакирти болот.

Жетишкендиктери:

Корул айылынын “Ардактуу атуулу”.

“Алтын Комуз” төш белгисинин ээси.

“Жусуп Баласагын” атындагы төш белгисинин ээси.

2018-жылы “Айкөл аян” коомдук фондунун “Кылым баатыры күмүш жылдыз” төш белгиси.

Замирбек Баялиев

1980-жылдын 21-апрелинде Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылында төрөлгөн. Келечекте манасчы болом деп ойлобогон Замирбек Баялиев башка манасчылардай эле улуу эпосту аян алгандан кийин, табияттан келген касиеттен кийин айтып баштаган.

Кийин Бишкектен Назаркул Сейдракманов, Уркаш Мамбеталиев, Сейдене Молдокеева, Кааба Атабеков, Шаабай Азизов ж.б манасчыларга жолугат. Көбүрөөк таалим алып ыктаган манасчысы Назаркул Сейдракманов менен Уркаш Мамбеталиев болот.                                 

Жетишкендиктери:

2000-жылы Эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондусунун “Манас” мектебинин “Мыкты устат” ардак диплому.

2005-жылы: Республикалык “Эл ичи-өнөр кенчи” мансчылар сынагынын баш байгесинин жеӊүүчүсү, Саякбай Каралаев атындагы алтын төш белгисинин ээси.

2011-жылы: Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министирлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.

2013-жылы: Кыргыз республикасынын президентине  караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

2018-жылы КР Жогорку Кеңешинин энчилүү кол сааты.

1-ноябрда 1980-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Уруусу Саруу.  Назаркул манасчыны туу тутунат.

Жетишкендиктери:

1995-жылы Жаш таланттар кароо-сынагы 1-орун.

1996-жылы Жаш таланттар Баш байге.

1997-жылы Жаш таланттар 1-орун.

Камил Мамадалиев

1981-жылдын 15-сентябрында Талас районуна караштуу Хан Бүргө (Чоң-Токой) айылында төрөлгөн. Кушчу уруусунун Каймазар уругунан.

Манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон Камил, манасчылык өнөрканасын бардык жаратман манасчылар сыяктуу эле  кереметтүү түш көрүү менен баштаган.

Камил Мамадалиев  классикалык түрдөгү манасчылардын улантуучусу, азыркы салттуу жаратман манасчылардын бири.

Жетишкендиктери:

1997-жылы Республикалык “Жаш таланттар” фестивалында Баш байгенин ээси.

2003-2004-2005-жылдары студенттик “Ала-Тоо жазы” фестивалынын Баш бейгесинин ээси.

2012-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.

2012-жылы “Улуу Баян” коомдук фондусу жеңил автоунаа тартуулаган.

2013-жылы “Манас” академиясынын “Айкөл Манас” төш белгисинин ээси.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак Грамотасынын ээси.

2016-жылы Монголия мамлекетинин “Ардактуу атуулу” төш белгисинин ээси.

2017-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.\

Тилек Асанов

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында 1982-жылы 1-февралда туулган. Бугу элинин Арык тукумунун Сеитказы уруусундагы Кытай уруусунан. Тилек 12-13 жашынан баштап, түш көрүп, баатырлардан аян алып, Манас айта баштаган.  Атасы Асан мал союп түлөө берип, баласына элдин батасын алат. Андан кийин Манасты элге ачык айта баштайт. Манас айтып, райондук, областык, республикалык кароо-сынак, фестивалдарга катышып, көптөгөн алдыңкы орундарга, сыйлыктарга ээ болгон.

Жетишкендиктери:

1997-жылы Ак-Суу райондук кароо-сынагы 1-орун.

1999-жылы республикалык жаш таланттар конкурсу Баш байге.

2010-жылы “Манас Эл” коомдук бирикмеси “Манас” төш белгиси.

2012-жылы “Улуу баян” коомдук фонду жеңил автоунаа тапшырган.

2017-жылы “Насаатчы” төш белгисин алган.

2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2017-жылы “Саякбай” төш белгиси менен сыйланган.

Сыдыков Дөөлөтбек

1983-жылдын 25-августунда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Саяк уруусунан.

Манасты 7-классынан тактап айтканда 13 жашынан баштап айта баштаган. Салттуу манасчыларга таандык болгондой түш аркылуу Манас айтып калат. Түш, белги аян Манас дүйнөсүндө өмүр бою коштоп-колдоп жүрөт деп эсептейт. Келдибек, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай сындуу залкарлардын жолун жолдоочусу.

Жетишкендиктери:

1996-жылы манасчы Мамбет Чокмор уулунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн жаш манасчылардын кароо-сынагында 1-орунга татыктуу болот.

2005-жылдын  25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили”  төш белгиси менен сыйланган.

2010-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2016-жылы КР Өкмөтүнүн атайын кол сааты менен сыйланган.

2016-жылы “Манас Эл” кыймылынын “Манас” төш белгиси менен сыйланган.

2017-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасынын ээси.

2017-жылы “Насаатчы” төш белгиси.

2018-жылы алп манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата өткөн республикалык манасчылардын кароо-сынагы Баш байге.

2018-жылы “Айкөл аян” коомдук фондунун “Кылым баатыры күмүш

Көчөрбаев Самат

Талас облусунун  Манас районуна караштуу   Арал айылында              1983-жылы   22-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Жети жашында мектеп босогосун аттап бала чагынан өнөргө дилгир  Самат  мектептеги бардык маданий иштерге жигердүү катышып, манасчылык өнөргө 13 жашынан аралашат. Республикалык  “Манас-Мурас” коомдук уюмунан  Уркаш Мамбеталиев, Назаркул Сейдракманов   өндүү залкар устаттардан сабак алган.   Манасчылардын республикалык бир нече кароо-сырактарында баш байге жана алдынкы орундарынын жеңүүчүсү.

Жетишкендиктери:

1999-жылы “Жаш таланттар” конкурсу. Бишкек. 1-орун,

2004-жылы Манасчылар мелдеши баш байге.

2011-жылы Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган.

2013-жылы  Мамлекеттик “Кыргыз тил” төш белгисинин ээси.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак громатасынын ээси.

1983-жылы 15-февралда Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын мамлекеттик университетинин экология факультетин бүтүргөн. Сарыбагыш уруусунун жарбаң уругунан.

“Манас” эпосуна кызыгуусу арта баштаган. Алманбет атабыздын сөөгү жаткан Чеч-Дөбө мазарына барып, көзүнө кандайдыр бир ак тайлак көрүнүп, сыр таштап кеткенин айтат.

Жетишкендиктери:

1995-жылы “Мээрим” фонду тарабынан уюштурулган жаш-манасчылардын кароо-сынагында баш байге.

1998-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн республикалык кароо-сынакта баш байге

2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2017-жылы “Насаатчы” төш белгиси.

Улан Исмаилов

1984-жылдын 8-июлунда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Бугу уруусундагы Желдең уругунан.

Манасчылык жолго түшүшүнө, жаратман манасчыларга таандык аян себепкер болгон. Ошол окуядан кийин Улан  Таластагы касиеттүү Манастын күмбөзүнө барып, жети күн бою “Манас” баянын айтып кайтат.Ошондон баштап эл оозуна алынып, улуу баянды жар салып келет. Кийин 2013-жылы Талас жергесиндеги касиеттүү “Манас ордо” комплексинде Балык манасчыдан аян алып, 3 ай Манас айтып, Манастын ата-бабаларынын баянынан баштап, 3 айдын соңунда Көкөтөйдүн окуясына жеткен. Бул манасчынын тээ байыртан келе жаткан нукуралуулук белгиси. Келдибек, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай сындуу залкарлардын жолун жолдоочусу.

Жетишкендиктери:

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз тили комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын алган.

2016-жылы Жалал-Абад облустук усулдук борборунун Ардак Грамотасынын ээси.

2016-жылы “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев тарабынан 3 бөлмөлүү батирдин сертификатын алган.

2018-жылы алп манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата өткөн республикалык манасчылардын кароо-сынагы 1-орун.

2018-жылы КР Жогорку Кеңешинин энчилүү кол сааты.

У.Исмаиловдун манасчылык өнөрү боюнча: Г.Айтпаеванын, А. Эгембердиеванын илимий эмгектери жарык көргөн.

Калил уулу Асанаалы

Жуңголук (Кытайлык) кыргыздардын арасынан өсүп чыккан жаш илимпоз жана М\манасчы Асаналы Калил уулу 1985-жылы 15-январда Жуңго Шинжаң Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын Улуу-Чат ооданына караштуу Терек айылында малчы (чарбачынын) үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Табигат тартуулаган көп кырдуу талант ээси Асаналы Калил уулу, үнүнө касиет камтыган манасчылыкты Р.Абдыкадыровдун ырларын аткаруу үнү менен куштун кош канатындай шайкеш таптап, руханий дүйнөгө өз салымын кошуп келет. Кыргыз элинин эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Р.Абдыкадыровдун ырларынын 6 томдук китебин кытай тилине жана кытай кыргыз арап жазуусуна которгон.

2017-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтунун “Мыкты котормочу мугалим” сыйлыгынын ээси.

2017-жылы залкар манасчы Жапый уулу Тыныбек манасчынын 170 жылдыгына арналган манасчылардын сыныгында “Насаатчы” эл аралык фонду коомдук фондунун төш белгиси менен сыйланган. Кытай Эл Республикасынын 1-даражадагы манасчысы.

2017-жылы “Насаатчы” төш белгиси менен сыйланган.

Сыдыков Кулмат

1985-жылы 4-майда Талас областынын Манас районунун Сөгөт айылында туулган. Манасчылык өнөрү мектепте окуп жүргөндө Асанкан Жумалиев деген манасчыдан үйрөнүп айта баштаган. Чыгармачылык кадамын ошондон баштап Манас айтып жүрүп, комуз үйрөнүп, дастан айтып баштаган.

Жетишкендиктери:

Атай Огомбаевдин 100 жылдыгында баш байге.

Жаш таланттар-2000-2001-2002 жж. баш байгенин ээси. .

Алтай, Кытай, Турция, Араб өлкөлөрүндө Манас айтып келген.

Манасчылык өнөрдү чыныгы аян менен айтып калган. Түшүндөгү аянда: азыркы Воронцовканын талаасында отуруп Манас айтып Коңурбайды кууп бара жатыптырмын. Ошондон баштап Манас айтып баатырлар түш аркылуу келип-кетип турат дейт.

Канат уулу Жанат

1997-жылдын 16-июнунда Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн.  Алгачкы устаты белгилүү манасчы КР эмгек сиңирген артисти Асанкан Жуманалиев жана манасчы, дастанчы Сыдыков Кулмат болсо учурда Самат Көчөрбаевди ээрчип манасчылыгын арбытууда.

“Айгине” маданий изилдөө борборунун атайы манасчылык боюнча окуусунан өтүп Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Камил Мамадалиевдердин өнөрканасына күбө болгон. Жанат манасчылыкка кошумча дастан айтуу өнөрүн да калтырбай такшалтып белгилүү дастанчы Самат Көчөрбаевден байма-бай сабак алып келечекте көптү үмүттөндүргөн дастанчы болот деген ниеттебиз.

Жетишкендиктери:

2009-жылы Манас райондук “Биз Манас атанын урпактарыбыз” аттуу манасчылар кароо сынагынын женүүчүсү.

2014-жылы “Мен жылдыз” республикалык жаш таланттар кароо-сынагында дастан айтуу боюнча 1-орун.

2016-жылы Ат-Башы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасынын ээси.

2016-жылы өткөн 7 күн 7 түн тынбай “Манас” айтуу руханий-маданий             иш-чарасынын катышуучусу.

2017-жылы Корея Республикасынын консулу Мистер Ким Жон Гунун ыраазычылык каты менен сыйланган.

2017-жылы Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин ректорунун атайын сыйлыгынын ээси.

2017-жылы Барнаул шаарынын Акиминин атайын диплому менен сыйланган.

Нурбек Калыбек уулу

1989-жылы 29-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында туулган. Бугунун Арык уруусунун сарыкалпак уругунан. Ден-соолугунан жабыркап жүргөн Нурбектин “Манас” айтууга себеп ынтаасы Орозалиев Кубат агайынын көмөгү аркасында бутуна операция жасатуу үчүн Бишкеке келет. Бутуна жасалган оор операциядан соң Нурбек ойгоно албай жатып, күпүлдөп “Манас” айтканын наркоздон ойгонгондон кийин врачтар айтышкан. Манас касиетинин күчү менен Нурбек оорудан сакайып чыккан. Ошол күндөн тартып, Нурбектин  оозуна “Манастын” айрым үзүндүлөрү келе баштайт.

Жетишкендиктери:

2010-жылы кесипкөй таланттар арасында өткөрүлгөн “Кыргыз тилге 20 жыл” конкурсу 1-орун.

2013-жылы Бишкектин 135 жылдыгына карата таланттардын сынагы “Улут” сыйлыгы.

2015-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы.

2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2017-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.

1990-жылы 17-августта Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылында төрөлгөн. Манасчылыктан башка дастанчылык жана ырчылык өнөрдү аркалап келет.

Жетишкендиктери:

2013-жылы Казакстанда өткөн фестивалдын лауреаты.

2016-жылы Турцияда өткөн фестивалдын лауреаты.

Кыргызстанда өткөн бир нече кароо-сынактардын женүүчүсү.

Иманбеков Нур-султан

1994-жылы 7-декабрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында жарык дүйнөгө келген. Саяктын сокучу уругунан. Алты жашынан бери манасчылык өнөрдү аркалап келе жатат. Кошумча төкмөлүк, комузчулук, аткаруучулук өнөрдү аркалап жүрөт. Жыл сайын Соң-Көл жайлоосунда өтүп келген “Манас маданият жана туризм” фестивалын жогорку деңгээлде өткөрүүгө салым кошууда.

Жетишкендиктери:

2006 жылы “Кыргыз ата”  2 — Эл аралык фестивалынын алкагында өткөн кароо-сынакта 1-орун.

2007 жылы Нарын облустук “Жаш таланттар-2007” кароо сынагында  Манас айтуу номинациясы боюнча Баш байгени алган.

2015-жылы Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлосунда өткөн “Манас маданият жана туризм” фестивалында манасчылык өнөр боюнча 1-орун.

2016-жылы Германиянын Берлин шаарында өткөн “MESSE BERLIN” аттуу 10 күндүк көргөзмөгө 60 мамлекеттин өкүлдөрүнүн алдында кыргыздын өнөрлөрүн көргөзүп келген.

2017-жылы Талас шаарында өткөн кыргыздын салттуу музыка жумалыгында Кубат бийдин 350 жылдык мааракесине арналган айтышта 3-орунду камсыз кылган.

2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган.

Азиз Биймырза уулу

1996-жылы 16-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. Алакчын уруусунун Кубатбек уругунан.

Манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон Азиз, манасчылык өнөрканасын бардык жаратман манасчылар сыяктуу эле  кереметтүү түш көрүү менен баштаган.

Азиз Биймырза уулу классикалык түрдөгү манасчылардын улантуучусу, азыркы салттуу жаратман манасчылардын бири болот деген изги тилектебиз. Азиздин манасчылыкты аркалап калышына, эң алгачкы устаты Шаелдаева Ашыр эжесинин салымдары өтө чоң. Балким тегиндеги касиет себепкердир.  Устаты Камил Мамадалиевден башка заманыбыздын залкарлары Сапарбек Касманбетов, Назаркул Сейдракманов, Кубанычбек Алмабеков, Салимбай Турсунбаев, Алимбай Маатов, Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев  өңдүү манасчылардын колуна суу куюп, санжыргалуу санат башы Манастан айтып ак баталарын алып, улуу көчтү улап келет.

Жетишкендиктери:

2008-жылы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комлексинде өткөрүлгөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагында Баш байге.

2009-жылы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комлексинде өткөрүлгөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагында 1-орун.

2014-жылы “Мен-жылдыз” Республикалык жаш таланттардын кароо-сынагы 1-орун.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасынын ээси.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасынын ээси.

2014-жылы “Саякбай манасчы” коомдук фондунун Ардак грамотасынын ээси.

2015-жылы “Кыргызстан таланты – 2015” аттуу кароо-сынагынын “Манас айтуу” номинациясы боюнча 1-орун.

2016-жылы “Манас-Эл” коомдук бирикмесинин Ардак грамотасынын ээси.

2016-жылы  республикалык “Эл ичи-өнөр кенчи” кароо-сынагынын кызыктыруучу сыйлыгы менен сыйланган.

2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2018-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси мн сыйланды.

2018-жылы “Айкөл аян” коомдук фондунун “Кылым баатыры күмүш жылдыз” төш белгиси.

Имашов Бексултан

1997-жылы 21-мартта Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Чериктин майлуу баш уруусуна караган Атамбек уругунан. Манасчылык өнөргө алгач 12 жашында келген.

Жетишкендиктери:

“Жаш таланттар-2011” райондук кароо сынакта баш байге.

2013-жылы дене тарбия жана спорт агенттиги өткөргөн жаш манасчылар сынагында 1-орун.

2013-жылы Ат-Башы районундагы “Мыкты манасчы” номинациясынын ээси.

2016-жылы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы.

2016-жылы “Башканы коюп Манасты айт” жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагында атайын кызыктыруучу акчалай сыйлык менен сыйланган.

2017-жылы Тыныбек Жапый улуунун 170 жылдык мааракесине арналган манасчылардын конкурсунда кызыктыруучу сыйлык менен сыйланган.

2017-жылы 30 күндүк “Манас” айтуунун алкагында өткөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы 1-орун.

2018-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак Грамотасы.

 

Нурбек 1997-жылы 20-августта Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарык дүйнөгө келген. Моңолдор уруусунун Назар уругунан. Нурбекке манасчылык касиет тай жагынан келген десек туура болор. Себеби азык уруусунан чыккан, эл оозунда уламышка айланган аттуу манасчы Келдибек Барыбоз уулу чоң-чоң таятасы болуп калат.

“Манас” дүйнөсүнө 11 жашынан аралашып, өзүнүн “Манас” айтып калуусун башка манасчылар сыяктуу эле аян-түш көрүүнүн аркасында айтып калган. “Манас” айтканга чейин, “Манас” тууралуу таптакыр түшүнүгү жок экенин жашырбайт. Бул улуу дүйнөгө алп манасчы Саякбай ата жол ачып, иши оңунан келгенин айта кетпесек болбос.

Манас айтуудагы аткаруу чеберчилиги дасыккан манасчылардын катарында. Кайсы жерде жай обон созуп, кайсы жерден кызытып айтуу ыкмасын эң жакшы билет. Узак убакытка айтканда да демди туура пайдаланып, үнүн кардыктырып жибербейт. Кол жаңсоо ыкмалары да жаш балдардыкындай ойду-келди шилтенбестен өз ордунда. Ашык-кеми жок кыймыл аракетин окуяга арбалган каректери толуктап, ага салмактуу, таасын сөздөр, ыргактуу кыраат кошумча болуп, көрарманды аргасыз Манас дүйнөсүнө арбайт.

“Айгине” маданий изилдөө борбору тарабынан түзүлгөн жаш манасчылар мектебинин бүтүрүүчүсү.

Жетишкендиктери:

2008-жылы Бишкек шаардык мэриясы уюштурган окуучулар арасында “Жылдын жаш манасчысы”  сыйлыгынын ээси.

2012-жылы Республикалык “Манас” жаштар ордосу жана КТРК уюштурган республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашы “Көйкашка” тобу Баш байге.

2014-жылы КТРК тарабынан уюштурулган республикалык “Жаш таланттар” кароо-сынагы Баш байге.

2015-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын Ардак Грамотасы.

2015-жылы “Манас-Эл” коомдук бирикмесинин Ардак Грамотасы.

2015-жыл Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  Ардак Грамотасы.

2016-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Ардак грамотасы.

2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси.

2017-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасы.

2017-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси.

2018-жылы “Даанышман инсандары” коомдук фондунун “Даанышман” төш белгиси.

2018-жылы “Айкөл аян” коомдук фондунун “Кылым баатыры күмүш жылдыз” төш белгиси.

2019-жылы КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин ыраазычылык каты.

2019-жылы КР Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каты.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчисинин алкыш баракчасы.

Уркаштан уланып, Назаркулдан наар алып, Кубандан кубаттанып, Рысбайдын сөзүн алып, Дөөлөттүн өзүн алып, Уландан уютку күтүп, ушул манасчылардын элегинен Нурбек деген манасчы бүтүп, бизге белгилүү болуп олтурат.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Келечек” студиясынын “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын редактору.

Максат уулу Куттубек

1998-жылы 19-февралда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы      Жол-Колот айылында туулган. Бугу уруусунун Арык Мырза уругунан. Манасчылыкты аркалап калышына атасы себепкер болгон. Атасы улуу касиет жөнүндө көп айтып берип кызыгуусун арттырган. Андан соң эпостон үзүндүлөрдү жаттап айта баштаган. Түшүнө бир белгисиз ак сакал кирип, Манас айтканын угуп батасын берген, ошол түштөн кийин манасчылыкка чын дили менен аралашкан.

Жетишкендиктери:

2013-жылы “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында “Көйкашка” тобу менен баш байге.

2013-жылы Кыргыз радиосу тарабынан өткөрүлгөн “Таланттар таймашы” сынагында 2-орун.

2014-жылы жаш манасчылардын сынагында 3-орун.

2015-жылы Кыргыз радиосу өткөргөн “Таланттар таймашы” сынагында 1-орун.

2016-жылы Тыныбек Жапый уулунун 170-жылдыгы, Мамбет Чокмор уулунун 120 жылдыгына карата болгон сынакта 3-орун.

1998-жылы 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Отуз-Уул айылында жарык дүйнөгө келген. Арык тукумунун отуз уул уругунан. Атасынын айтуусу боюнча 2-3 жашынан эле Манастын үзүндүлөрүн чулдурап айта берчү экен. Эң биринчи эл алдында “Манас” айтканы Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында өткөн Саякбай атанын айкелинин ачылыш аземинде эл алдына айтып тушоосу кесилген. Негизинен улуу өнөргө аралашып калышына эң биринчиден ата-энесинин колдоосу зор. Анткени “Манас” китептерин алып берип, кароо-сынактар кайда гана болбосун катыштырып турушкан.

Жетишкендиктери:

2013-жылы “Мен жылдыз” облустук кароо-сынагында 1-орун.

2014-жылы жаш таланттар кароо-сынагы 1-орун.

2017-жылы  Жапый уулу Тыныбекке арналган кароо-сынак 1-орун.

2017-жылы  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  Ардак грамотасы.

2017-жылы 30 күндүк “Манас” айтуунун алкагында өткөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы Баш байге.

2017-жылы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак Грамотасы.

2019-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси.

2019-жылы КТРКнын Ардак Грамотасы.

Болотбеков Чынгыз

1998-жылы 13-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында жарык дүйнөгө келген. Моңолдор уруусунун итийбас уругунан. 2014-жылы А.Койчуманов атындагы орто мектепти аяктап КУАУнун Агротехникалык колледжинин ветеринария бөлүмүн 2017-жылы артыкчылык менен аяктап, кайрадан КУУнун филология бөлүмүнө тапшырган. “Манас” дүйнөсүнө 14 жашынан бери аралашып келет.

Жетишкендиктери:

2015-жылы Улуу Кыргыз Ордо “Тайтебиш” улуттук спорт мектебинин Манас айтуу сынагында Баш байге.

2016-жылы Улуу Кыргыз Ордо “Тайтебиш” улуттук спорт мектебинин 3-ирет өткөргөн Манас айтуу сынагында Баш байге.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  Ардак грамотасы.

2017-жылы Нарын облусунун Теңир-Тоо гезити тарабынан аныкталган “Жылдын мыкты маданият кызматкери” сыйлыгынын ээси.

2018-жылы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак Грамотасы.

Муса уулу Толобек

1998-жылы 18-ноябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 1-Май айылында жарык дүйнөгө келген. Черик уруусунун Күпчөкөй уругунан.  Жаш кезинен тартып ырга шыктуу болуп, калың  элдин катмарында элдик ырларды үн кубулжута ырдап, ырдап эле тим болбостон элдир-селдир “Манас” баянын да айтып жүргөн. Дал ушундай күндөрдүн биринде эбептен-себеп болуп, кызырлуу ишке жолугуп, ошондон тартып “Манас” дүйнөсүнө дитин коюп, ынтаасын берип,  “Манас” дүйнөсүнө 12 жашынан  аралашкан. Манасчылык өнөргө аттануунун себебин бардык манасчылар сыяктуу эле түш көрүү, аян берүү аркылуу түшүндүрөт.

Жетишкендиктери:

2017-жылы Ат-Башы районун администрациясынын Ардак Грамотасы.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак Грамотасы.

2017-жылы Бишкек шаардык манасчылар кароо-сынагы Баш байге.

2017-жылы Ат-Башы райондук жыл жыйынтыгында “Жылдын мыкты манасчысы” сыйлыгынын ээси.

2018-жылы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак Грамотасы.

2018-жылы 40 күндүк “Манас” айтуунун урматына өткөрүлгөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы 1-орун.

2019-жылы Эл аралык эпос айтуучулар фестивалынын алкагында өткөн республикалык манасчылардын кароо-сынагы 3-орун.

Макулбеков Бактияр

1999-жылы 22-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында туулган. Манас дүйнөсүнө 12 жашынан бери аралашып келе жатат. Алгач айылдык, райондук деңгээлдеги таймаштарга катышып, кийин 15 жашында аян алып, ошол мезгилден баштап эпоско сүңгүп кире баштаган. Кыргыз Улуттук “Манас ордо” комплексинин манасчысы Камил Мамадалиевди устат тутуп, таалимин алып, айтуу ыкмасын, обондун кыраатын, касиеттерин туура карманууну үйрөнүп келе жатат.

“Кыргызстан таланты-2015” сынагында Баш байгени, “Мен жылдыз”, “Жаш талант” сынактарында, “Достук шаңы-2016, 2017” фестивалында байгелүү орундарды багындырган. Соң-Көлдө өткөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгына арналган манасчылар сынагында,  республикалык  “Башканы коюп Манасты айт” телесынагында байгелүү орундарды камсыздаган.

1999-жылы 3-декабрда Нарын облусунун Нарын районундагы Кайыңды айылында жарык дүйнөгө келген. Моңолдор уруусунун улуу кыйра уругунан. Манас айтып калуусуна эң биринчи ата-энесинин таасири чоң. 12 жашында таасир калтырган кереметтүү түш көрүп, ошондон улам улуу “Манас” дүйнөсүнө аралашып калат.

Жетишкендиктери:

2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгы “Достук шаңы” фестивалы 3-орун.

2014-жылы “Мен Жылдыз” республикалык жаш таланттар кароо-сынагында 3-орун.

Республикалык Алтын үн продюсердик борбору уюштурган “Кыргызстан таланты 2015” манасчылык багытында атайын сыйлык менен сыйланган.

2016-жылы “Манас улуу мурас”  Баш байге.

“Жаш талаанттар” кароо сынагы 2010-2011-2012-2013-2014-2015-жж. өрөөндүк, райондук, областык сынактарда бир нече ирет 1-2-3 орундарды жана баш байгелерди багындырган.

2016-жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы.

2000-жылы 30-июлда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Сарыбагыш уруусунун чагалдак уругунан.

Кичинесинен бери эле залкар манасчы Саякбай, Уркаш аталардын айтканын тасмадан көрүп, кызыгуусу пайда болгон. Ата-энеси  да уулунун шыгын байкап, “Манас” эпосунан үзүндү жаттатып, сынактарга алып барып катыштырган. Манасчылык өнөрүнө Сүйүндүк Ашырбековдун салымы зор. 14 жашында “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашына катыштырып, манасчылар менен тааныштырып, манасчылык өнөрдүн эшигин ачып берген.

Жетишкендиктери:

2015-жылы өткөрүлгөн “Ысык-Көл-манасчылардын алтын бешиги” – аттуу фестивалынын алкагында уюштурулган жаш манасчылардын сынагы баш байге.

2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жаткан республикалык алкактагы “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймаш баш байге.

2017-жылы “Достук шаңы” республикалык жаш манасчылардын сынагы баш байге.

2018-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси.

2019-жылы Эл аралык эпос айтуучулар фестивалынын алкагында өткөн республикалык манасчылардын кароо-сынагы 2-орун.

2000-жылы 27-октябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы          Ара-Көл айылында төрөлгөн. Азык уруусунун тооке уругунан. 8-классында мектептер арасында өткөн сынакта “Манас” айтып, ошо учурдан баштап эпоско, улуу баянга кызыгуусу арткан.

Жетишкендиктери:

2014-жылы райондук Саякбай Каралаевдин 150 жылдыгына арналган сынакта 3-орун.

2015-жылы 4-декабрь “Манас” күнүнө арналган кароо-сынак 1-орун.

2015-жылы март айында Туркия жергесине фестивальга барып катышып келген.

2016-жылы Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын мааракесине арналган манасчылар таймашында 3-орун.

2017-жылдын сентябрь айында Тыныбек Жапый уулунун 170 жылдыгына арналган республикалык таймашта кызыктыруучу сыйлык жана “Аруузат” төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

2001-жылы 28-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Саяктын Кудайменде уругунан.  Манасты  2015-жылдан баштап айта баштаган.

Жетишкендиктери:

2015-жылы Балыкчы шаардык окуучулар  арасында  өткөрүлгөн Манас айтуу боюнча кароо-сынагында  3-орун.

2016-жылы Балыкчы шаардык билим берүү мекемеси уюштурган “Манас  кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу  сынакта 3-орун.

2017-жылы “Достук шаңы” чыгармачыл жаштардын 4-республикалык      кароо-сынагында 3-орун.

2017-жылы Ысык-Көл облустук “Манас таануу” интеллектуалдык  таймашында 2-орун.

2017-жылы Тыныбек Жапый уулу 170 жылдыгына арналган жаш манасчылардын  сынагынын жигердүү катышуучусу.

2017-жылы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган  республикалык  жаш манасчылардын  кароо-сынагынын  жигердүү катышуучусу.

2001-жылы 27-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Оттук айылында жарык дүйнөгө келген. Тынымсейиттен Жаманак андан Болот уругундагы Токтомбай уругунан. Манас дүйнөсүнө “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашы аркылуу 14 жашынан баштап аралашып айта баштаган.

Жетишкендиктери:

2016-жылы Нарын райондук “Жаш таланттар” кароо-сынагы 1-орун.

2017-жылы “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашта “Улуу мурас” тобу менен республикалык баскычта 2-орун.

2017-жылы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесине карата уюшулган сынакта 1-орун.

Нарын райондук жаш таланттар кароо-сынагы 2- орун.

2018-жылы 40 күндүк “Манас” айтуунун урматына өткөрүлгөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы 2-орун.

2002-жылы 4-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда туулган. Моңолдор уруусунан. Манаска болгон кызыгуусу 3 жашынан башталган.

Жетишкендиктери:

“Улуу Кыргыз Манас Айтуу Баяны” кароо-сынагында  1-орун.

2-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында улуттук спорттун түрү болгон “Тай Тебиш – Эркүү чыңдоо”  улуттук оюндарын көргөзүп жана “Манас” айтып, жигердүү катышкан.

“Эркүү чыңдоо” күрөшү боюнча Ала-Тоо конушунун биринчилигинде 1-орун.

Билим берүү фествалында  2-орун .

Эркүү чыңдоо күрөшү 1-орун.

2015-жылы “ Манас таануу” кароо-сынагында Ардак грамота.

Эркүү чыңдоо күрөшү 1-орун.

Улуу Кыргыз Ордо – Тайтебиш күрөшү 1-орун.

Улуу Кыргыз Ордо фонду уюштурган “Манас” айтуу баяны 1-орун.

2016-2017-жылдары өткөн 7 күн 7 түн тынбай “Манас” айтуу аземинин жигердүү катышуучусу.

2002-жылы 4-октябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында төрөлгөн. Моңолдордун мырзабек уругунан.

Жетишкендиктери:

2016-жылы 30 күндүк “Манас” айтуу иш-чарасынын алкагында өткөн       кароо-сынакта 2-орун.

2017-жылы Бишкек мээриясы өткөргөн мектеп окуучулары арасындагы “Манас” айтуу кароо-сынагы 1-орун.

2012-2013-2014-2015-2016-2017-жылдары өткөн 18 күндүк “Манас” айтуу аземинин жигердүү катышуучусу.

2016-2017-жылдары өткөн 7 күн 7 түн тынбай “Манас” айтуу аземинин жигердүү катышуучусу.

2003-жылы 9-мартта Бишкек шаарында туулган. Саяктын каракучкачынан. Устаты Калыбек уулу Нурбек. Багыш Сазанов менен уруусу бир болгондуктан манасчылыкка аралашып калуусун дал ошого байланыштырат.

Жетишкендиктери:

2015-2016-2017-жылдары “Манас-Эл” кыймылы уюштурган 18 күндүк “Манас” айтуу иш-чарасына катышып, бир нече диплом жана ардак грамоталарды алган.

2016-2017-жылдары “Саякбай манасчы” эл аралык фонду уюштурган  7 күн 7 түн “Манас” айтуу аземине жигердүү катышкан.

2016-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы уюштурган  райондук жаш манасчылар кароо-сынагында катышып кызыктыруучу сыйлык менен сыйланган.

2016-жылы Бишкек шаарынын Ленин районунун Билим берүү башкармалыгынын “Жаш таланттар 2016”  кароо-сынагына салым кошкондугу үчүн ардак грамота ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

2017-жылы Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан өткөн шаардык жаш манасчылар кароо-сынагы Баш байге.

2004-жылы 7-майда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 10 жашынан улуу “Манас” дүйнөсүнө аралашып баштаган. Саруу уруусунан.

Жетишкендиктери:

2015-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын Ардак грамотасы.

2016-жылы Манас үчилтигин таанып билүүгө жана аны даңазалоодогу артыкчылыгы үчүн Ардак грамота.

2016-жылдары “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын Бишкек шаардык таймашында “Туйгун” тобу 2-орун.

2016-жылы 4-декабрь “Манас” күнүнүн урматына өткөрүлгөн Бишкек шаардык жаш манасчылар кароо-сынагында 1-орун.

2017-жылы “Улуу Кыргыз Ордо – Тайтебиш эркүү чыңдоо” федерациясы уюштурган Манас айтуу сынагында Баш байге.

2017-жылдары “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын Бишкек шаардык таймашында “Туйгун” тобу 1-орун.

2017-жылы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган Ош шаарында өткөн 3 күн 3 түн Манас айтуу иш чарасына жигердүү катышкандыгы үчүн Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан Ардак Грамота.

2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган шаардык көркөм окуу кароо-сынагы Баш байге.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында          2003-жылы 26-майда жарык дүйнөгө келген. Бугу уруусунан.

Жетишкендиктери:

2011-жылы “Жаш таланттар” кароо-сынагы 1-орун.

2013-2014-2015-жылдары Бишкек шаардык “Жаш таланттар” кароо-сынагы     1-орун.

2016-2017-жылдары өткөн 7 күн 7 түн тынбай “Манас” айтуу аземинин жигердүү катышуучусу.

2017-жылы Ош шаарында 3 күн 3 түн Манас айтуу иш-чарасында Ардак  грамота.

2017-жылы “Улуу Кыргыз Ордо – Тайтебиш Эркүү чыңдоо” федерациясынын 7 жолу өткөрүлүп жаткан 30 күндүк  “Манас” айтуу сынагында 2-орун.

2018-жылы “Көйкашка” коомдук бирикмеси уюштурган республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы 2-орун.

Дөөлөтов Үмөт

2005-жылы 9-декабрда Нарын областына караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. Уруусу тынымсейит.

Үмөт 3 жашында “Манасты” түгөнбөгөн улуу жомок катары угуп, андан ары кызыгып “Манас” айта баштайт. Сыналгыдан Саякбай Карала уулунун “Манас” айтканын көрүп, тили келбесе да, окуганды билбесе да, мен манасчы болом деп кыялданган. Алгачкы жолу манасчы Сыдыков Дөөлөт менен түз эфирден бирге Манас айтып тушоосу кесилген.

Жетишкендиктери:

2010-жылы Эркин Тоо гезитинин тандоосу менен “Жылдын мыкты манасчысы” номинациясы  менен сыйланган.

2013-жылы Муктарбек ϴмүракунов атындагы сыйлыктын “Жылдын жаш таланты” номинациясы менен сыйланган.

2013-жылы “Улут сыймыгы” номинациясы менен сыйланган.

2015-жылы “Манас Эл” кыймылынын “Манас” төш белгиси менен сыйланган.

2015-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.

2016-жылы КР Премьер-министринин Алкыш баракчасы менен сыйланган.

2017-жылы КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.