Манас эпосун изилдеген окумуштуулар
Жалпы китептер
Илимий изилдөө жана макалалар
Балдар үчүн китептер
Диссертациялар
Суроо: Туулга деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Туулга жоокердин ок өтпөс баш кийими. Согуштук туулга алгачкы коомдо эле пайда болуп, жыгач, чырпык, териден жасалган. Эң байыркы жез, алтын туулга Месопатамияда (биздин заманга чейин 3 миңинчи жылгатаандык) табылган. Байыркы Египет, Вавилония, Ассирия, Римде ар кандай формада (чулу куюлган, майда-майда шакекче сыяктуу чынжырлардан жыш туташтырылып) коло, темир
туулгалар жасалган. Туулганын ичинен башка жумшак болсунүчүн кездемеден же кебезден ичмеги болгон да, сыртын окөтпөс экенин билдирбеш үчүн кээде булгаары менен тыштаган. Орто кылымдарда туулгага бетти, моюнду калкалай турган
бөлүктөр кошулуп түзүлүшү татаалданган. Орустар туулганы X—XVII кылымдарда кол- донгон. XVII кылымдан баштап туулга жасалгалуу баш кийимге айлана баштаган. Кыргыздын озеки чыгармалары- на караганда туулганы байыркы замандан бери эле башка калканчы катары колдонушкан. Бирок кыргыздардын пай- далангаи туулгаларынын кенен, так сүрөттөмөсү илимге белгисиз. Эпосто бул жоо кийиминин эмнеден жасалары айрым деталдары эскерилгени менен кенен сыпаттоо жок, ал болоттон («Болоттон кылган туулга») жасалары, маңдайында
жана эки капталында кулактарды калкалаган (кулакчын) жапкыч китептери (ортосу томпогой тегерскче) болору айтылат.
Суроо: Алпкаракуш деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Алпкаракуш — (Алпкаракуш сүрү бар). — (байыркы түркчө алп — 1. «баатыр»,
«эр», «каарман», 2. «Кайраттуу», «эр жүрөк, тартынбас», «өткүр», кара куш — «бүркүт») — эпосто укмуштуу кереметке ээ, аябагандай зоркуш. Байыркы коло кылымында эле Борбордук Азиядагы элдер колдоочулук керемет күчкө ээ куш катары бүркүткө сыйынышканы белгилүү «Бүркүт молчулуктун жана бакыттын залогу катары малчылык жамааттын эң жогорку колдоочусу катары зсмандын ырайымдуулук күчүн алып жүрүүчү болуп эсептелген» (А. П. Окладников). Бүркүттү жеке кыргыздар түпкү ата-бабаларынан бери карай ыйык эсептебестен, «дүйнөнҮн көпчүлүк элдеринде бүркүт асмандын өкүмдары, ал эми кыйла өнүккөн диндерде асман
өкүмдарынын (Зевсдин) жандоочусу» болуп саналат. Демек, Алпкаракуштун образы алгач жакшылык кылуучу асмакдын ээси катары пайда болгон. Башкача айтканда, Алпкаракуштун Манастын үстүндө айланып учуп жүрүшү анын асмандын (асман дүйнөнүн бардык элдеринде эң башкы, эң жогорку культ) колдоосуна ээлигин символдоштурат. Эпосто алпкаракуш бүркүт маанисинде эмес, сырдуу, кереметтүү, касиеттүүлүк сапаты бар, өзгөчө зор канаттуу катары кабылданат.
Суроо: Коломсок деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Коломсок — калың булгаарыдан, же төөнүн терисинен түбү куушураак, ооз жагы кең кылып жасалган, ичи көңдөй жаанын огун салуучу куту — баштыкча. Саадак деп да айтыла берет. Сырты ээсинин коомдук абалына жараша, алтын,
күмүш, асыл таш же жез ж. б. менен көөрчөгөлөнүп кооздолгон. Жаа кабы ж. б. турманы менен жалпысынан саадак деп да аталгандыктан, коломсок көбүнчө жебенин кабы деген мааниде кеңири колдонулган. Коломсок, саадак ийинге кайчылаштырылып асынылган, же курга өз-өз алдынча бекитилген. Мындай учурда коломсок жоокердин сол капталында, саадак оң капталында жайгаштырылган.
Суроо: Керме деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Керме— бири-биринен көп алыс эмес тигилген эки боз үйдүн ортосуна эки учун түндүктөн түшүрүп керегеге, же керегенин баш лсагына үзүктүн алдынан өткөрүп бекитилип, кээде атайын орнотулган эки мамынын аралыгына,
учтарын мамынын баш жагына байлап тартылган аркан. Аркан жерден 1,5—2 метр (алды жагынан байлоодогу ат нары-бери өтө алгыдай болуп, бийик өйдө көтөрүлүп туруу шарт. Сөздүн теги жалпы эле белгилүү аралыкка тартылган жип, же аркан ж.
б. менен тектеш, Бирок эпосто «керме» негизинен ат байлоого арналган аркан катарында гана кезигет. Кермеге адатта, суутка коюлган, таң ашырылган ат байланат. Коп адамдар конокко келсе аттары кермеге байланышы мүмкүн. (Уй байлоочу керме да эскерилет. Бирок анын курулушу башка, мисалы, жерден
бийик көтөрүлүп туруу зарылдыгы жок).
Суроо: Нөкөр деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Нөкөр — (монг. нөкүр) — 1. Хандын төрөнүн кызматчысы. 2. Ханышалардын, төрө айымдардын коштоп жүрүүчү кыз-келиндери (свита). 3. Эпосто эпикалык баатырлардын, кандардын үзөнгүлөш жолдоштору (соратниктери), жан жигиттери.
Суроо: Туу деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Туу — уруунун, элдин, мамлекеттин, аскер бөлүктөрүнүн, кандын, баатырдын ж. б. атайын белгиси — символу. Ал көбүнчө бир же бир нече түрдүү түстөгү кездемеден, белгилүү өлчөмдө, бетине эмблема түшүрүлүп жасалат да, бир жагынан узундугу 2—2,5 м. жумуру жыгачкы — таякка (асабага) бекитилет, Кээде кездемедеи башка нерселерден да жасалып, туунун милдетин аткарган белги болушу мүмкүн. Мисалы, Чынгыз- хандын тогуз буттуу ак түстүү учу бириктирилген тогуз найзага тогуз ак айгырдын жалы байланып жасалган. Ошондой эле ушул түрдө анын кара туусу болгон да, ага кара айгырлардын жалы байланган. Ак туу Чынгызхандын ордосунда тынчтык күндүн белгиси катары турган, кара туу жортуул мезгилинде көтөрүлүп, коркутуучу сүр — айбатты билгизген. Дегинкисин айтканда, жеке
монголдор эмес, байыркы элдердин көбү (кездеме чыга электе) тери, кыл ж. б. ушуга окшогон нерселерди туу катары пайдаланышкан. Мисалы, «Шахнамеде» ажыдаар падыша Заххокко каршы күрөшкөн темир уста Кава алжапкыч терисин туу кылып
көтөрүп чыгат. Байыркы түрк-монгол элдери кылды (жаныбарлардын жалын, куйругун) туу катары пайдаланганын сөздүн этимологиясы (түг-туг туу-түк, жүн) да көрсөтүп турат. Туу алгач Кытай, Индия ж. б. байыркы чыгыш өлкөлөрүндө
пайда болгон. Туу жөнүндөгү түшүнүк кыргыздаргл байыркы мезгилдерден бери карай белгилүү. Буга «Манас» эпосунда бу түшүнүктүн адаттагы көрүнүш каары кеңири орун алышы жана көптөгөн түрлөрүнүн милдеттеринин эскерилиши күбө.
Мисалы, Ногойдун кызыл туусу, Көкөтөйдүн ашында аса белгиси катары көтөрүлгөн көк туу ж. б. Ошондой эле ар бир аскер бөлүгүнүн өзүнө таандык туусу болгон Чоң казатка кол аттанганда ачык сүрөттөлөт. Эпос боюнча жүз миң колдун башчысы бек, анын белгиси — туу. керней, он миңдин башчысы — туман башы, анын белги- си — байрак, сурнай. Жоого аттанганда тууну алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү аскер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошунга дем-күч берүү максатында туу жоокерлерге алыстан көрүнүп тургандай бийик дөңсөо жерге орнотулган. Туунун душмандын колуна түшүшү жеңилгенге тете болгон, ошондуктан ал ыйык сакталган. Тынчтык мезгилиндеги көп эл чогулган жыйын, той- тамашада ар бир уруу өз туусунун айланасында топтолушкан. Адам каза болгондо жашына жараша анын боз үйүнүн жанына же түндүгүнө кара, же көк туу сайылган.
Суроо: Аалы жаннат деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Аалы жаннат— кудуреттүү бейиш, же жыргаал бейиш маанисинде.
Суроо: Аалы шейит деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Аалы шейит — чыныгы шейит анык шейит маанисинде (шейит болду деп эсептелүүчүлөрдүн арасындагы эң ардактуусу).
Суроо: Абжоор деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Абжоор — митайым, эки жүздүү, куу. Абжоор сөз — бузуку сөз.
Суроо: Алеңгир жаа деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Алеңгир жаа —Алеңгир жаа, сыр жебе. 1. Алеңгир-бүлүк, уруш-жаңжал, кыйынчылык, мүшкүл, талкалап кыйратуу, шаштысын кетирүү, алек кылуу, бүлүк салуу. 2. Алеңгир жаа — Жаанын жасалыш формасы жактан айырмаланган өзгөчө түрү же баатырлар колдонууга ылайыкталып атайын жасалган жаа (эпосто алеңгир жаанын эмнеден жана кандай жасалышы чечмеленбейт, ошондой эле формалык көрүнүш белгилери да сыпатталып, кылыч, найза, айбалта, мылтык ж.б. куралдар сыяктуу кеңири сүрөттөлбөйт), балким андай жаа чоңдугу, жаагынын катуулугу, башка көрүнүш белгилери боюнча айырмаланар. 3. Кыйратуучу, коркунучтуу, сүрдүү жаа.
Суроо: Алмабаш деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Алмабаш баран атканы. 1. Бараң (к. бараң ) мылтыктын түрү. Эпосто форма түзүлүшү чечмеленбейт. Контекстеги берилген маңызга караганда баатырлар урунууга ылайыкталган, өзгөчө мылтыктын бир түрү. 2. Кээде баатырлардын урунган мылтыгына берилген энчилүү ат катары да айтыла берет.
Суроо: Маңгыт деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Ар түрдүү журттан баш болгон, Маңгыт менен калча бар. Кыргыз, өзүбек башка элдердин ичиндеги уруунун аты. Түндүк Кавказда жашаган ногой эли да илгери маңгыт аталган экен. 16-кылмда тажик тилинде жазылган Мажмуат-таварихта 92 уруу аталган. Ошонун ичинде маңгыт да айтылат.
Суроо: Калча деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: 1) Коңурбайдай Калчаны, Кечилдин каны кылыптыр. — (мон. Гал — “от”, галча — “отту тескөөчү”) — 1. Шаман дининдеги монголдор ар кандай маанилүү иштерди аткарарда: аңчылыкка, жортуулга чыкканда, отко, табынышкан. Аны башкарган адамды “галча” аташкан, кийин монголдор ламаизм динине өткөндө галчалар кечилдердин башчысы болгон. 2. Эпосто жогоркудай жагдайга байланыштуу Коңурбайдын туруктуу эпитеттеринин бири — Калча делип берилет.
2) Калың калча көп журтум. — (таж. гарча —”тоолуктар”) — 1. Тоолук тажиктер. 2. өтм. Түрү сууук. Эпосто Оогандын ханы Шооруктун эли. Кээ бир варианттарда калмакча, тажикче эки башка сөз катары кабыл алынып чаташуулар учурайт.
Суроо: Кал деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Казылган кал ороодой — Төрт бурч кылып казылган чоң ороо.
Суроо: Как чеке деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Арга болор жери жок, А да мендей как чеке. 1. Маңдай сөөгүнүн териси каткансып турган жылкы (асыл тукумдугунун, күлүктүгүнүн белгиси). 2. Арыктаган мал. 3. өтм. Таалайы тайган адам, шор маңдай. 4. Жылкынын оорусунун аты.
Суроо: Дуба деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Жерге дуба салганы — (ар. дуба — чакырык, өтүнүч) . 1. Жардамга чакыруу. 2. Жалынуу, тиленүү, өтүнүч. 3. Намаз. 4. Өлгөнчө арнап куран окуу. 5. Сыйкыр окуу, дарым.
Суроо: Теңиз канжар мизи экен деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Эки миздүү канжар.
Суроо: Таш сайынган деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Кытай, монголдордун бөркүнө койгон төрөлүк белгиси.
Суроо: Бөрк деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Баш кийим, тебетей.
Суроо: Бөрү жолдуу деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Бөрү жолдуу. 1. Жолдуу, жолу ачык, ар дайым болуп, ар бир башталган иши, аракети ийгиликтүү болгон адам. 2. Жолдон жолу болуп, дайым олжо алган адам.