КР Улуттук илимдер академиясынын  академиги Абдылдажан Акматалиевдин илимий эмгек жолун, өмүр таржымалын чагылдырган “Өмүр тилеп, эртеңкиге жетели” аталышындагы «Академик Абдылдажан Акматалиев» даректүү тасмасы жарык көрдү. 

 

Анын бет ачары УТРКнын концерттик залында болуп, ага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, КР Баатыры Миталип Мамытов, Кыргыз ССРинин Эл артисти Дарика Жалгасынова, Физика-математика илимдеринин кандидаты, КР билим берүүсүнүн отличниги Роза Айтматова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Башкы директору Кайрат Иманалиев жана башка бир топ илимий, маданий интеллигенция өкүлдөрү катышты. 

 

Тасманы тарткан режиссер КР эл артисти Молдосейит Мамбетакунов. 

 

Даректүү тасма менен катар А. Акматалиевдин “МАНАС: ТАЛАШ. ТАЙМАШ. БААЛАШ», “ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ” аталышындагы эки китеби жана Сапалкан Ариповдун Абдылдажан Акматалиевге арнап жазган «КУМУРСКА» китептеринин таанытымы да болду. 

 

Өмүрүн илимге арнаган академиктин өрнөктүү баскан жолу тууралуу жасалган эмгектердин таанытымын жакында Улуттук биринчи каналдан көрө аласыздар.

Комментарий калтыруу