ТАЛАС ОБЛУСУНДА “АЙКӨЛ МАНАС” АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ

Талас шаарында Манас атабыздын эстелиги областтык администрациянын имаратынын алдына орнотулду. 21-марттагы ачылыш аземге Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын эмгек жамааты, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

 

Эстеликтин ачылышын утурлай 13-марттан 21-мартка чейин театрыбыздын манасчылары Талас облусунда күнү-түнү “Манас” айтты.

КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери Улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулган  Талас шаарында Нооруз майрамына карата 9 күндүк «Манас» айтуу иш чарасына  жана «Манас» атанын эстелигин ачуу салтанатына катышып кайтты.   Салтанаттын жүрүшүндө Талас элине театрдын жамааты тарабынан коюлган «Айкөлдүн аманаты» коюлуму көрсөтүлдү.

Маалым болгондой, эстелик скульпторлор Садабек Ажиев менен Токталы Мурзакаримов тарабынан иштелип чыккан, анын бийиктиги 12 метр, баасы 8,7 миллион сомго бааланган Айкөл Манас атабыздын эстелигин жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек кылды. Скульптураны курууга жана ташууга 1 миллион 100 миң сом каражатты “Альянс Алтын” ишканасы бөлүп берген.

         Нооруз эли-жерибизге эсендик, барчылык, молчулук алып келсин!

 

Комментарий калтыруу