Гиннесс китебине кирген манасчы Рысбай Исаков президент менен жолукту

 

«Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айтканы үчүн Гиннесстин сертификатын алган манасчы Рысбай Исаков 1-декабрда президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, чыгармачылыгы жана пландары тууралуу сүйлөшкөнүн мамлекет басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга маданият, маалымат, башчынын  спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу да катышты.

Маалыматта айтылгандай, президент манасчыны Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине кириши менен куттуктап, анын өнөрү кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салттарга жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы экенин белгиледи. Ал келээрки жылы жаңыланган «Манас айылы» этнографиялык комплексинде миң орундуу «Манас» театры ачыларын, комплекс элдин этносунун, анын көп кылымдык тарыхынын, маданиятынын жана каада-салтынын, келечек муундарга тарыхты сактоонун символу болорун айтты.

Рысбай Исаков мамлекет башчыга чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүштү, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыгарын билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент манасчы Исаковго «Манас», «Семетей», «Сейтек» үч томдугун тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

 

Комментарий калтыруу