Рысбай Исаков Гиннесс китебине тынбай үн чыгарып окуу багыты боюнча кирди
Түркиянын Бурса шаарында 21-28-сентаябрда өткөн «Манас жумалыгында» Рыспай Исаков 124 саат бою манас айтып, Гиннесс рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен 29-сентябрда билдиришти.
«Дүйнөлүк Гиннесс китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесс китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага күбөлүгү тапшырылды. Анда катталуу учурунда Гиннесс тарабынан бекитилген талаптар сакталгындыгы айтылды», — деп билдиришти министрликтен.
Manas-discovery.kg сайтынын жамааты Рысбай Исаков агайды чын жүрөктөн куттуктоо менен бирге көптөнгөн ийгиликтерди каалайт.