Урматтуу окутуучулар, студенттер жана кызматкерлер!

 

Сиздерди профессор Пламтри Жеймстин “МАНАС” ЭПОСУНА ТИШЕЛҮҮ ИЗИЛДӨӨЛӨРГӨ ЖАҢЫЧА ИЛИМИЙ СЕРЕП (1856-2018)” китебинин бет ачар аземине чакырабыз.

 

Китепте мурда англис тилинде жарык көргөн «Манас» эпосунун түрдүү аспектилери боюнча изилдөөлөргө тиешелүү маалыматтар кыргыз тилине которулуп, санариптик доорго ылайык жаңы өңүттөгү илимий көз караштар менен толукталып берилген. Бул китепте «Манас» эпосуна тиешелүү кол жазмалар, оозеки жана жазма түрдөгү варианттардын ортосундагы байланыштар, ар бир доордун эпоско тийгизген таасирлери менен катар башка олуттуу тарыхый маселерге тиешелүү талдоолор камтылган. Ошондой эле аталган эпостун азыркы варианттары заманбап технологиялардын жардамы менен талданып, кызыктуу фактылар аныкталган.

🗓️ Чын куран айынын он экиси (12.04.2024)

 

⏰ 10:30-12:00

 

🏫 410- аудитория, БААУ, Аалы Токомбаев 7/6

 

☕ Чакан даам татып кетүү мүмкүнчүлүгү тартууланат

 

МААНИЛҮҮ: Иш-чара ошондой эле гуманитардык илимдерде колдонуучу текcтти анализдөө багытындагы санариптик куралдарын тартуулайт.

Иш-чарага катталуу үчүн шилтемени басуу шарт https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdyiUPPQvsE0GITKTBlqWSmi1OmsEZZcSI8I-IBdDjJLcE3MQ/viewform

Комментарий калтыруу