«Манас» эпосуна арналган manas-discovery.kg сайты 28-мартта 1 жашка толду

2022-жылдын 28-мартында manas-discovery.kg сайтын ачып, элибизге кубанычтуу жаңылыгыбыз менен бөлүштүк эле. Мына ушул сайтыбыздын ачылганына туура бир жыл болду. Бул сайттын ачылышы Манас таануучулар, жалпы окурмандар үчүн кубанычтуу жаңылык болгон. «Манас» эпосунун бирдиктүү маалыматтарын камтыган атайын сайттын ачылыш тарыхына кайрыла турган болсок, бул сайтты  Борбор Азиядагы Америка университети менен Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргелешкен долбоорунун негизинде ишке ашырылган. Сайттын ачылышында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институнунун директору, академик А.Акматалиев жана “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин деканы, БААУ Данияр Карабаев сөз сүйлөшүп, сайттын ачылыш максаты жана келечекте аткара турган иштери тууралуу маалымат беришип, сайттын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалашты. 

Андан соң  келген конокторго сөз берилип Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Азыркы кыргыз тили” бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери Мусаев Сыртбай Жолдошевич жана
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти Капалбаев Октябрь Эркиновичдер сайттын ачылышы менен кызуу куттуктап, бул сайт кыргыз эли үчүн, жалпы манас таануучулар үчүн эң сонун жаңылык экендигин баса белгилеп өтүштү.

«Манас» эпосуна байланышкан документтер менен маалыматтарды санариптештирүү алкагында «manas-discovery.kg» сайты ишке кирген тартып бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келе жатат. 

Бул сайтта «Манас» эпосунун варианттарынан тарта манасчылардын өмүр баяндарына чейин, дегеле «Манас» дүйнөсүнө таандык бардык маалыматтарды табууга болот. Эми окурмандар чөнтөк телефондон эпостун мазмуну, каармандарынан баштап, китептердин, илимий изилдөөлөрдүн, макала, маектердин электрондук версияларын, манасчылардын өмүр баянын окуй алат. Ошондой эле, сайтта эпоско байланыштуу бардык медиа материалдар жеткиликтүү көрсөтүлгөн. Сайттагы маалыматтар улам жаңыланып, кызыктуу жаңылыктар менен толукталып келе жатат.

Бул сайттын максаты  — «Манас» эпосун жөн гана оозеки элдик чыгарма катары баалабай, аны терең изилдөө, эпосто камтылган ар бир идеяны талдап чыгуу жана заман талабына ылайык, баалуулуктарды жайылтуу болуп саналгандыктан, бир жыл аралыгында бул максаттарыбыздын баардыгын кыргыз эли үчүн, жалпы манастаануучулар үчүн деп колдон келген аракетибизди жасап келе жатабыз жана келечекте дагы көптөгөн иштер аткарылат деген ишеничтебиз.

Комментарий калтыруу