“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”

аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция

болуп өттү

 

2022-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи залында, “Манас” эпосунун С.Орозбаковдон жазылып алынышынын 100 жылдыгына карата, “Манас” эпосун изилдөөгө багытталган 1952-жылдагы Бүткүл союздук илимий конференцияга 70 жыл толгондугуна арналган  республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштуруп, Улуттук Манас театры жана Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы менен биргеликте өткөрүлдү. 

Иш-чарада спонсорлордун каржылоосу менен С.Орозбаковдун вариантынын академиялык текстинин негизинде даярдалган “Манас” эпосунун 4 томдук китеби жана “Манас” эпосунун бириктирилген вариантынын экинчи басылышынын бет ачар аземи болду.

Ал эми 14:00до төмөнкү 3 багыт боюнча секциялык иштер жүргүзүлүп, республикалык жана чет элдик докторанттар, аспиранттар докладдарын окушуп, кызуу талкуулар жүргүзүлдү. 

ИЛИМИЙ ЖЫЙЫН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАРДА ИШ АЛЫП БАРДЫ:

  • “Манас” эпосун изилдөөнүн тарыхы, теориялык маселелери 

А) “Манас” –  улуттук идеологиянын уңгусу

Б) “Манас” гуманитардык жана табигый илимдердин контекстинде

В) “Манас” эпосундагы кыргыз элинин каада-салт эрежелери (аш, той, ырым-жырым, жөрөлгөлөр)

  • “Манас” эпосу чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрүндө
  • “Манас”  эпосунун чет тилдерге которулушу 

Кыскача маалымат: 1952-жылы “Манас” эпосунун элдүүлүк проблемасын талкуулаган илимий форум жалпы союздук масштабда болуп өткөн. Бул манастаануу илиминин тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ дата эле болбостон, бүткүл элибиздин маданий тагдырындагы бурулуш учур болуп, он беш союздук республиканын бирин түзгөн кыргыз элинин эс-тутумунда, социалисттик доордо илимий прогресстин жолунда мамлекеттик идеологиянын чеңгелинен суурулуп чыккан күн катары сакталып калды.

Иш чара СССР ИАсы тарабынан демилгеленип, жалпы союздук масштабдагы Александр Боровков, Александр Бернштам, Мухтар Ауэзов, Болот Юнусалиев, Медина Богданова, Өмүркул Жакишев, Бүбү Керимжанова сыяктуу бир катар окумуштуулар катышып, эпостун элдүүлүк маселесин талкуулашкан.

1952-жылы 1-августта ССР ИАнын Президиумунун жыйынында “Манас” эпосуна арналган илимий конференциянын жыйынтыктары талкууланып, натыйжада алты пункттан турган токтом (№465) кабыл алынган. Анда эпос элдик деп табылып, 1953-55-жылдар аралыгында бириктирилген вариантты иштеп чыгуу сындуу чечимдер белгиленген.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 2012-жылы иш чаранын 60 жылдыгынын урматына эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурган. 

2020-жылы “Манас” документтердин топтому деген аталышта көлөмдүү эмгек жарыкка чыккан. Анда 1952-жылы июнь айында өткөн эпостун элдүүлүгү боюнча өткөн конференциянын стенограммасы толук киргизилген.

Быйыл 2022-жылы ошол тарыхый мааниси терең илимий конференцияга 70 жыл, ал эми алп манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы эпостун кагаз бетине түшүрүлгөнүнө 100 жыл толуп отурат. Мындай маанилүү даталарды белгилөө максатында уюштурулган республикалык конференцияны академик А.Акматалиев модераторлук кылып, Б.Бөрүбашев, А.Эркебаев, К.Талиева, Н.Кадырбеков, О.Ибраимов, Ж.Орозобекова ж.б. илимий жана коомдук чөйрөдөн мугалимдер, студенттер, аспиранттар, жүрөгү Манас деп соккон кыргыздын мекенчил уул-кыздары катышып, “Манастын” бүгүнкү абалы жана келечектеги аткарыла турган маселелер туурасында сөз козголду. Конференцияга борбор калаадагы илимий мекемелерден сырткары Ош, Жалал-Абад, Нарын мамлекеттик университеттеринин да окутуучулары катышты. КР УИАнын жаңы президенти Абдрахматов Канатбек Ермекович да иш-чарага катышып, 4-декабрь “Манас” күнү менен бүткүл кыргыз элин куттуктады, өзгөчө манасчыларды жана манастаануу илимине салым кошуп жаткан окумуштууларга чыгармачылык ийгилик каалады.

Комментарий калтыруу