«Манас» мааниси, эл турмушунан алган орду жактан кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабабыз тарыхта аты белгилүү болгон үч миң жылдан ашык убактан бери басып өткөн узак жолундагы руханий табылгаларынын, билгендери менен тажрыйбасында топтолгондордун алгылыктууларын, башынан кечирген өйдө-ылдыйлуу окуялар, көөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан баасы кунсуз казынанын милдетин аткарып, элибиздин ыйык тутуп, укумдан тукумга бөксөртпөй сак-тап, улам толуктап, байытып келе жаткан улуу мурасы.

Насили боюнча «Манас» көркөм сөз өнөрүнүн туундусу – элдик оозеки көркөм чыгармачылыктын үлгүсүнө жатат.

Кыргыздар «Манасты» жомоктордун катарына кошушат. В.М.Жирмунский архаикалык типтеги баатырдык эпосторду «баатырдык эпос» деп атаган. Мисалы «Манас» баатырдык эпосунда: Атаңыздын жомогу, айтпай койсок болобу? деген ыр саптары кездешет. Буга жараша кыргыздарда ХХ кылымдын 30-жылдарына чейин «Манас» айтуучуну «жомокчу», «ырчы» деп келишкен.

Жомокчулар койбосо,

Уйкаштырып ырды айтып.

Келиштирип койбосо,

Жомокчулар калп айтып (СО, КФ, 537-инв., 380-б.).

«Жомок» жалпылык маанидеги термин. Жомоктотуп баяндоо дегенди туюнткан, ыр түрүндөгү, сюжеттик курулушка ээ болгон көркөм чыгармалар жомок делет. Андай көркөм чыгармаларды чыгыш элдеринде «дастан» делген атайын адабий термин менен атоо салты да орун алган. Бирок, кыргыз оозеки чыгармаларында белгилүү болгон «жомоктор» мазмундук маңызы, структуралык курулушу, формалык көптөгөн белгилери жактан «дастан» термини камтыган түшүнүккө караганда, дүйнөлүк фольклор-таануу илиминде көптөгөн элдерде жалпы кабыл алынган «эпос» түшүнүгүнө көбүрөөк жакын жана ички-сырткы белгилери боюнча бардык жактан төп келет.

Мурда кыргыздарда «жомоктор» – деген түшүнүк менен камтылып, анын тутумуна кирүүчү көркөм чыгармалардын орчун тобун түр, түркүмдөргө бөлүп, атайын ажыратуу, алардын ар бирине өз өзгөчөлүктөрүн так эске алган мүнөздөмөлөр берүү иши жок болгондуктан «жомок-ту» атайын илимий термин катары пайдалануу, ага жата турган материалдарды жиктеп, топ-топторго бөлүү кыйынчылык туудурат. Анын үстүнө кыргыздардын көркөм сөз өнөрүндө ыр түрүндө курулган жомоктордон башка да кара сөз түрүндөгү жөө жомоктор бар. Кээде бул эки терминдин ажыты айырмаланып, так жиктелип олтурбай эле, кыска айтуу максатында экөө тең «жомок» деле берүү учурлары кеңири кездешет. Чынында бири ыр менен, экинчиси кара сөз түрүндө (эл оозунда жомок дегенде жөө деген сөздү ко-шуп кара сөз түрүндө айтылуучу чыгарманы туюнтуу мал чарбачылыгы менен жан сактаган калктын чабалдыкты, экинчи катарда туруучу жөө болуу менен туюнткан түшүнүгүнө байланышуусу да мүмкүн – жөө туман, адамдын жөөсү ж.б.) айтылгандыгынан башка да жөө жомоктор менен жомоктордун ар биринин өзүнө таандык мазмундук, формалык орчун айырмалуу өзгөчөлүктөрү бар. Ошон үчүн «Манасты» (жана жалпы эле «жомок» термини кучагына алган бардык чыгармаларды) жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык «эпос» түшүнүгү-термини менен атоо жана ага таандык мүнөздүү белгилерди «эпос» илимдик термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо-талдоо жүргүзүү ыңгайлуу жана туура.

Кыргыз элинин оозеки көркөм сөздөрүн изилдөөчү окумуштуулар арасында «эпос» термининин жалпы кабыл алынган туюнтмаларынан башка да «чоң эпос», «кенже эпос» – делген түшүнүктөр пайдаланылып жүрөт. Бирок, мындай бөлүштүрүү чыгармалардын ички курулушу, мазмундук маңызына эч тиешеси жок, жалгыз гана «Манас» үчилтигинин көлөм жактан өзгөчө зорлугун атайын белгилеп, башка кыргыз эпосторунан айырмалоо максатын көздөгөн аракет.

Жанрдык белгилери боюнча «Манас» баатырдык эпос. Бирок, анын мазмуну камтыган чек, берген маалыматтарынын көлөмү баатырдык эпостун салттык алкагынын өлчөмүнөн алда канча кеңири жана терең. Анткени көптөгөн кылымдар бою кыргыздар бир эл катарында уюткусу ыды-рабай, бузулбай, аты сакталып, жашоосун улантуу, туку-мун улоо, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз жана оор кармаштарын – туруктуулук, сөздүн оң маанисинде көктүк менен, көшөрүп жүргүзгөн күрөшүн баяндоого арналган бул чыгармадагы башкы тема – элдин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып кирген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, калктын уюткусун түзгөн ата уулдар өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакыруу. Ошону менен бирге эл үлгүлүү жүрүш-туруш, мыкты сапаттардын элестүү мисалдарына таянуу менен калктын бардык муундарына, айрыкча жаштарга таалим-тарбия берүү. Ушул негизги максатка ылайык эпостун мазму-нунда түпкү теги турмуштун өзүнө, эл башынан өткөргөн жана өткөрүп жаткан чындык көрүнүштөрүнө таянган, ошол чындыктан алынып, жалпылаштырылуу аркылуу көркөм боёк менен курчалып, элестүү көрүнүшкө айлан-дырылган түрдүү мүнөздөгү чоң жана чакан ар кандай окуяларды баяндоого – «өнөр алды кызыл тилдин» жардамы менен ыр аркылуу жомоктотуп айтып берүүгө кеңири орун берилген. Натыйжада эпос өз мазмунунда маалымдаган кыргыздардын турмушунун көбү чыгарманын жанрдык белгисинин талабына ылайык согуштарда өтөт, ал согуштардын түрлөрү көп: баскынчыларга каршы күрөш (кытай кандары Алооке, Молто, Коңурбай ж. б. согуштар); малдын жайыты, жашоого ыңгайлуу жер үчүн коңшу уруулар арасындагы чырдашуулар, аягы ырбап кетип кандуу кармаштарга айланган салгылашуулар (манжу, алтай калмактары менен согуш-кармаштар); жортуулчуларга каршы туруу (Нескара, Нуукер дөө менен согуштар ж.б.); зомбулук көрсөтүүчүлөргө, басмырлоого каршылык көрсөтүү (он бир дуудуга каршы согуштар, Кошой окуясы ж.б.); ата-бабанын туулуп-өскөн жерин-мекенди бошотуу, көз карандылыктан кутулуу, эркиндикке чыгуу үчүн жүргүзүлгөн согуш-кармаштар (Ала-Тоону басып алган кытай-калмактардан бошотуу үчүн Текес кан, Орго кан, Акунбешим шаа, Панус кан ж.б. согуштар); өзү катыл-ган душмандардын мизин кайтаруу (Шоорук кан менен согуш); коркунучтуу жоодон кутулуу үчүн анын алдын алуу («Чоң казат»); кордук көрүп, жабыр тарткандарга, тектеш, уруулаш тууган элдерге жардам берүү (Кошойдун элин чаап алган Түлкү кан менен согуш, Нойгуттарды чапкан Оогандыктарга каршы чыгуу ж. б.); булардан башка да кыргыздар өзүлөрү олжо алуу, жылкы тийүү ж. б. максаттар менен жортуулдарга чыгып согушуу. Ошону менен бирге эле «Көзкамандар окуясы», «Алмамбеттин жомогу», «Көкөтөйдүн ашы», «Манастын Каныкейди алышы» ж. б. сыяктуу негизги мүнөзү жактан жай турмуш көрүнүштөрүнө жата турган окуяларда да чакан мүнөздөгү согуштук иш-аракеттер баяндалуу эпостогу көндүм белгилерден. Чыгармадагы каармандардын сапаттык мүнөздөмөлөрүндө да баатырдык – эрдик касиеттерге басым жасалып, орчундуу көңүл бурулат. Эпостун мазмунундагы эл жашаган тарыхый шарт баатырдык доор – элдин көпчүлүк өмүрү согушта өтөт, согушка катышуу, каармандык көрсөтүү ар бир эр бүлөнүн милдети, эркектер турмак ургаачылар да согушка аралашуу, баатырдык иштер иштөө адаттагы кайдыгер көрүнүштөрдөн. Ошондой болсо да элдик баатырдыкты – согуш жана ага байланышкан көрүнүштөрдү чагылдыруу «Манастын» мазмунунун бүт өзөгүн түзбөйт, андан кем эмес өлчөмдөгү материалдар элдин жай турмуш элестерине байланышкан маалыматтарды баяндоого арналган.

Жай турмуш сүрөттөрүнүн деталдаштырылган кеңири көрүнүштөрү эпосто атайын ушул темага арналган чоң-чоң эпизод-бөлүмдөрдө («Манастын туулушу жана балалык чагы», «Манастын кан шайланышы», «Алмамбеттин жомогу», «Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы», «Манастын өлүмү жана ага күмбөз салдыруу» ж.б.) чагылдырылган. Ошону менен бирге эле негизинен согуштук окуяларды баяндаган бөлүмдөрдө да кандуу кагылыштар арасында көптөгөн жай турмушка тиешелүү үрп-адаттык, салттык жосундар, маалыматтар берилүү кеңири мүнөзгө ээ белгилерден (он бир дуу-дуу аталган уйгур кандарына каршы согуштук окуялардын арасында Манастын Кайып даңдын баатыр кызы Карабөрктү жактырып калышы жана ага үйлөнүшү, Ала-Тоону кытай-калмак бас-кынчыларынан бошотууга арналган жүрүш учурунда Тейиш кандын тою, өзүнө каршы сайышка чыккан калмак Каткалаңдын кызы Сайкалды Манас жактыруу, Кошойдун элин чаап, уулун өлтүрүп кеткен Түлкү канга каршы согуш учурунда Бокмурунга Түлкүнүн кызы Канышайды кудалоо ж.б. көптөгөн учурлар).

Эпостогу жай турмуш белгилерин, ага байланышкан үрп-адаттык жосундарды сүрөттөгөн эпизод-окуялар элдин жашоо тиричилигиндеги ар кыл көрүнүштөрдү бардык тараптан, майда деталдык белгилерине чейин терең жана таасирлүү ачып берип, өзгөчө бай маалыматтарды ичине камтып, кыргыздар бүгүнкү учурдан алда канча мурдагы тарыхый шарт–учурларда кандай жашап, эмне-лерди башынан кечиргенин, кайсыларды оң деп эсептеп, кайсыларды терске кошконун, кимдер менен таттуулашып-достошуп, кимдерге каршы туруп, кармашып, жоо тутканын, качан, кандай шарттарда өз башынан кай түрдүү орчундуу окуялар өткөргөнүн, дүйнөнү, айлана-чөйрөсүн үйрөнүп таанууда кандай ийгиликтерге ээ болгонун, турмуш тажрыйбасында эмне деген пайдалуу, жашоодо зарыл керектүүлүккө жата турган үлгүлүү жыйынтыктарды топтогонун көрүүгө болот. Эпостун сюжетиндеги бул маалыматтар коом мүчөлөрү болгон ар бир жеке адамдын, элдин уюткусун түзгөн ар бир үй-бүлөнүн жана жалпы элдин тагдыры, күндөлүк тиричиликтен тартып, тагдыр че-чилүүчү чоң окуяларга чейинки башынан өткөргөндөрүн талдоого алып, элестүү, таасирлүү көптөгөн фактылардын жардамы менен бекемделген көркөм сүрөттөмөлөр аркылуу жүзөгө ашырылган.

«Манастын» сюжеттик курулушунун тутумуна кирген окуяларды согуштук аракеттер жана жай турмуш көрүнүштөргө бөлүү, чынында шарттуу белги. Эпостун мазмуну эл абалын реалдуу чындыкка алда канча жакын чагылдыргандыктан, эки учур – согуш менен жай турмуш аралаш сүрөттөлөт, б.а., жоого каршы күрөш жүрүп жат-канда, жашоонун бардык башка белгилери токтоп калбайт, же ошондой эле капсалаң-дүрбөлөңдөн эч кабар жок жатканда, капыстан согуш башталышы да мүмкүн, кээде жашоонун бул эки көрүнүшү биринен бирине өтүп, алмашып, ал турмак аралаш деп айтарлык мүнөздө чагылдырылуу учурлары өтө көп жолугат. Бул абал эл чыгармасынын калк турмушунун өзүнөн алынып, аны чындыкка жакын чагылдыруусу менен шартташкан.

Ар бир элдин жараткан көрүнүктүү эпостук чыгарма-сын мааниси жана камтыган маалыматтарынын чегинин кенендигине карата ошол калктын жалпы турмушунун көркөм энциклопедиясы – деп атоо фольклортаануу илиминде мурдатадан кабыл алынган салттык көрүнүштөрдүн биринен. «Манас» эпосунун Ч. Валиханов, В. В. Радлов ж.б. сыяктуу көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнөн тартып, бул чыгарма боюнча пикир айткан ар бир окумуштуу эпоско таандык ушул белгиге айрыкча басым жасап, баа беришет. Окумуштуулардын андай бир ооздон айтылган ою мурдатадан келе жаткан көнүмүш салтты кайдыгер өтөгөндүк гана эмес, кыргыз эпикасынын эл турмушунан ээлеген ордуна жараша чыныгы баркын, ордун көрсөткөн адилет баа.

«Манаста» орун албаган, сөз козголуп, көркөм чагыл-дырылбаган эл турмушуна, жашоо шартына, үрп-адат, салттык жосундарына, көз караш түшүнүктөрүнө тиеше-лүү бир да учурду табууга мүмкүн эмес. Ушул ойду тастыктоо, көрсөтмөлүүлүккө ээ кылып, ишенээрлик деңгээлде баяндоо үчүн мындай мисал келтирүү жөндүү: четтен келип кыргыздардын арасында бир аймакта 40–50 жыл туруктуу жашаган адам мен бул элди, анын психологиясын, кандай калк экендигин толук билем – деп айтса, ошол сөз-дү куру мактаныч эсептеп, шектенүү менен мамиле кыл-са болор эле, ал эми кыргыз тилин мыкты билген ар бир чет жер адамы «Манасты» жеткиликтүү үйрөнүү аркылуу ушул эпосту жараткан элдин бардык ага таандык оң жана терс жактарына, жашоо шартына, ички дүйнөсүнө, ал эле эмес басып өткөн тарыхый жолунун негизги нугуна, башынан өткөргөн урунттуу окуяларына чейин терең билем – десе жөндүү, негизи бар сөз катары кабылдоого болот. Ал турмак бир да кыргызды өз өмүрүндө көрбөгөн адам да «Манасты» терең өздөштүрүү аркылуу бул эл, анын өзгө-чөлүгү жөнүндө атайын изилдөөлөр жүргүзүп, терең ой-лорго ээ орчундуу корутундуларга келүүгө, ал элди мык-ты билген адистердин катарында иш алып барууга толук мүмкүн дегенибиз жөндүү. Мындай абалдын мисалы бү-гүнкү реалдуу турмушта да илимге белгилүү (Артур Томас Хатто Лондон университетинин профессору, адистиги боюнча байыркы немец тилин изилдеген окумуштуу, «Манас» жөнүндө угуп, ага тиешелүү илимий эмгектер менен таанышып, кызыккандыктан кыргыз тилин үйрөнүп, натыйжада «Манас» боюнча көптөгөн баалуу эмгектерди жаратты жана бул багытта бүгүн да ишин улантууда. «Манастын» тексттерин окуу аркылуу кыргыздардын турмушу, үрп-адаты, салттары ж.б. менен А.Т.Хатто канчалык деңгээлде таанышканын ал окумуштуунун жарыялаган кыргызча тексттери жана аларга берилген кыргыз, англис тилдериндеги түшүндүрмөлөрү – комментариялары айкын далилдеп турат).

«Манастын» терең мазмунун, андагы камтыган окуялардын өзгөчө кенен чегин жана турмуш көрүнүштөрүн баяндоо ыктарынын көп жактуулугун эске алганда бул эпосту бир чыгарма дегенге караганда, өзүнчө толук деңгээлдеги, бүтүндөй адабияттын үлгүсү, же бери эле болгондо ошондой көркөм багыттын оозеки түрүндөгү көрүнүшү десек жөндүү да, калыстык да болмок. Эпосто кыргыз фольклорунун көптөгөн жанрлары синтездештирилген, ар башка түртүркүмдөр бири-бирине жуурулушуп, чыгарма-нын башкы багытынын таламдарына ылайыкташтырылган жана эпостун мазмунуна окуялардын өнүгүш жолуна жараша сиңип, өз-өз ордун алган. Кошоктордон, керээз, арман ырларынан тартып, санат-насияттарга, макал-лакап, учкул сөз, жөө жомоктордун түрлөрүнөн тартып, уламыш, легенда, мифтерге чейинки ж.б. көптөгөн оозеки көркөм чыгармачылыктын үлгүлөрү эпостун мазмунунан жолугушу мунун далили. Бирок, «Манас» ар түркүн жанрдагы чыгармалардын жыйнагы, көптөгөн маалымат-кабарлардын жөнөкөй жыйындысы эмес. Мазмунунун өзгөчө кенендигине, баяндоо ыктарынын аркылдыгына карабастан, «Манас» жогорку көркөмдүккө ээ, бир бүтүн чыгарма катары, анын окуялары композициялык бүтүн-дүккө баш ийип турат. Бардык түрдөгү окуяларды бирик-тирип, байланыштырып турган кызыл сызык – Манас баатырдын өмүр жолу жана баатырдык иштери. Эң байыркы учурларга таандык жөө жомоктук мотивдер да, чыгарма-нын өзөк окуяларынан мурдагы, кийинки маалыматтар да, оозеки чыгармачылыктын ар кыл түртүркүмдөрүнүн үлгүлөрү да ушул башкы максатка ылайыкташтырылган, баш ийдирилген.

«Манастын» окуяларынын кенендик чеги, ар кыл мүнөзү чыгарманын сюжеттик нугунан да таасын көрүнөт. «Манастын» биринчи бөлүмүнүн илимге белгилүү көптөгөн варианттарынын ичиндеги баарынан көлөмдүүсү жана эпостун салттык туруктуу окуяларын кенен камтыган варианттын бири болгон Сагымбай манасчыдан жазылган тексттердин кыскача мазмуну бул түрдө: бийлиги көп жерлерге жетип, акылмандыгы, баатырдыгы менен атагы алыска кеткен, достору сыйлап, душмандары жалтанган, элинин туткасы Ногой кан (С.Каралаевдин варианты боюнча Каракан. Түрдүү варианттарда айрым каармандардын ысымдары башка-башка аталуу эпостогу салттык белгилердин биринен) кайтыш болгондо, анын ордун баскан мураскорлорунун жөнсүздүгүнөн пайдаланып, мурдатадан аңдышкан душманы кытайлар кыргыздарды басып алып, жерин ээлеп, баш көтөргөндөрүн кул-күңгө айлантып, Ногойдун тукумдарын таратып, туштушка сүргүнгө айдайт. Эл тентип, азып-тозуп, ордунда калгандар баскынчыларга адамдан салык төлөп, күнкор тур-муш, өтө оор абалда калышат.

Алтайга айдалып барып эгин айдап, алтын-күмүштүн кенин казып, калмактарга малай жүрүп жан сакташкан кыргыздардын арасындагы Ногойдун кенже уулу Жакып Бөйөн, Чаян дегендерге малай жүрүп, иши жаккандык-тан Чаян кызы Бакдөөлөттү токолдукка берет. Жакып ага чейин аталаш агасы Чыйырдын жесири Шакан аттуу жеңесин алган экен. Бөйөн, Чаяндын көзү өткөн соң Жакып эсепсиз байыйт. Жашы элүүгө чукулдап, бирок эки аялынан бир да перзент көрбөй, көзүм өтсө мынча көп мал-мүлк кимге калат? – деп, убайым тартып, бала тилеп, кудайга зар айтып, мазар тайып, жер кыдырып жүрөт. Акыры Жакып өзү, аялдары жышааналуу түш көрүшүп, ошондон кийин өлгөн күйөөсүнүн аты менен Чыйырды атанып кеткен Шакандын боюна бүтүп, ал жолборстун жүрөгүн көксөйт. Калмактын Карамерген аттуу мергени аткан жолборстун жүрөгүн алдырып жеп, талгагы канган Чыйырдынын ай-күнү жетип, тогуз күнү толготуп жатып эркек бала төрөйт. Бала төрөлгөн учурда Жакыптын жылкысындагы жорго боз айгырдын үйрүнөн эркек кулун туулуп, аны Жакып ырым кылып баласына арнайт.

Балалуу болгонуна кубанган Жакып чоң той берип, балага Манас – деген ат коюлат.

Манас жашынан өзгөчө тентек чыгып, ал тогузга келгенде катыксын, бар-жокту билип түшүнсүн үчүн ата-энеси козу кайтарт – деп өз койчусу Ошпурга малайлыкка беришет. Козу кайтарып жүргөн Манаска кырк чилтен келип жолугуп, башыңа кыйындык иш түшсө жардам беребиз – деп убада кылышат.

Ошпурдукунан баласын алып кеткени келген Жакып Манасты ээрчитип үйүнө бара жаткан жолдо жер коруган калмактар жолугуп, жылкыларың корук жерге кирип кетиптир дешип чыр чыгарып, чатакта атасын тегеректеп алып сабап жатышкан калмактардын бирин Манас укурук менен чапса, ал өлүп калат.

Манжулук калмактар кун алабыз – деп туштушка кабар айттырышып, чогулуп келген көп кол Жакыптын жылкысын тийишет.

Жакыпка ошол чөйрөдөгү кыргыздар, казактар ж.б. уруу, эл өкүлдөрү жардамга келишип, согушта калмактар жеңилет, жоого жеке кирип кол салган жаш Манас биринчи жолу эрдик көрсөтүп, оозго алынат. Манастан жеңилген алтайлык калмактар кытайлардын башкы каны Эсенкандан тартып туш-туштагы өз тарапкерлерине бу-руттардын арасынан Манас аттуу тың бала чыгыптыр, тез жоготуу керек – деп кабар жиберишет.

Манастын даңкын угуп көп колу менен келген Неска-ра, тың чыккан баланы байлап келгиле – деп он бир дууду атанышкан уйгур кандары жиберишкен он бир чыгаан балбан жаш баатыр жана анын тарапкерлеринен жеңилишет. Манас ошондой эле Эсенкандын соодагер түрүндө жиберген атайын адамдарын да жеңип, алар алып жүргөн көп дүнүйөлөрүн элге таратып берет.

Жакып менен коңшу жашаган, анын уулу Манастын жакшылыгын көрүп, ымаласын кошкон ошол аймактагы кең Алтайдын ой-тоосун байырлаган кыргыз, казак, калмак, манжу элдеринин көптөгөн уруу өкүлдөрү чогулушуп жообуз көбөйүп, айланабыздагы кытайлардын көбү менен касташып калдык, ээн жатыш болбойт, биргелешип, кандуу журт бололу – дешип, жаштардын сунушу боюнча Манасты кан көтөрүшөт.

Манастын өзүн жоготуп, элин чаап алыш үчүн атайын камданып жүз он миң кол менен келе жатышкан он бир дуудунун балбан-баатырларына таятасы Эштек менен учурашып келгени бараткан Манас жолдон учурап, Эштек, анын уулу Жамгырчы, сары ногой элинин жардамы менен көп жоону жеңип, андан нары улам келип тынчтык бербейт экен – деп, уйгурларга каршы барып, жеңиш менен кайтат. Согушта колго түшкөн Кайып даңдын баатыр кызы Карабөрктү жактырып калган Манас кыз атасы менен жарашып, баатыр кызга үйлөнөт. Он бир дуудуга каршы согуштарда Манас жана анын колуна касиеттүү адам Жаангер кожонун уулу Билерикти туткундан бошотууга аттанган катагандардын каны Кошой баатыр жардам берет.

Манастын сунушу боюнча ата-бабанын туулуп өскөн мекени Ала-Тоону калмак-кытай баскынчыларынан бошотууга аттанган көп кол кыргыз жерине жетип, Текес, Орго, Чүйдөгү Акунбешим шаа, Ташкендин каны Панусту ж.б. жеңип, Алтайга кайтат, жыл өткөрүп кеңеш куруп, көпчүлүктүн каалоосу менен Ала-Тоого көчүп келишет. Ар ким өзүнүн көңүлүнө туура келген жер, аймакка түшүшөт. Манас өз айылы менен Азиреттин кара тоосунун этегине жайланышат.

Анжиянды бийлеп турган кытайлардын белгилүү чоң кандарынын бири, Коңурбай баатырдын атасы Алооке кыргыздарды кыйратып чаап, Манастын көзүн тазалоо үчүн көп кол жыйып камданат. Анын кабарын уккан Манас артынан арбын черүү ээрчитпей кырк чоросу менен гана аттанып, согушка камданып котолоп жаткан душмандардын сансыз колун аралап өтүп, Алоокенин ордосуна баса барат. Сынчы, кыраакы, кыйды Алооке жаш баатырдын айбатсүрүн көрүп, алы жетпесине көзү жетип, урушсуз багынганын билдирет жана ак үйлүү кылып өз уулу Боокени, агасынын уулу Ыбышты Манаска кошуп берет.

Оогандын каны Шоорук жаңыдан көчүп келген кыргыздарды чаап алмак болуп колу менен аттанып, Алайга жайгашкан нойгуттарды четинен талап кирет. Акбалтадан кабар уккан Манас шашылыш аттанып, согушта жеңилген Шоорук амандык сурап жарашып, кызы Акылайды баш кылып кырк кыз тартуу тартат. Акылай өзү көптүн ичинен тандап келип Манаска тиет.

Эпосто «Алмамбеттин окуясы» – деген шарттуу ата-лыштагы анын Манаска келишине чейинки өмүр жолун баяндаган өзүнчө чоң бөлүм берилген. Анда бул каарман-дын тегинен тартып, туулушу, балалык чагы, качан, кантип Манаска келип кошулганы деталдаштырылып, кеңи-ри сүрөттөлөт.

Алмамбеттин атасы Соорондук (С. Каралаевдин варианты боюнча Азиз кан), ал бүткүл кытай аскерлерин башкарган өзгөчө чоң даражалуу адамдардын бири. Соорондук узак убак баласыз жүрүп, Алмамбетти көрөт. Жашынан зээндүү, терең акылга ээ Алмамбет зиректиги ме-нен өзүн окуткан мугалимдерин да таң калтырып, эрте жетилет. Акылдуулугу, калыстыгы менен көпкө атагы тараган балага анын жаштыгына карабай атасы кандык ордун, бүткүл кытай аскерлеринин башчысы мансабын берет. Андай жооптуу кызматтарды так, терең акыл менен аткарып, ар бир иште адилет, калыс, адамкерчиликтүү са-паттары аркылуу Алмамбеттин бүткүл кытай ичинде атак-даңкы чыгат.

Ээрчиткен жигиттери менен удаа жүргөн Алмамбет казактардын баатыры Көкчөгө жолугуп, андан мусулманчы-лыктын жолун угат да, ислам динин кабыл алат. Үйүнө кайтып, ата-энесине, элине ислам дининин жолун түшүн-дүрүп, мусулман болгула – деп өтүнөт. Эне-атасы да, эли да тилин албайт, атасы ата динден безиптир, муну кармап өлтүргүлө – деп буйрук берет. Элинен качып чыккан Алмамбет аны күтүп жүргөн Көкчөгө келип кошулуп, аны ээрчип казактарга барып туруп калат. Марттыгы, калыс-адилеттиги, терең акылы менен элге бат алынып, кадыр-баркы өсөт. Аны көрө албаган Көкчөнүн жигиттери Акеркеч менен Алмамбеттин көңүл жакындыгы бар – деген жалган ушак чыгарышып, ала көөдөн Көкчөнү аракка мас кылып көкүтүшөт. Көкчө-дөн тентиген качкын, калмак кул – деген сыяктуу катуу сөздөр угуп, көңүлү иренжиген Алмамбет андан кетип, уу уулап талаада жүргөн Манаска жолугат. Алмамбеттин кабарын мурда уккан жана жакында эле жышааналуу түш көрүп, бул белгилүү баатырдын өзүнө келип жолдош болорун күтүп жүргөн Манас аны зор урмат көрсөтүү менен тосуп алып, экөө Чыйырдынын эмчегин ээмп тууган болушат. Алмамбеттин келгенине кубанган Манас көп эл чакырып, чоң той берет.

Мурдагы алган аялдары Карабөрк менен Акылай өзүнө тете жар болбой, жөнсүз чыгып калганына нааразы болгон Манас атасы Жакыпка элден тандап жакшы кыз таап алып берип, аталык милдеттен кутул – деп доомат айтат.

Уулуна ылайык келер кыз таппай көптөгөн жерлер-ди кыдырган Жакып акыры Кыйба шаарынын каны Атемирдин кызы Санирабиганы жактырып, куда түшүп, көп калың төлөп, Манасты салтка ылайык үйлөнтөт. Кандын никейине өттү деген сөздү кыргыздар түшүнбөй калып, Санирабиганын аты кан никей – экен деп ойлошуп, Манастын жаңы алган аялы Каныкей атыгат. Каныкейдин жанындагы нөкөр кырк кызга кырк чоро үйлөнөт. Алмамбет кайыптардын канынын кызы Аруукени алат.

Кыргыздарды кытайлар бөлүп туш-тушка таратканда Жакыптын агасы Үсөн түндүк тарапка айдалган экен. Ал жактан аялы өлүп, калмактан аял алып, Көзкаман атыгып, жан сактап жүргөндө Манастын кабарын угуп, бал-дары менен кеңешип, элге бармак болуп көчүп жөнөшөт.

Оогандардын каны Түлкү Кошойдун өзү үйүндө жок-то анын эли катагандарды чаап алып, Кошой баатырдын жалгыз баласын өлтүрүп кетиптир – деген кабар угуп Манас шашылыш камданып, Түлкүгө каршы аттанат. Бирок, Түлкүнүн иниси Акундун акылы жетиктиги менен эки эл кырылышкан согуш болбой жарашат. Түлкү катасын мой-нуна алып, тартуу тартат жана кандыгын иниси Акунга өткөрүп берет. Акунга ыраазы болгон Манас аны менен достошот жана экөө балалуу болсок балдарыбызды достоштуралы, жок бирибиз эркек, экинчибиз кыздуу болсок куда болушалы – деп убадалашып, бел куда болушат.

Панустун ордуна кан болуп Ташкенди бийлеп турган Көкөтөй кандын уулу Бокмурун Түлкүнүн кызы Канышайды жактырып калгандыктан Манастын акылы боюнча Бакай баш болуп барып, калың төлөп, Канышайга куда түшүшөт. Ала турган колуктунун атын билбей калып, кудалар айып тартышат.

Манас үйдө жокто айылга Көзкамандардын көчү келет. Кабар уккан Каныкей тосо барып учурашып, өрүлүктөйт. Казаттан кайткан Манас жаңы келген туугандарынын кубанычына чоң той берип, аларга энчи бөлүп, кирер үй, киер кийимине, урунар казан-аяк, идишине чейин бүт жаңылап, зор урмат көрсөтөт. Ага карабастан Көзкамандын балдары Манаска кастык ойлоп, эбин таап аны тын-дым кылып, кандык ордун, мал-мүлкүн ээлеп алмакчы болушат. Ушул арада батыш тарапка жортуул, Алмамбеттин сунушу боюнча Айган менен уруш сыяктуу чакан эпизоддор да бар. Манаска айтпай аң уулап, жер чардап, жоо жолукса чаап олжо алып келебиз – дешип аттанышкан кырк чоро батыш тарапка барып, аарылар – деген элге жолугуп, арттан жете барган Манас менен кошулуп аарыларды жеңип, олжо алып кайтышат. Айган менен согушта жеңилген жоо тартуу тартып жарашышат. Ошол Айганга барган жортуулдан кайта келе жатканда Көзкамандар Ма-насты кырк чоросу менен алдап конокко чакырып, ичкен аштарына уу кошуп берип баарын уулантат. Кайыптардын жардамы менен аман калган баатыр оорудан айыгып, чо-ролорун ээрчитип элге кайтат. Көзкамандар өз ара чатак-ташып, бирин бири өлтүрүп, бүт кырылып жок болушат. Ушундан кийин элде ичи бузук, ыркы жок туугандарды көзкамандарча бычакташкыла – деген ылакап сөз калат.

Эсепсиз бай адам Көкөтөй кан карылыгы жетип, катуу ооруп өлөрүндө жакындарын чакырып, Түлкүнүн кызы Канышайды алганы күйөөлөп кеткен уулу Бокмурунга ал келгенде айткыла – деп керээз сөздөрүн айтат. Көкөтөй керээзинде уулум Бокмурун чоң дүрбөөн кылбай эле, мени жөнөкөй көмсүн, аш берем – деп, ат жеткен жердеги бел-гилүү кан, баатырларга кабар жиберип убара болбосун, бирок эсепсиз көп малым, батпаган алтын-күмүшүм, өтө көп өлүү дүнүйөм калды, атанын мүлкү балага мүлк болбойт, анын өз тапканы бар, ырыскысы башка, ушуну ойлосун, не болгон күндө да уулум мени көмөрдө иним Манас менен кеңешсин – дейт.

Көкөтөйдүн көзү өтүп, кайындарынан келген Бокмурунга атасынын керээзин угузушат. Ал Манаска барып, кеңеш сураса баатыр атаң акылман адам эле, сөзүн кайманалап айткан тура. Анын кылба – дегени ушундай кыл деген сөзү. Атаңды өзгөчө ардактап көм, артынан камданып туруп мурда-кийин болуп көрбөгөн чоң аш бер, дүнү-йө табылат, мен сага жардамдашамын – дейт. Бокмурун атасын зор урмат менен жайына коюп, үч жыл камданып, аты белгилүү элдерди бүт чакырып чоң аш берет. Аштын оюн-зоок салтанаттары да өзгөчө болот. Байгенин көбүн кыргыздар алышат. Ашты Кошой бийлеп, Манас башкарат. Өздөрүн Манаска тең ата эсептешкен кыргыз уруу-ларынын бир катар кандары ашты эч кимге кеңешпей, Манас жеке башкарганына ичтери тарып, чыр чыгармак болушканда Кошой арага түшүп, дос-кас бүт чогулган ка-лың топто чыр чыкканы жакшы эмес, аш тынч өтсүн, кийин өзүм Манас канкорду басып берем – деп тыйып коёт.

Аш тарап, бир жыл өткөндө кандар чогулуп Кошойго убадаңыз кана? – дешип барышса, ал карыган адамды шылдың кылбагыла, чогулуп барып алыңар жетсе Манасты кыйрата бергиле – деп тоготпой жатып алат. Кошой бизди алдаптыр – деп кандар өзүлөрүнчө кеңешип, конок-ко барабыз, күт, же конокко кел – дешип Манаска элчилерди жиберишет. Максаттары Манас келгиле – десе көп адам менен барып жүдөтүп, салтты буздуң, жакшылап күтпөдүң – деп шылтоолоп басмырлоо, эгер конокко келсе бирден-экиден таратып бөлүп алып, ыза көрсөтүү эле. Кандардын элчилерине Манас туура кырк күндө көп адам менен келгиле – деп жооп берет. Манастан коркуп, чочулаган кандар шашылыш камданып, ар бири өзүнө тиешелүү колун алып, айткан күнү келишет. Келген элди кырк чоронун сакалдуулары бөлүп кетип, жаштарга, ал эле эмес Манастын өзүнө да конок жетпей калат. Муну көргөн кандар Манаска алы жетпесин түшүнүшүп, эми кантер экенбиз – дешип убайым жеп, чочулашат.

Эмнеге келдиңер эле? – деген суроого кандар ачык жооп бере албагандыктан, Манас аларга мынча көп адам жыйылып келген экенсиңер, жөн эле тарап кетпей өчмөндүү жообуз Коңурбай калчага каршы аттаналы – деп сунуш кылат. Кандар каршы боло алышпайт. Колго Бакайды кан көтөрүп, Алмамбетке жол баштатып, Бээжинге «Чоң чабуулга» аттанышат (башка көпчүлүк варианттарда – «Чоң казат»).

Узак, татаал жол басып, Кытай чегине жакындап, колду оорукка калтырып, төрт баатыр – (Алмамбет менен Сыргак алгач жөнөп, Манас менен Чубак алардын артынан жете барып кошулат) чалгынга барышып, кытайлардын көп жылкысын тийип жөнөшөт. Артынан куугун келип, көп жоокерлер катышкан кыргындуу согушта кытайлар тарап жеңилип, алар тартуу тартып, эки эл жарашат.

Чыгарманын корутунду бөлүгү «Кичи казат». Ичи агарбаган Коңурбайдын куйтулук аракетинин натыйжасында кайра кармаш башталып, Манас жакын жардамчы баатырларынан, минген аты Аккуладан ажырап, өзү жарадар болот. Баатыр жараатынан каза таап, ага арналып күмбөз салынат.

Улуу манасчылардын бири Сагымбай Орозбак уулу айткан вариант ушул түрдө (башка варианттардын бул үлгүдөн айырмалуу жерлери да арбын).

Сагымбайдын варианты эпостун биринчи бөлүмүнүн «Манастын» өзүнүн окуялары баштан аяк толук кагаз бетине түшүрүлгөн тексттеринин илимге белгилүүлөрүнүн арасындагы көлөмү боюнча эң ириси – 180378 сап ырдан турат (Саякбайдын вариантынын «Манас» бөлүмү – 84512 сап ыр).

Жогоруда жондотулуп саналган сюжеттик нук көптөгөн ар бири өз-өзүнчө темаларга бөлүнүүчү бөлүк-эпизоддорду ичине камтыйт. Ошол бөлүмдөрдүн деталдаштырылып баяндалган окуялары катары саналган үлгүгө караганда алда канча кенен маалыматтарды ичине камтуусу мыйзам ченемдүү иш. Ошону менен бирге эле элдин сүйлөө тилинин өзгөчө бай лексикалык каражаттары зор таланттын эбегейсиз күч жумшап, чебер пайдалануусунун натыйжасында жаралган чыгарманын өзгөчө жогорку деңгээли угарман-окурманга эстетикалык таасир күчүн арттырып, эпос баяндаган маалыматтарды толук, кеңири көлөмүндө, элестүү кабылдоосун камсыз кыла алат. Мисалы, эпостун алгачкы окуяларынан эле бүткүл эл башына түшкөн зор кайгы, талоонго учурап, бүлүнүү маалымдалса, ага улай улгайган, тукумсуз адамдын зары, ички оор толгонуулары, туубас атанып, өзүн эч кимге керексиз эсептеген аялдын муңу, андай караңгы түндүн жарыкка айланып, муңдуулардын балалуу болушу, буга байланышкан ырым-жырым, элдик расмилер, бала тарбиялоо ж.б. турмуш көрүнүштөрүнүн бирин бири алмаштырган элес-тери көз алдыга жандуу тартылат.

Чыгармадагы ар бир бөлүм, турмуш көрүнүшүнүн ар бир учуру ушул түрдө өзгөчө кенен, ар тараптуу жана элестүү баяндалган. Натыйжада Манас баатырдын туулушуна жана бүткүл өмүр жолуна байланыштырылып, ошол нукка негиз катары тизилген түрдүү мүнөздөгү кабарга бай-маалыматтардын жыйындысы бир бүтүндүктү түзүп, ата-йын көркөм чыгармага – «Манас» эпосунун жаралышына алып келген. Эпостогу кабар-маалыматтар мүнөзүнө, жа-ралышына, пайда болуу убакыт-мезгилине, тематикасына карабастан, бир адамдын – баатыр Манастын айланасына топтолуп, анын иш-аракеттерине байланыштырылган жана баш ийдирилген өзүнчө чулу, көркөм туундуга ай-ландырылган. Бирок, мындай ажырагыс көркөм бүтүндүк чыгарманын тексттери дайым бир калыпта сакталган, өз-гөрбөс, катып калган абалдагы көрүнүш дегендик эмес. Эпостун мазмунун түзгөн көркөм бүтүндүк анын «жандуу дене» – «жандуу кубулуш» катарындагы негизги маңызын – эпостун жаралыш, жашоо шартына байланышкан өзүнө таандык башка белгисин жокко чыгарбайт – пайда болуу, өсүп-өнүгүү, өзгөрүү, кеңейүү, толукталуу, жаңылануу касиеттерине ээ чыгарма экендигине зыянын тий-гизбейт, тоскоолдук кылбайт.

Мындай абалдын сыры эпос, ошонун ичинде айрыкча «Манас» эмне, ал кантип жаралат, эмнеден турат, кантип жашайт, сакталат, деген суроолордун жообу менен тутумдашкан.

Түпкү негизинде элдик оозеки көркөм чыгармалардын катарына кире турган «Манас» эпосу да бардык бул түрдөгү башка материалдар сыяктуу эле алгачкы пайда болгон үлгүсүндө оозеки жаралат жана узак өмүр жолунун орчундуу бөлүгүн негизинен оозеки түрүндө жашайт. Анын тексттери, варианттары кагаз бетине түшүрүлгөндө гана туруктуулук мүнөзгө ээ болот. Ага чейин эпостун кандай гана вариантынын тексттери болбосун, ар бир оозеки айтылган, аткарылган фольклордук чыгармалар сыяктуу эле дайым атайын, же абайсыздык менен өзгөрүп, толукталып, жаңыланып турат. Ушуга байланыштуу көлөмү да аткаруучу-айтуучу инсандын талант деңгээлине, шык-жөндөмүнө ылайык кеңейип, же кыскарып, толукталып, же бөксөрүп турушу адаттагы көрүнүш.

Ушул мүнөздөгү оозеки көркөм чыгармалардын бар-дык жанрларына бирдей таандык белгилерден башка эпостун – «Манастын» өзүнө ылайык атайын өзгөчөлүктөрү да арбын.

«Манастын» мазмунунда бери эле болгондо, үч негизги катмар, маалымат кабарлардын атайын топтору даана байкалат: байыркы катмар – чыгарманын негизги уюткусун түзгөн учурдун көрүнүштөрү; сюжетке кийин кирген толуктоолор-кошумчалар.

Даяр маалымат, сюжет, ык түрүндө жолугуп, негизинен чыгарманын көркөмдүгүн арттыруу, ойду тереңдетип, таасирдүүлүгүн күчөтүү максатында айтуучулар-манасчылар-жомокчулар тарабынан кеңири пайдаланылган эпостогу байыркы катмар, адатта, ар бир вариантта эки жол менен орун алат – мурдатадан келе жаткан салттык көрүнүш белги түрүндө жана манасчынын вариантты жаратууда-түзүүдө эпоско кошкон кошумчасы, анын сюжетин кеңейтип, көркөмдүүлүк деңгээлин жогорулатуудагы атайын ыгы катары. Ошон үчүн алардын курамы түрдүү варианттарда бир калыпта туруктуу мүнөздө учурабайт, айрым мурдатадан келе жаткан үлгү гана кеңири кезикпесе, көпчүлүк учурда алардын сюжеттен орун алышы манасчынын эрки, деңгээл-дарамети менен шартташкан.

«Манастагы» байыркы катмар образдагы өзүнчө көрүнүш, деталдык белги (Кошойдун сыйкырчылык түрдүү түс, кейипке өтүп, кубулуу өнөрү, Алмамбеттин ажыдаардын окуусун окушу ж.б.) даяр сюжет өзүнчө окуя (адамдын этин жеген жалгыз көздүү Адамдүк, Макел дөө, итаалы элине барган Жайнактын окуясы ж.б.), үрп-адаттык жосун, же түшүнүк (өлгөн адамдын сөөгүн кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруу, сөөктү чарайна менен чаптатып, булгаары менен каптатуу ж. б.) түрлөрүндө болушу мүмкүн. Эпостун мазмунунан кезиккен жөө жомоктук, мифтик, ырым-жырымга, үрп-адатка байланыштуу көптөгөн маалыматтарды ушул байыркы катмарга кошууга болорун эске алганда, чыгарманын сюжеттик нугундагы бул катмардын салыштырмалуу көлөмү, салмагы бир топ орчундуу.

Эпостогу байыркы катмар түшүнүгү чыгарманын уютку өзөгүн түзгөн тарыхый шарттардан мурдагы учурлар-дын туундуларын билдирип турса да, андай белгинин ар биринин «Манастын» сюжетинен орун алыш мезгилин так белгилөө мүмкүн эмес – айрым маалыматтар эпос менен ширелишип, узактан бери бирге келе жатса, кээ бир материалдар чыгармага манасчылардын бизге жакын турган, же кийинки муун өкүлдөрү тарабынан киргизилиши да толук ыктымал. Анткени байыркы катмарга жата турган түшүнүк-маалыматтар жеке эле эпостун сюжеттик куру-мунун тутумунда гана жашабастан, эл арасында ар бири өз-өзүнчө легенда, миф, жөө жомоктук сюжет, улама-айтымыш ж.б. түрлөрдө айтылып, өз бетинче да жашоосун улантат. Ошо даяр «курулуш» материалын манасчы вариантын түзүүдө пайдаланышы, айрым өзгөртүүлөр менен чыгарманын окуяларынын арасына сиңириши мүмкүн.

Эпостун мазмунунда орчундуу мааниге ээ ролду чыгарманын жаралышына түрткү-себепчи болгон окуя жана ошол окуяны жараткан тарыхый шарттын мүнөздүү белгилеринин көрүнүш картиналары-көркөм сыпатталган элестери ойнойт.

Эпостун уюткусун түзгөн негизги өзөк окуяны табуу, белгилөө, ошол окуяга байланышкан тарыхый шарттын мүнөзүн сыпаттоо манастаануу илиминдеги өзгөчө мааниге ээ илимий проблемалардын бири. Эпос боюнча пикир айтуу далалатын көргөн окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү тике, же кыйыр мааниде бул маселеге кайрылбай өтпөйт. Ошон үчүн айтылган пикирлер да бир топ арбын. Ага карабастан илимдин бүгүнкү деңгээлинде бул маселе-ге суроо коюлган түрдө сакталып, жалпы кабыл алынган ишенимдүү далилдеги корутунду али жок.

«Манастын» изилдөөчүлөрүнүн көбү эпостун пайда болушун шарттаган себеп катары эл тарыхынын орчундуу учуру – калк башынан кечирген урунттуу окуя болуш керек деген ойду негиз катары таяныч кылып, натыйжада кыргыз тарыхында эскерилген чоң-чоң окуялардын бири менен эпостун түптөлүшүн байланыштыруу аракетин көрүшөт (В. В. Радлов, М. Ауэзов, В. М. Жирмунский, Б. Юнусалиев ж.б.), кээде ушул принциптен чыгып эпостун пайда болушу менен тарыхтан орун алган конкреттүү окуяны, эпостун каармандарынын конкреттүү прототиптерин атоо учурлары да кездешет (А. Н. Бернштам).

Кыргыздар басып өткөн тарыхый жолдун урунттуу учурларын – калк башынан кечирген өзгөчө маанилүү окуяларды «Манас» эпосунун пайда болуу, жаралуу ишине түрткү болгон себеп катары эсептеген окумуштуулардын жоромолдорун негизинен үч топко бөлүп кароо жөндүү:

  • «Манастын» жаралышына себеп болгон уютку окуя катары кыргыздар менен уйгулардын өз ара мамилелерин – кыргыз-уйгур кармашын эсептөө. Бул жоромолдун кө-рүнүктүү өкүлдөрү академик М. Ауэзов жана проф. А.Н. Бернштам.

М. Ауэзовдун ою боюнча «Манастагы» эпостун өзөгүн түзгөн борбордук окуя «Чоң казат» – Манастын жол башчылыгы менен кыргыздар күчтүү чыгыш мамлекетине жортуул жасап, алардын борбор шаары Бээжинди каратып алышат. Бул көрүнүштү окумуштуу тарыхтагы кү-мөнсүз далилденген жана көпчүлүккө кеңири белгилүү болгон б.з. 84-жылы кыргыздар уйгурлардын күчтүү, чоң кандыгын жеңип, алардын борбор шаары Бей-Тинди басып алгандыгы менен салыштырат жана эки фактынын арасында байланыш бар – деп эсептейт [1].

Н. Бернштам да эпостун уютку окуясы катары «Чоң казатты» эсептеп, ал окуя эпостук чыгармалардын курулуу ыктарынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жомокто чыгарманын башталышында эмес, анын жыйынтык окуя-сы катары берилишине көңүл бурат, эпостогу тогуз огуз делген аталыш менен берилген уруулар тобу, уйгур этно-нимине жатарына таянып, «Чоң казат» – кыргыз-уйгур мамилелерине байланышкан деген жыйынтыкка келет [2].

XIX кылымдын аягынан тартып, XX кылымда кагаз бетине түшүрүлгөн бүгүн илимге белгилүү тексттерде «Чоң казат» («Чоң чабуул») эпостогу зор мааниге ээ, орчундуу жүк көтөргөн негизги окуялардын бири экени жана жомоктун уютку негизин ушул эпизод түзөөрү бышык. Бирок, чыгарманын XIX кылымдын орто чендеринде кагаз бетине түшүрүлгөн (Ч. Валиханов, В.Радлов) тексттеринде «Чоң казат» окуясы жок, эпостогу андай бөлүм ыр саптарын жазган, чыгарманы талдоого алып, өз пикирлерин айткан окумуштуулар тарабынан эскерилбейт да. Буга караганда чыгарманын орчундуу бөлүгү болгон «Чоң казат» бизге белгилүү түзүлүштө кийинки айтуучулар тарабынан XIX кылымдын аяк жактарына жакын калыптанса керек (1900-жылы Нарын-Колдо болуп, эпостон чакан үзүндү – 72 сап ыр жазып алган венгер окумуштуусу Г. Алмашинин маалыматтарында Манас 12 миң кол менен Коңурбайга каршы аттанганы жана ошол согуш «Чоң казат» аталары эскерилет – Чоң казат ошондо болодур) [3].

Эпостун окуялары ирээти менен баштан-аяк толук айтылган кийинки варианттарында уйгур окуясы – кыргыздар менен уйгурлардын өз ара мамилелери, ага байланышкан согуштук аракеттер орун алган. Манасчы Сагымбайдын вариантында он бир дууду окуясы делген көлөмдүү эпизод мунун далили. Вариантта уйгур кандыктары катары баяндалган бир катар кандыктар Кытай мамлекетине баш ийип турушканы айтылат жана алар тексттерде «уйгур» делгенден башка да калмак, кытай этнонимдери менен атала беришет. Бул факты эпоско уйгур-кыргыз мамилелери уютку болгонун так далилдей албаган күндө да эл тарыхындагы белгилүү бир учурдун калдык көрүнүш издери эпостун сюжетинде өз алдынча чагылдырылганын айгинелеп турат.

«Манастын» өзөк окуяларын IX–XI кк. арасындагы кыргыздар менен кара кытайлардын-кидандардын мамилелерине, кыргыздардын кара кытайларга каршы согуш-тарына байланыштыруу.

«Манасты» изилдөөчүлөрдүн көрүнүктүүлөрүнүн бири академик Б.Юнусалиев чыгарманын мазмунун талдоо аркылуу, айрым тарыхый фактыларга, этнографиялык, лингвистикалык, географиялык маалыматтарга таянуу менен чыгарманын өзөгүндө кыргыз тарыхынын IX-XI кк. таандык бүрчөгү жатат – деген корутундуга келет. Б. Юну-салиев тарыхтын белгилүү бир учуруна басым жасаганы менен эпоско негиз болгон чөйрө катары бир кыйла узак мезгилди кучагына камтыган фактылык маалыматтарды эсептейт. Окумуштуу көптөгөн тарыхый фактыларды са-най келип: «Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдик-түү мамлекет болуп, күчү толуп турган кезде (IX–X кк.) баскынчылык кылган кара кытайлардан жапа тартышы, бытырандылыкка, бүлгүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы «Манас» жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн» [4] – деген корутундуга келет.

Эл оозунда кара кытайдай каптап – деген лакап, на-кылдын айтылары, эпостун сюжетинде кытайлардан жеңилген элдин катуу эзүүгө учурап, азып-тозуп азап тарт-каны сүрөттөлүшү чын, демек окумуштуу эскерген тарыхый шарттын калдык издери чыгармада чагылдырылган. Ушуларды эске алып кыргыздардын кара кытайлар-ки-дандардан жеңилиш ызасы кандайдыр белгилүү деңгээлде эпостун чыгышына, же эч болбогондо анын мазмунунун кеңейип, өсүп-өнүгүшүнө түрткү болушун танууга болбойт. Ошентсе да баатырдык эпостордун мазмуну элдин төмөндөөсүн, кайгы-муңун баяндоого караганда, өсүп-өнүгүүгө, ийгиликке көбүрөөк басым жасаарын, бул салт «Манаста» да негизинен бузулбай сакталганын эстен чыгарууга болбойт. Балким мурдатадан эл арасында айтылып, калк кызматын өтөгөн азаматтын эрдик иштерин даңазалоого арналган чыгарманын сюжетине катаал шарттагы эл кайгысынын элестери кошумчаланып, окуялар орун алмашуу, аралашып жуурулушуу, мурдагы менен кийин-ки бири-бирине өтүү аркылуу жомоктун алгачкы чакан, жупуну сюжет-окуялары татаалдашып, натыйжада чыгарма жаңыланып, жеке эле жөнөкөй толуктоого эмес, кайра түзүлүү, жаңыдан жаралуу процессин (мындай белги эпостук чыгармалар, айрыкча «Манас» сыяктуу жомоктор, анын байыркы үлгүлөрү үчүн адаттагы көрүнүштөрдөн) башынан өткөрүшү да ыктымал.

Академик В. М. Жирмунскийдин пикири боюнча, «Манастын» мазмунунда элдик түшүнүктөрдүн эң байыркы учурларга таандык көрүнүштөрүн баяндаган маалыматтар бир топ арбын болсо да, эпостун тарыхый катмары XV–XVIII кк. аралыгындагы окуяларды чагылдырат [5].

«Манаста» эл турмушунун кийинки тарыхый учурлар-дагы көрүнүштөрү да чагылдырылганы күмөнсүз, айрыкча жуңгар-калмак доору – деп аталган шарттагы көптөгөн фактылар эпоско өз издерин кошкон, чыгармада негизги эпикалык душман катары кытай-калмактар аталышы, бул эки этноним, адатта, аралаш учурап, көбүнчө арасына чек коюлбай бир эл түрүндө пайдалана берүү да мунун далилдеринин бири. Бирок, кийинки тарыхый шарттан эпоско кирген катмар чыгармадагы эл турмушунун алда канча мурдагы – эски доордун тарыхы менен да байланышы бар экенин жокко чыгарбайт.

Эл башынан өткөргөн кайсы бир орчундуу окуя-учур эпостун жаралышына шарт түзүп, түрткү-себеп болушунун негизи бар, жүйөөлүү ойлордон экени күмөн туудурбайт. Бирок, ошону менен бирге эле, эпос жаралуу үчүн жалпы элдик мааниге ээ, өзгөчө чоң тарыхый окуялар гана болушу сөзсүз зарыл дегендин өзү да анча туура эмес тыянак.

Эпос эл тарыхы менен байланыштуу болуу жана ошондой эле журттун тарыхый жолундагы көрүнүктүү окуя, урунттуу учур бул, же тигил деңгээлде элдик эпостун, айрыкча «Манас» сыяктуу узак жашап, бардык табылгаларды чогултуучу казынага айланган мурас-эстеликте чагылуусу күмөн туудурбай турган чындык. Ошентсе да ар бир эпостун, ошолордун ичинде «Манастын» да пайда болуу-жаралуу себебин өзгөчө чоң окуялар, жалпы эл тагдырына зор таасирин тийгизген чечүүчү учур менен гана чектөө, андан башкача да болуусу мүмкүн дегендикти такыр эле жокко чыгаруу да туура болбос эле.

Көркөм сөз өнөрүнүн үлгүлөрүнө жата турган оозеки чыгармалардын түрдүү түрлөрүнүн жанрдык белгисине, тематикасына, мазмундук курулушунун жөнөкөй, же та-таалдыгына жараша эл тарыхынын өсүш жолунун түрдүү деңгээл-учурларында пайда болуусу илимде салт катары дээрлик жалпы кабыл алынган жобо. Ал эми баатырдык эпостордун жөө жүрүп аракеттенген баатыр мергенчилер эмес, атчан баатыр – сөздүн толук маанисиндеги чыны-гы баатырдык эпостун пайда болуу чеги мал чарбачылыгы менен күн көргөн көчмөн элдерде, адат катары, адамдар жапайы жылкыны колго үйрөтүп, жашоо тиричилигинде кыймыл-аракеттин куралы – унаа түрүндө кеңири пайда-лана баштоо мезгили менен байланыштырышат. Биз бүгүн баатырдык эпостун каарманы катары эсептеген чыныгы баатырдын толук көркөм элеси жанга өлчөлүү күлүк, чы-дамдуу атка минген, кылыч, найза менен куралданган, ал-дуу-күчтүү жалтанбас эрдик мүнөз-сапатка ээ азамат тү-рүндө көз алдыга келет. Демек, атчан баатырдын негизги экинчи белгиси анын пайдаланган куралынын болуусу.

Жылкыны мал катары кеңири пайдалануу, ошондой эле темирден жасалган куралдын колдонула башташы, кыргыздардын тарыхый өсүш жолунун жазма булактар-да кабар-маалыматтар сакталган учурларынын так кайсыл даталык мезгилине туура келерин кесе айтуу кыйын. Анын үстүнө ошол тарыхый шарт башталган учурдун ал-гачкы башатында эле баатырдык эпос дароо жаралуусу да жана жаралган күндө да ал чыгарманын унутулбай биздин күндөргө жете алышы милдеттүү түрдө сөзсүз боло турган белги деле эмес. Ушуларды эске алганда жана ар бир эпос оозеки жаралып, өз жашоосун оозеки түрүндө уланта турган, турмуш чындыгын жалпылаштырылган түрдө чагылтуучу көркөм чыгарма экендигин көңүлгө алганда, «Ма-настын» пайда болуу-жаралуу датасын – так мезгилин, ал гана турмак кандайдыр бир чоң, же чакан конкреттүү окуя менен байланыштыруу, ошол «тар» рамканын алка-гы менен чектеп коюу туура натыйжа бербеси мүмкүн.

«Манас» бүгүнкү деңгээлинде, эл турмушунан алган орду, мааниси боюнча жалпы элдик эстелик-мурас экени күмөнсүз. Бирок, ал алгачкы башатын уруу түзүлүшүнүнүн шартында бир уруунун алкагында эле баштап, бара-ба-ра өнүгүү жолунда башка материалдар менен толукталып, жалпы элдик мааниге ээ, бүткүл калктын тагдырында зор роль ойногон маалымат-кабарлар менен мазмуну байып, ушул ийгиликтүү шарттын негизинде улуттук маңыздагы өлбөс улуу мураска айланышы толук ыктымал. Мисалы, чыгыш доору жактан биздин учурларга алда канча жакын турган элибиздин баатырдык кенже эпосторунун мазмуну-на караганда, «Манас» деле бир уруунун башынан өткөр-гөн, уруулук масштабдан алганда өз алдынча чоң мааниге (катаган уруусунун Табылды баатыры, кыпчактардын Курманбеги ж.б.) окуяга байланыштуу түптөлүп, эпос ка-тары алгачкы кадамын баштап, бара-бара мазмуну кеңе-йип олтуруп, азыр биз билген улуу мураска айланышы эмне үчүн мүмкүн эмес?! Алсак, ошол эле Сагымбайдын вариантында эскерилген жаш Манастын алгачкы эрдикте-ринин ана башы Алтай калмактарына каршы жылкынын жайыты үчүн жер талашкан согуш, же Жакыптын жыл-кыларын тийип алуу максаты менен жортуулга келген Нескара дөө менен кармаш ж.б. сыяктуу чыгарманын бү-гүнкү тутумунда чакан окуя – бир уруу өкүлдөрү башынан өткөргөн көрүнүштүн калдык изи катарындагы маалымат-тар эпоско башат болгон, бара-бара убакыт өтүп, орчундуу тарыхый окуялар – жалпы элдик мааниге ээ тарыхтагы урунттуу учурлар чыгарманын өзөгүнө кошулуу менен мурдагы мазмун өз баасын жоготуп, экинчи, жардамчы мүнөздөгү абалга өтүп, өзгөчө маанилүү окуяларга орун бошотуп берген болушу мүмкүн экенин танууга болобу?

Жалпы эле баатырдык эпос турмуштун өзүнөн алы-нып, реалдуу фактыга таянарын, ошенткен менен анын пайда болушуна түрткү берүүчү себеп, бир жеке адамдын башынан өткөн конкреттүү факты-окуяга гана негиздели-ши да мүмкүн экендик эл тарыхынын кийинкибизге жа-кын учурларындагы реалдуу турмуштан алынган мисал-дардан да даана байкалат. Мисалы, тарыхта болгон адам экендигине эч ким күмөн кылбай турган саяк уруусунан чыккан Тайлак баатырдын, же кыз баатыр, нойгуттардын Сайкалынын айрым иш-аракеттери легенда, улама түрүн-дөгү кабарлардан өсүп, кеңейип олтуруп баатырдык эпостун деңгээлиндеги көркөм туундуга айланышы да буга күбө боло алат.

Ошентип, манастаануу илиминин бүгүнкү деңгээлине таянган корутундуга келгенде, «Манас» эпосунун башаты катары эсептелүүчү уютку окуялар, же окуя турмуш чын-дыгына байланышып, уруу түзүлүшүнүн шартында адам-дар тобунун-уруунун, же уруулар биримдигинин башынан кечирген мерчемдүү тарыхый фактынын негизинде жа-ралган десек жөндүү. Эпостун бүгүнкү илимге кеңири белгилүү тексттеринин маалыматтарына караганда, чыгарма-да негизинен уруу түзүлүшүнүн, айрыкча анын жогорку баскычы эсептелген согуштук демократия – делген атайын термин менен белгиленип жүргөн, таптык жиктелүү баш-талар алдындагы тарыхый мезгилдин көрүнүш белгилери көркөм чагылдырылат.

Мындай корутундуга негиз бере турган фактылар булар: эпостун уютку окуяларынын негизи деп эсептөөгө боло турган көрүнүштөргө таянганда, ошол тарыхый шартта жашаган адамдардын пайдаланган башкы куралы темир, темирди үй турмушундагы жашоодо идиш-аяк түрүндө, эмгектенүүдө бычак, балта, чот-керки ж. б., согуштук ку-рал катары кылыч, найзанын каскагы, ай балта, жаанын жебесинин болот учу ж.б., жоо кийиминин түрлөрү – соот, чарайна, калкан, туулга ж.б. түрлөрүндө кеңири пайдала-нышат. Төрт түлүк малдын арасында жогору бааланганы жылкылар. Баатырлардын жанга өлчөлүү минген аттары-на кун жок, өзүнө ылайыктуу мыкты атсыз баатырдын баатырдык сапаты бөксөрүп, өзүнө теңдүүлөрдөн төмөн абалга тушугат («Чоң казат» учурунда Аккула аты жок Манас сууга агып, жөө-жалаңдап кор болуусу ж.б.).

Эпостогу эскерилген адамдар уруу, урукка бөлүнүп жашашат (ногой, нойгут, катаган, жедигер ж. б.). Элди түзгөн топтордун эң майда бөлүгү эрди-катындан турган үй-бүлө. Үй-бүлөнүн тутумуна бала-бакыралары да кирип, негизинен үч муун өкүлдөрү бир чоң үй-бүлөнү түзөт (чоң ата, ата, небере), бирок көбүнчө ата жана анын баласы эн-чиси бир, экономикалык жактан тыгыз байланышкан бир бүтүндүк катарындагы көрүнүш. Түбү бир, жакын тууган-дардын тобу ата уулу аталат (Ногой уулу) жана алардан жогору турган баскыч – урук. Бир канча урук аталык жа-кындыгына карап бир урууну түзөт. Уруу тыкыз байла-нышка ээ саясий жана экономикалык топ, уруу мүчөлөрү тең укуктуу жана бири-бирине каралашууга, керек учур-да жардамга келүүгө милдеттүү. Мындай милдет саясий жактан эле эмес, экономикалык мүнөзгө да ээ, б.а., уруу мүчөлөрү башка бирөөлөрдөн коргонуу, иштеген иши үчүн жооп берүү учурларында эле эмес, жашоо – тиричилик, күнүмдүк оокат-аш жактан да зарыл керек учурларда жалпы уруунун колдоосуна таянат. Коомдук түзүлүштө-гү негизги бекем белги уруулук биримдик болгону менен уруулар эл катарындагы белгиге да ээ – бир катар уруу-лар жалпы жонунан өзүнчө аталыштагы эл аталат. Бирок, чынында уруулар негизги белги. Анткени ар бир уруу өз-өзүнчө башкарылат, уруу башчылары «кан» аталып, алар башка уруу башчысы менен тең ата, укукташ эсептелет, согуш учурунда өзүнчө топ түрүндө өз бетинче катышат, жайчылык учурда өз канына баш ийип, өзүнчө башкары-лат. Уруулардын эл түрүндөгү биримдигинен башка да убактылуу мүнөздөгү уруулар, элдер союзу кезигет. Мын-дай биримдешүү, адатта, сырттан басып кирген душманга биргелешип каршы туруу, же жортуулга аттануу, жалпы душман менен согуштук аракеттерге катышуу учурларын-да гана учурап, узакка созулбайт. Бир эл аталуу белгиле-ри тилдин бирдиги, бир аймакта жашоо, турмуш, жашоо шарттын, салттык, үрп-адаттык жосундардын окшоштугу ж.б. сыяктуу туруктуулук мүнөздөгү фактылар, көрүнүш-төр аркылуу бекемделет.

Жай турмуш учурунда уруу башында турган кандан (нойгуттардын каны Акбалта, катагандардыкы Кошой, жедигерлердики Жамгырчы, казактардыкы Айдаркан же анын уулу Көкчө ж.б.) башка да согуш учурунда укугу ошол иш-аракеттин убакыт-чеги менен чектелүүчү кан шайланат. Уруу башчысы кандын укук-орду тукум кууп, атадан балага шайлоосуз эле өтсө, убактылуу шайлануучу согуштук кандын укук-орду тукум куубайт, ал гана тур-мак андай мансапка керектүүлүгүнө карата улам башка адам шайланышы мүмкүн. Бирок, ошону менен бирге эле уруулар, элдер союзунун бирикмесине туруктуу мүнөздөгү кан шайланышы мүмкүн. Мисалы, эпостогу окуялар-дын баш жагында ошондой мансапка Манас көтөрүлөт. Бирок уруулар союзу, ошондой эле эл түрүндөгү бирик-ме да бекемдиги жактан уруунун ички курулушуна ка-раганда бошоң болгондуктан жана кээде убактылуу катуу коркунучка каршы турууда гана уруулар – эл мамлекет түрүндөгү бүтүндүккө биригүү зарылдыгы туулганда гана керектелгендиктен, андай кандын өкүмдүк белги-укугу анча чоң эмес, ал адатта уруунун ички ишине кийлигише албайт, уруу башчысына таянып, ошондо да жалпы уруу-лардын кызыкчылыгына тиешелүү (мисалы, согуш учуру, душманга каршы туруу, жортуулга аттануу, жер которуп көчүү ж.б.) чоң мааниге ээ, орчундуу маселелерде гана кан катары аракеттенип, өкүм айта алат – казак, кыргыз, манжу, калмак эл-урууларынын жалпы каны катары ата-уулу – уруу өкүлдөрү жана уруу башчылары тарабынан шайланган кан Манастын реалдуу укугу өз уруусунун чеги менен гана чектелген, ал башка уруулардын ички иште-рине кийлигишпейт, андай кийлигишүүнү жүзөгө ашы-ра турган аппараты, фактылык мүнөзгө ээ күчү да жок, өз уруусунун колдоосу менен, жеке баатырдык сапатына гана таяна алат. Кандын – уруу башчысынын, ошондой эле уруулар, элдер бирикмесинин канынын да укугу чек-телген – ак сакалдар-акылмандар, ата уулунун өкүлдөрү билермандарсыз, алар менен акылдашпай жана алардын колдоосуна ээ болбой туруп өз бетинче бүтүм чыгарып, че-чимге келе албайт. Адатта урук, ата-уулу топторуна тиеше-лүү жалпы мааниге ээ иштер жакын туугандардын, урууга бүт тиешелүү маселелер, ошол урууга кирген топтордун өкүлдөрү сакалдуулар-акылмандар, ал эми бир нече уруу-га – элге, же элдер – уруулар бирикмесине катышы бар чоң маселелер, уруу башчылары, кандар, өзгөчө сыйлуу акылман кары адамдардын кеңешинин талкуусунан өтүп, кубаттоосуна ээ болгондо гана чечилет (Жакып балалуу болгондо, той берүү үчүн жакын туугандарын чакырып ке-ңеш куруусу, же Ата Мекен – Ала-Тоону баскынчы жоодон куткаруу үчүн уруу башчылары менен кандардын кеңеши, ошондой эле Алтайдан Ала-Тоого көчүү үчүн Манас ата-йын чакырган кеңеш ж.б. ). Бардыкка бирдей милдеттүү болгон чексиз бийликке согуштук аракеттерди башкара турган аскерлердин каны гана ээ. Анын өкүмүн катардагы карапайым жоокерден тартып, уруу башчысы канга чейин бүт баары («Чоң казат» учурундагы колго кан шайланган Алмамбеттин Манастын өзүн кагып, кеңешин аткаруудан баш тартып, бастырып кетүүсү мындай көрүнүштүн ачык мисалы) кыйшаюусуз так аткарууга милдетүү.

Уруунун башчысы – каны ошол уруунун өз мүчөсү гана боло алат, согуштук канга башка уруу өкүлү шайла-на берет.

Уруу ичиндеги адам мамилелери үрп-адат, салтка не-гизделип түзүлгөн. Сөздүн так маанисиндеги «укук» – де-ген түшүнүк жок. Жеке адам эле эмес, кандын бийлиги да негизинен укукка эмес, салтка таянылып жүргүзүлөт. Ар бир адам-инсан эркин, алардын иш-аракет, жүрүш-туру-шуна таасир эте ала турган коомдук пикирден башка күч жок. Уруу мүчөлөрү аткарган милдетине, алган ордуна ка-рабай баары тең укуктуу. Бирок, уруу башчысынын, баа-тырдын, уруунун канынын, ак сакал-акылман аталган ка-дырлуу кары адамдын орду бөлүнүп турат, буларды уруу ак сөөктөрү катары атоого болор эле. Кул-күң деген түшү-нүктөр эскерилет, бирок алардын укугу негизинен башка уруу мүчөлөрүнөн айырмасыз.

Ар бир адам уруу мүчөсү катары, урууга таянуу менен гана мааниге, күчкө ээ. Уруусуз, андан колдоо албаган адам жеке сапатына карабастан, кем эсептелип, катарга кошула албайт. Буга эпостогу Алмамбет баатырдын тагдыры таасын күбө.

Уруу ичинде эркектер менен ургаачынын укугу бир-дей, бирок кыз бала катары эсептелбейт, атанын мурасчы-сы, мал-мүлктүн ээси боло албайт, эркек баласы жок адам өлсө анын артында калган мал-мүлкү бүт урууга тиеше-лүү эсептелип, туугандар арасында бөлүккө түшөт – ошон үчүн көзүм өтсө мал-мүлк, дүнүйөм кимге калат? – деп, баласыз Жакып да, ошондой эле кырк кызы бар, бирок эркек тукуму жок Көкөтөй да бирдей эле кайгырышат.

Элден туруктуу мүнөздө алына турган салык жок, бирок, согуштук олжодон мөөсүл (мал), аш-тойлордогу ко-шумча катары өз эрки менен берилүүчү жыйымдар адаттагы көрүнүш. Анын үстүнө согуштук олжонун басымдуу бөлүгү кан, баатыр, уруу башчыларынын энчисине тий-гендиктен «ак сөөктөрдүн» байлыгы арбын.

Акча жок, пул, мүлк, буюм ж.б. наркы мал менен өл-чөнөт. Алтындын, алтын буюмдун наркы да мал, көбүнчө жылкы, ирик түрүндө (эпостогу дилде, жамбы ж.б. түшү-нүктөр кийинки тарыхый шарттардын белги-көрүнүштө-рүнөн) өлчөнөт.

Мал-мүлк, үй-жай, буюм-теримдер айрым жеке адам-дардын менчигине киргени менен жер-суу бүт урууга таан-дык жана негизинен малдын жайыты катары пайдаланылат. Негизги кесип мал чарбачылыгы, ошону менен бирге эле согуш, жортуул да мал-мүлк, байлык табуунун була-гы катары эсептелет. Олжо, ошондой эле жеңилген элден тартуу түрүндө алтын-күмүш, баалуу мүлк, жылкы алуу

– баюунун кадыр-барктуу жолдорунун бири. Ушуну эске алганда согуш, жортуул эл пайдаланган кесиптин бири, ар бир эр бүлө жоокер, зарыл учурда колуна курал алып, сырттан басып кирген жоого каршы турат, же жортуулга аттангандардын катарынан орун ала алат. Эпосто эскерил-ген адамдардын өмүрүнүн басымдуу көпчүлүк учуру со-гушта өткөндүгүнө карабастан, туруктуу мүнөздөгү аскер жок. Согушка, жортуулга керек учурда бүт эр бүлө, ал эле эмес ургаачылар да катышуу салт боюнча кабыл алынган ар бир адамдын милдети, ар-намыстын иши эсептелген бул милдеттен баш тартуу учурлары кезикпейт, тескерисинче жортуулга аттанган баатырлардын катарынан калуу уят – намыстуу иш эсептелет. Согуш бүтөрү менен мурдагы ар бир жоокер өзүнүн күндөлүк адат катарындагы эсептелген эмгектенүү жолуна түшөт.

Эпосто туруктуу аскердик белгини алып жүргөн ата-йын топ Манастын кырк чоросу. Алар жоокерлер, согуш өнөрүн кесип кылган адамдар, Манас алардын башчысы. Кырк чоро ар бири өзү уруу башчысы, карамагында көп-төгөн адам жасоолдору бар (мисалы, Чубак), кан тукуму ж.б. болуп сыпатталганы менен, чынында алар Манастын карамагындагы, бардык керектүүлөрү менен башчысы жабдып турган (үйсүз келген чорого үй, атсыз келгенге ат, аялсыз келгенге жар алып берүү ж.б.) кызмат адамдары. Буларды бириктирип турган белги анты-шерти боюнча бир максатты көздөгөндүк.

Ушул жогоруда кыскача саналган жана башка да эпос-тун мазмунунан кеңири орун алган көптөгөн фактылар-кабар-маалыматтар «Манастын» негизги уютку маңызы эл турмушунун уруу түзүлүшүндөгү шарттарын, айрыкча калк өмүрү согушта өткөн жоокерчилик учурду – тарых илиминде согуштук демократия делген атайын термин менен белгиленип жүргөн мезгилди чагылдырып турарын ишенимдүү көрсөтө алат. Бирок, элдин басып өткөн тарыхый жолунун өтө эле узак бөлүгүн кучагына алган бул шартта кыргыздар өз башынан бир эле эмес, канчалаган орчундуу окуяларды өткөрүшү, көптөгөн уруу, же бүт элдик мааниге ээ бурулуш учурдун күбөсү болгондугу да та-лашсыз. Андай фактылардын сөзсүз кайсынысы эпостун жаралышына себеп-түрткү катарындагы ролду ойногондугун манастаануу илиминин бүгүнкү деңгээлинде бир жак-туу кесе айтуу кыйын.

«Манас» эпосунун өзгөчө белгилеринин бири катары анын чыгышына түрткү болгон белгилүү тарыхый чоң окуянын кайсынысы экендигине, же балким эл турмушун-дагы бурулуш учур катары бизге кабар жетпеген катардагы көптөгөн майда көрүнүштөрдүн биринен өсүп чыкканды-гына карабастан, жогорудагы окумуштуулар бул чыгарма-нын жаралышына себеп болгон деп эсептеген окуялардын баарынын, ал турмак башка да көптөгөн тарых маалы-маттарынын издери, өз алдынча көркөм чагылдырылган элестери бул эстелик мурастын – элдик казынанын мазму-нунан орун алгандыгы. Мунун кадиксиз далилин эпостун мазмунундагы жеке эле кара кытайлар гана эмес, кыр-гыздардын тарыхый жолундагы уйгурлар, жунгарлар, ал гана турмак кытай, орус ж.б. чоң жана чакан элдер менен карым-катыш, өз ара мамилелеринин издери кээде чоң-чоң окуялар, айрым мотив, же кабар-маалыматтар түрүн-дө сакталганынан көрүүгө болот. Бирок, ошол маалымат-кабарлар тарыхый түрүндө хронологиялык ирээти менен жана кандай түрдө болсо ошондой так, өзгөрүүсүз берилбейт, жалпылаштырылып, алымча-кошумчалары менен, өзгөргөн түрдө, орун алмаштырылып, кээде мурдагы окуя кийинки, же кийинки окуя андан канча мурдагы өткөн эски сыяктуу ж. б. мүнөздө баяндалышы мүмкүн.

Кыргыздар «Манасты» көркөм чыгарма катары кабыл-дабастан, тарых, турмушта чыныгы болгон окуя – деп, түшүнүшөт жана ушуга ылайык анын материалдарын түрдүү карама-каршылыктарына, чектен тыш апыртуулар-дын, ойго келбес укмуштардын орун алганына карабай, бүт турушу менен реалдуу чындыктын көрүнүштөрү тү-рүндө туюнушат. Бирок, ошол «чыныгы болгон окуя» эл башынан качан өткөнүн тастыктап көрсөтүү, божомолдор айтуу аракеттери жок катары.

Сагымбай манасчынын вариантында:

«Бир миң кырк жыл болуптур

Андан бери карата»6 – делген ыр саптары кезигет жана бул жыл эсебин манасчы өзү баяндап жаткан «Ма-настагы» окуялардын убакыт-жашы катары түшүндүрөт.

Манасчы мындай так датаны кандай негизге таянып ыр тексттеринин арасына кошкону чечмеленбейт. Ушул эле манасчы вариантынын башталышында берилген кара сөз түрүндөгү кыскача баяндамада «Ан Азирети Мукамбет мус-тапа салайлий алейхи вассаламдан төрт жүз жетимиш беш жылдан кийин түрк элинен, Түркүстан жеринен Каракан, Огуз кандан кийин Аланча кан уругунан Байгур, Уйгур де-ген болгон экен» [7] – деп, Манастын алтынчы чоң атасы Байгурду Мукамбет пайгамбардын көзү өткөндөн 475 жыл кийин дүйнөгө келген адам катары да эсептейт.

Сагымбай ыр тексттеринде келтирген даталар реалдуу фактыларга негизделген таяныч боло албасында күмөн жок. Бирок, аларды манасчы жөн эле кайдыгер ойдон чы-гарып койгон дешке да мүмкүн эмес.

Улуу манасчы Сагымбай көптү көрүп, көптү билген, тарыхка өтө кызыккан, айрыкча санжыраны мыкты өз-дөштүргөн жана өз ой-пикирлерин айтууда аны негиз катары пайдаланып көнгөн адамдардын бири болуптур. Логикасы күчтүү, жүйөөлүү сөздү жогору баалаган бул адам жөн эле оюна келгенди кайдыгер айтып койбогону күмөнсүз. Анын үстүнө адатта, манасчылардын айткан тексттеринин урунттуу учурлары, көңүл бурууга арзыган кызык жерлери «элдик редакциядан» өтүп, угуучулар тарабынан талкууга да алынган. Андай талкууларда айтуучу аргументтүү, ишенимдүү жооптор таба албаса – айткан-дарын угуучуларга түшүндүрүп, далилдеп бере албаса, калк алдында бедели төмөндөп, кадыры кетүү коркунучу да болгон. Ошон үчүн Сагымбайдын өзү айткан даталарды чечмелеп берүү ыгы, жолу болуусу шексиз. Ушул абал-ды эске алганда, манасчынын бул же тигил датаны бекем-деп, тактап берүүдөгү таянычы санжыра болушу мүмкүн. Кыргыз урууларынын санжырасын манасчылардын көбү пайдаланышат, айрыкча Сагымбай, Тоголок Молдонун ва-рианттарында бул белги дароо көзгө чалдыгат. Сагымбай «Манастын» окуяларынын «датасын» көрсөтүүдө ушул ык менен санжыра санагын пайдаланса керек. Балким Манас-тын генеологиялык дарагы – санжыралык бутактанышы-нын болушу, манасчы өз эсебинде ошону пайдаланышы да ыктымал.

Санжыра тарыхый тастыкталган күбөлүк эмес, ошентсе да андагы айрым маалыматтарды такыр эле капарга ал-бай коюу да туура болбойт.

Эпостун мазмуну ал пайда болгон учурдан кийинки өмүр жолундагы тарыхый шарттардын маалыматтары, тү-шүнүктөрү менен толукталып, байып, жаңыланып, кеңейип олтуруусу да анын эволюциясындагы адаттагы көрүнүш дайым учураган салттык белги. Ансыз көркөм чыгарманын угуучуларга таасир этүү күчүнүн деңгээли төмөндөп, эпос калкты тейлөө сапат-касиетинен ажырап калат.

Чыгарманын жаңылануу, баюу, толуктолуусу да акы-рындык менен жүрүүчү, өзүнчө узак убакытты талап кылган процесс жана жаңы катмар эпостун мазмунунан орун алган айрым түшүнүктөр, турмуштук көрүнүштөр, салт-тык, үрп-адаттык жосундар ж.б. түрүндө кезигиши мүм-күн. Кээде эл башынан өткөн жаңы, белгилүү окуя, учур көрүнүшүнүн орчундуу бүрчөгү эпостун мазмунуна кошум-ча эпизод, атайын сюжет катары киргизилүүсү да мүмкүн.

Эпостун мазмунунан орун алган мурдагы, же эски маалымат түшүнүктөр менен «жаңы» кабарлар бири-бирине карама-каршы келбейт, бирине экинчиси тоскоолдук кылбайт, аралаш, катар орун алган түрдө, чыгарманын композициялык курулушундагы бүтүндүккө зыянын тийгизбей жашай беришет. Ошон үчүн эпосто эң эски көрүнүштөрдүн биринен болгон шамандык ишеним да, уруу түзүлүшүнүн шартына мүнөздүү ата-бабанын арбагын баарынан жогору коюу да жана ошону менен бирге эле көп кудайларга кар-шы туруудан пайда болгон ислам дининин эрежелери да аралаш айтылып, кээде бир эле учурда бир эле көрүнүшкө карата бир нечеси дароо аткарыла-колдонула да берет: ка-затка аттануу алдында ак боз бээ чалып, арбактарга сыйы-нып, түлөө өткөрүү жана ошол эле учурда Алланын атын атап, тилек тилөө ж.б. Жалпы эле тотемдик, магиялык ишенимдерден тартып, эпосто ондон ашуун диндик түшү-нүктөрдүн кезигиши жана көбүнчө аралаш айтыла берүү мунун далили. Ушундай эле эпостогу каармандардын ку-ралы найза, кылыч, жаадан башка мылтыктын бир канча түрлөрү, ал гана эмес күлдүр мамай-төө мылтык сыяктуу чакан замбиректен тартып, үркөр боо, апсел – деп ата-луучу өзгөчө чоң замбиректерге чейин болушу эрөөн эмес, адатта андай «олдоксон» карама-каршылыктарга чыгар-маны аткарып жаткан манасчы да, угуп олтурган эл да кө-ңүл бурбайт, маани берип, талдоого албайт. Анткени дары менен атылган мылтык жөнүндө кеңири түшүнүгү бар адамдар үчүн Манас баатырдын куралдарынын арасында Ачалбарс, Сырнайза менен катар эле Аккелте да болбо-со образдын барк деңгээли төмөндөп, «реалдуулукка» ээ элестин катарына кошула албай калмак.

«Манастын» мазмунун түзгөн үч катмардын маалымат-кабарларынын чыгарманын сюжеттик курулушунан орун алышында даяр сюжет, даяр маалыматтардын үлүшү бир топ арбын. Айрыкча эпос пайда болгонго чейин эле легенда, миф, жөө жомок ж.б. түрлөрүндө өз алдынча жашап келген жана эпос менен бир учурда анын курамына кирген үлгү түрүндө жашоодон башка да өзүнчө жашоосун уланта берүүчү байыркы катмарга жата турган сюжет, түшүнүк-төр, маалыматтар аз эмес. Кээде «Манастын» сюжетине өзүнчө чоң чыгарма да бүт туруму боюнча киринди катары кошулуп айтылуу учурлары кездешет, мисалы, Саякбай манасчы айткан вариантта мурда жөө жомок, эпос түрүндө өз бетинче жашап жүргөн «Эр Төштүк» жомогу катары киргизилип айтылуусу ж. б.

Манастаанууда колдонулуп жүргөн «туруктуу сюжет», «туруктуу түшүнүк», «туруктуу маалымат» аталыштары шарттуу болуп эсептелет. Эпостун мазмундук-сюжеттик курулушундагы туруктуу мүнөзгө ээ болгон, көп учураган, маалыматтык эле эмес, атайын көркөм ыктын милдетин аткаруучу мүнөзгө да ээ белгилерди жалпы ичине камтып туюнтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ өзүнчө адабий термин жок. Бирок, ушул көрүнүштөргө жалпы таандык өзгөчөлүк, туруктуулук мүнөз жана чыгарманын мазмунуна кирген окуялардын системасында сюжеттин атайын деталдык белгисин түзүп, баатырдык эпоско тиешелүү жанрдык белгини тактоодо көрүнүктүү роль ойногондугу – маалы-маттык гана эмес, атайын көркөм ыктын функцияларын да аткарып турушу.

Ушундай белгилердин көлөмдүү тобун илимде оку-муштуулар баатырдык мотив – деп атап жүрүшкөн, чы-гарманын негизги каарманынын образын даярдоодо жана образдын терең ачылышында көмөкчүлүк милдеттерди ат-каруучу маалыматтар түзүшөт (эл башына оор күн түшкөн катаал учурда, болочок баатырдын дүйнөгө келиши, андай баланын сырдуу бойго бүтүшү – батадан, нурдан бүтүү, ата-энеси бала көрбөй зарлап жүргөн кары адамдар бо-луу, жышааналуу түш көрүү, энеси шердин (ажыдаардын, бүркүттүн ж. б.) этине (жүрөгүнө, көзүнө ж.б.) талгак бо-луу, бала төрөлөрдө энеси узакка толготуу, төрөлгөн бала жышааналуу болуу (колуна кан, таш, алтын ж.б. кармап түшүү), сүннөткө олтургузулган болуу ж.б., баатыр төрөл-гөндө мине турган аты да дүйнөгө келүү, баланын бат чо-ңоюусу, тентек болуусу, эрдик мүнөзү, күч-кубаты жаш учурунан эле билинүү, жаш курагынан эрдиктерди жасоо, баатырдын көзү өткөндө сөөгүн жашыруун коюу ж.б.

Баатырдык эпостордун материалдарына мүнөздүү бол-гон салтанаттуулукту, шаңдуулукту туюнтуучу көптөгөн адамдар, элдер-уруулар катышкан чоң-чоң аш, той, куда-лашуу, калың берип, сеп алуу ж.б. сыяктуу үрп-адаттык, салттык жосундардын кенен сүрөттөлүшү да чыгарманын сюжетиндеги туруктуу сюжет деталдардан (Манастын Ка-ныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы ж.б.). Анткени, ку-далашуу, аш берүү ж.б. сыяктуу салттык жосундардын негизинен бир калыптагы, атайын иштелип чыккан даяр сюжеттик курулмасы бар. Ошол курулма эпоско каты-шуучуларынын аты-жөнү жаңылануу менен гана, түпкү маңызы өзгөрүүсүз пайдаланыла берет.

Илимге белгилүү фактыларга караганда, сюжеттеги айрым деталдык белгилер гана эмес, баатырдык эпоско жатуучу чыгарманын жана мүнөзү жактан ушул эсте-лик үлгүгө жакын турган башка көркөм туундулардын да композициялык курулушунун жалпы түзүлүшү туруктуу мүнөзгө ээ, бир элде гана турмак бир нече, айрыкча тектеш элдердин көбүнө орток, турмуштук фактылардын көп кезигүүчү бирдей көрүнүштөрүнө негизделип, «атайын иштелип чыккан» үлгү бар дегенге болот. Мисалы, бир элдеги, ошондой эле түрдүү элдердеги сюжеттик курулу-шу башкы каарман баатырдын туулганынан башталган, анын өмүр жолун кууп түзүлгөн баатырдык эпостордогу жалпылык белгилерди байкоо-табуу анча кыйынчылык туудурбайт, таң калыштуу нерсе башкада – «Орхон-Енисей» жазууларына байланышкан айтылуу «Күл Тегин» эстелигинин маалыматтарынын түзүлүш – курулушунун «Манастын» окуялары менен толук деп айтарлык үлгүдө бирин бири кайталашы, эки эстеликтин тең башкы бааты-ры тектүү тукумдан, акылман, баатыр башкаруучу – көп жерге бийлиги жеткен белгилүү кан дүйнөдөн кайткан-дан кийин анын ордун баскан тукумдары жайсыз чыгып, алардын энөөлүгүнөн пайдаланып, тили таттуу, бирок ниети бузук өчөшкөн жоосу басып алып, элди эзип, баш көтөргөн азаматтарды бүт кырып, тирүүлөрдү кул, күңгө айландырып, көбүн туш-тушка таратып айдайт. Азапта калган эл арасынан чыккан баатыр бала душманга каршы туруп, адегенде анча-мынча тарапкерлерин өз айланасы-на топтосо, бара-бара күч-кубатка толуп, колдоочу тилек-тештери көбөйүп, тайманбас эрдиги аркылуу улам жаңы жеңиштерге жетишип, ийгиликтери көбөйөт. Узакка со-зулган көптөгөн кармаштардын натыйжасында душманын жеңип, жерин бошотуп, чабылып-чачылган элинин башын кошот, эркиндик-теңдикке жеткизет, аз элди көбөйтүп, ачканы тоюнтуп, жардыны байытат. Экөөнүн душманы да бир – алдамчы, азгыргыч, арамза кытай башкаруучулары.

Алар ыгы келсе жылуу сөзү менен алдап, дүнүйө берип азгырып, убагы келсе күч колдонуп аракеттенишет (Ма-насты кармап келүүгө Эсенкан өз баатыр-балбандарын соо-дагер кебетесинде көптөгөн кымбат баалуу дүнүйө-мүлк, асыл заттар берип жөнөтүшү сыяктуу). Баатыр-каарман-дардын өмүр жолунун акыры да негизинен окшош. Экөө тең алдамчы жоо колунан каза табат, экөөн тең эли-журту терең кайгырып, көптөгөн эл өкүлдөрү, белгилүү баатыр-лар, кандар чогулуп келип жерге коюшат.

«Манас» менен «Күл Тегин» эстелигинин арасында түздөн-түз байланыш бар дешке да, же ошондой эле экөө бир реалдуу тарыхый окуядан алынган дешке да эч негиз жок. Ага карабастан экөөндөгү өтө эле жакын сюжеттик нук, анын үстүнө көптөгөн деталдык көрүнүштөргө жата турган белгилердин да жакындык мүнөзү ойлонтпой койбойт, жана жашоо шарттын, көп кайталануучу турмуштук көрүнүштөрдүн жакындыгына, бирдейлигине таянылып иштелип чыккан баатырдык сапатты, баатырдын ишин даңазалоодогу түрк элдерине жалпы таандык ык – даяр сюжеттик курулманын болушу мүмкүн деген жоромол айтууга негиз берет.

Ошентип, эпос кантип жаралат жана анын мазмунун түзгөн окуялардын курамы кандай деталдык көрүнүштөр-дөн туруп, эмне түрдөгү маалымат-кабарларды ичине кам-тыйт? – деген суроого жооп катары жогорудагы айтылган-дарды эске алып, мындай корутундуга келүүгө мүмкүн: чыгарма эл турмушунун өзүнөн алынат, анын уюткусун түзгөн материал катары элдин, уруунун башынан өткөн урунттуу көрүнүктүү окуя пайдаланылышы мүмкүн, ошо-ну менен бирге эле уютку өзөк бир калыпта, өзгөрбөй кал-байт, анын үстүнө чыгарма ал пайда болгондон мурдагы, кийинки маалымат-кабарлар менен толукталып, байып, жаңыланып олтурат. Бул «толукталууда» чыгарманын жанрдык белгисинин таламдарына ылайык көркөм ыктын милдетин аткарган даяр деталдардын үлүшү да аз эмес. «Манастын» мазмунунун байышында чыгарма эл турмушу менен тыгыз байланышып, эпос жашап жана аткарылып жаткан тарыхый шарт учурдун талабына ылайыкталышы угуучулардын рухий, эстетикалык мүдөөлөрүн канааттандырып туруусу да өзүнчө чоң мааниге ээ. Ушуга ылайык жомок өткөндүн тарыхын, учурдун көрүнүштөрүн гана эмес, болочоктун элесин да чагылдырып, кечээги, бүгүнкү менен кошо эртеңкиден күткөн үмүт, кыял, ой жоруудан кабар берип турат.

Оозеки пайда болуп, оозеки жашаган – узак өмүрү-нүн басымдуу бөлүгүн оозеки түрүндө өткөргөн көркөм чыгарманын жаралыш, пайда болуу учурунун күн, ай, жылын, так кесе айтуу мүмкүн эмес, ошондой болсо да эл арасында айтылып, манасчылар тарабынан пайдала-нылган санжыралык маалыматтарга, айрыкча эпикалык чыгармалардын жаралуу, өсүп-өнүгүү процесстери жөнүн-дөгү илимий теориялык корутундулардын жыйынтыкта-рына таянуу менен эл тарыхынын белгилүү учурларынын фактыларына негизделүү аркылуу айтылган белгилүү оку-муштуулардын басымдуу көпчүлүгүнүн жоромол ой-пи-кирлерине караганда, «Манас» эл арасында миң жылдан кем эмес убакыт өмүр сүргөн чыгарма. Ошол узак өмү-рүнүн ичинде жазуу-сызуусу болбогон, болсо да тарыхый жолунун өйдө-ылдыйлуу өзгөчө шарттарына ылайык ал жазууларын кийинки мезгилдерге чейин сактап кала ал-баган байыркы элдердин биринин көптөгөн кылымдардан турган тарыхынын издерин, турмуш шартында чогулткан тажрыйбаларынын жыйынды-корутундуларын, үрп-адат, салттык жосундарын, жакшы-жаман, оң-терс, дос-кас, адамкерчилик-кыянаттык, адеп-ахлактык жөнүндөгү түшүнүктөрүн, табыптык, географиялык ж.б. билгендерин, философиялык, диндик ишенимдерин ж.б. көптөгөн бул элге таандык маалымат-кабарларды бүт кеңири мазмунуна сыйгызып, унутпай, бөксөртпөй сактап келген баалуу бай казынага айланган.

«Манастын» өзгөчө кеңири, терең маңыздагы мазму-нуна таасирлүү күчкө ээ болгон жогорку деңгээлдеги формасы бап келип, бирин-бири толуктап турушат.

Калк арасында зор кадыр-баркка жетишкен чыгарма өтө көп аткарылган, тексттери такталган, эл ичиндеги мыкты таланттардын узак убакыттар бою тынымсыз эм-гектери аркылуу көркөмдүк норманын кол жеткис бийик чегине жеткирилип, таасирлүү сөз өнөрүнүн өзүнчө эталон үлгүсүнө айланган. Буга «Манастын» ыр саптарында ке-ңири жолуккан:

«Алтын менен күмүштүн,

Ширөөсүнөн бүткөндөй.

Асман менен жериңдин,

Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Айың менен күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй»… – деген сыяктуу таа-сын салыштыруулар,

«Сыдырым сыртты жайлаган,

Сызылтып казы чайнаган»… – деген сыяктуу элестүү сыпаттамалар,

«Шиберге койсо өрт кеткен,

Шилтегени мүрт кеткен» – деген түрдөгү күч-түү сүрөттөмөлөр далил болуп турат. Албетте, бир нече жүз миң сап ырдан турган чыгарманын бардык тексттери сыдыргыга салгандай бир кылка, баары бирдей деш мүм-күн эмес. Өзгөчө күчтүү, таасирдүү, көркөм тексттер менен катар өзгөчө чоң көлөмдүн ичинде солгун чыккан жерлер да учурайт, бирок ошол зор көлөмдүн басымдуу көпчүлүк бөлүгүн жогоруда келтирилген ыр саптары сыяктуу тексттер түзөрүнө күмөн саноого болбойт.

Кыргыз эпосунун көптөгөн кылымдардан турган узак мезгилдеги маалыматтарды ичине камтыган кеңири мазмуну – ар түркүн окуялары, бай сюжет анын көлөмүнүн арбышын шарттап, натыйжада «Манас» бүткүл дүйнө элдеринин биринде да жолукпаган зор көлөмдүү көр-көм чыгармага айланган. Ал башка элдердин өзү сыяк-туу кеңири белгилүү эпосторунун эң зорлорунан да беш-он эселеп чоңдук кылат. Эпостун негизги үч бөлүмүнүн («Манас», «Семетей», «Сейтек») С. Каралаевдин айткан варианты боюнча жалпы көлөмү жарым миллион ыр са-бынан ашуун (500553 сап ыр), бул көлөм «Манастан» ки-йинки зор көлөмдүү эсептелген хинди элинин чыгармасы «Махабхаратадан» (жүз миң түгөй сап ыр) эки жарым эсе көптүк кылат. Ал эми дүйнө элдерине кеңири белгилүү гректердин «Илиадасы» (15693 сап ыр) менен «Одиссея-сын» (12110 сап ыр) бирге кошкондогу көлөмдөн 20 эсеге жакын чоң.

«Манастын» жалпы көлөмү, ошондой эле ар бир ва-риантындагы ыр саптарынын саны жөнүндөгү маалы-маттар чынында шарттуу түшүнүктөр. Анткени эпостун да, анын варианттарынын да канондук-өзгөрбөс туруктуу тексттери болгон эмес, оозеки чыгармада андай белгинин болуусу да мүмкүн эмес нерсе. Ар бир манасчы чыгарманы өзү жараткан-түзгөн вариантты аткарганда, негизги нук-ту, сюжеттик канваны негизинен бир калыпта сактаганы менен, ыр саптарын бир үлгүдө так сактай албайт, адат катары, андай аракет көрүүнүн өзү да учурабайт, зарылдыгы да жок. Анын үстүнө манасчылардын түрдүү себептер ме-нен жалпы нукту, ал гана турмак туруктуу өзөк окуянын өзүн да зарылдыгына жараша өзгөртүү, орун алмаштыруу, кеңитип же кыскартылган үлгүдө айтуусу практикада ке-ңири жолуккан көрүнүш. Мисалы, чоң манасчылардын бири С. Каралаев андан эпостун тексттери мурда жазыл-ганда «Көкөтөйдүн ашын» «Семетей» бөлүмүндө айтып, кагаз бетине түшүртсө, кийинки чыгарманын үч бөлүгүн толук магнитофондук лентага түшүртүү учурунда эскерил-ген бөлүмдү чыгарманын «Манас» бөлүгүнө киргизип айт-кан. Ошондой эле катчы Ыбырай Абдыракмановдун эске-рүүлөрүнө караганда, Сагымбай манасчы өз вариантынын аяккы окуяларын «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң чабуулдан» («Чоң казат») баштап, өзү эл арасында мурда айтып жүр-гөнгө караганда, бир кыйла кыскартылган түрдө айтып жаздырган экен. «Манастын» туруктуу тексттеринин жок-тугу, аткаруучунун эркине жана түрдүү шарт, себептерге карата чыгарма көптөгөн өзгөрүүлөр менен айтыла берери көптөгөн варианттардын кагаз бетине түшүрүлгөн текст-тери да ар башка көлөмдө, деңгээлде жүзөгө ашырылга-нынан даана көрүнөт. Буга эки чоң манасчы – Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынын чыгарманын 1-бөлүмү боюнча жазылган тексттеринин көлөмүндөгү айырма да күбө: Сагымбайдын «Манасынын» көлөмү 180378 сап ыр, Саякбай айткан «Манас» 84513 сап ыр. Бир эле манас-чыдан бир нече жолу кайталанып жазылган тексттердин ар бир кагаз бетине түшүрүлгөн үлгүдөгү ыр саптарынын көлөмүн башка-башка болушу, ал турмак манасчы өзү көп аткарып, тексттери туруктуулук мүнөзгө өткөн сыяктанган эпизоддордун да жазылган үлгүлөрү бирин-бири то-лук түрдө так кайталабашы, натыйжада көлөмдүк белгиси жактан айырмалуу болуусу айтылган ойго күмөнсүз далил боло алат. Мисалы, Саякбай Каралаевден эпостун текст-тери баштан аяк ирээти менен үч жолу кайталанып жа-зылган. Ошол тексттердин ыр саптарында да, көлөмүндө да айырма чоң. «Алмамбет менен Чубактын жол талашка-ны», «Каныкейдин Тайторуну чапканы» сыяктуу манасчы адатта эл арасында эң көп аткарган эпизоддордун да улам кайталанган үлгүлөрүндө – кагаз бетине жазылган, же магнитафондук лентага түшүрүлгөн тексттеринде көлөм туруктуу болуп чыкпайт.

Ушуларды эске алганда, «Манастын» көлөмү жөнүн-дөгү бүгүн айтылып жүргөн маалымат, эгер Сагымбай ма-насчыдан чыгарманын үч бөлүмү бүт жазылса (ал адамды билгендердин көптөрү күбө өткөнгө караганда, Сагымбай өзүн колдоочу катары Семетейди эсептеп, ошон үчүн эпос-тун экинчи бөлүгүн – «Семетейди» өзгөчө берилип, «Ма-настан» алда канча кеңири жана жогорку көркөмдүктө айтуучу экен), ошондой эле түрдүү тоскоолдуктар болбой, биринчи бөлүмүнүн негизги окуялары эсептелген «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң чабуул» айтуучунун эл арасында ат-карган үлгүсүндө толук, кеңири планда кагаз бетине тү-шүрүлсө биз билген көлөм азыркыдан да алда канча көбү-рөөк болушу мүмкүн экендигинде күмөн жок.

Оозеки айтылган көлөмдүү чыгарманын канча сап ыр-дан турарын белгилөө мурда эпостун тексттери жазылганга чейин эч кимдин оюна келген эмес. Бирок «Манас» зор көлөмдүү чыгарма экени угуучулар тарабынан да, айрыкча аткаруучулардын өз сөздөрү менен моюнга алуулары ар-кылуу кеңири маалым болгон. Көлөм, адатта, ыр сабынын саны менен эмес, чыгарманы аткаруучу канча убакытта айтары боюнча өлчөнүп, үч күн, үч түндөн тартып, жарым жылга чейинки мезгил көрсөтүлгөн. Кээде белгилүү чоң манасчылардын эпосту баштан аяк бүт айтып бүтпөгөндүгү, б.а., бүт өмүрү боюнча айтып да түгөтө албагандыгы жөнүндөгү маалыматтар кезигет.

Чынында чоң манасчы эпос боюнча өзү билген-түзгөн вариантын эл алдында ирээти менен баштан аяк бүт өз өмүрүндө бир да жолу аткарбашы да ыктымал. Анткени эпостун бүт окуяларын ирээти менен айтуу үчүн өтө узак убакыт талап кылынары талашсыз. Бир канча айлар бою тынбай «Манас» айтуу манасчы үчүн кандай кыйын бол-со, ошончо убакыт күн-түнү аны тыңшап олтура турган аудиториянын табылышы да оңой эмес эле. Адатта, ма-насчы бир айылда, үйдө бир нече, ашып кетсе бир жума, он чакты күн токтоп, эпосту аткарган. Мындай учурда чы-гарманын окуялары ирээти менен эмес, эл суроосу-талабы боюнча кызыктуу, элге белгилүү эпизод-окуя, же ошондой чоң бөлүмдүн үзүндүсү гана аткарылган. Ушуларды эске алганда Сагымбай да, Саякбай да эпостун окуяларын ирээти менен өзүлөрү билип айткан көлөмдө, баштан аяк толук тексттер кагаз бетине түшүрүлгөн учурда гана атка-рышкан десек болот.

«Манастын» темасынын ар жактуулугун, мазмунунун тереңдигин, өзгөчө бийик көркөмдүк деңгээлин эске алган Айтматов бул чыгарманы кыргыз искусствосунун туу чокусу деп эсептейт.

«Манаска» таандык негизги мыкты касиеттерди – узак жылдар бою эл башынан өткөргөндөрдү чагылдырган терең мазмунун, берген маалыматтарынын өзгөчө кенен чегин, уккандарга эстетикалык ырахат тартуулаган көр-көмдүк деңгээлинин кол жеткис бийик үлгүсүн, байыркы элдердин бири болгон түптүү калк кыргыздардын узак та-рыхый жолундагы бүткүл алгылыктуу табылгаларын ичи-не сыйгызып турган казыналык маанисин, теңдешсиз зор көлөмүн эске алганда, аны адам баласы жараткан укмуштардын катарына кирүүчү, кыргыздар жараткан керемет десе жөндүү болор эле.

«Манас» көркөм сөз өнөрүнүн туундусу, аалам кере-меттери аталган кеңири белгилүү жети эстелик материал-дык маданий мураска жатса, кыргыз эпосу руханий мурас, болгондо да көчмөн элдердин бири жараткан үлгү. Бирок, ушул белги «Манаска» башка жалпы адамзаттык кереметтердин арасында артыкчылык орунду берет. Ант-кени негизи таш, металл ж.б. материалдардан турган башка ар бир улуу мурас-керемет эстелик курулуш материалы канчалык катуу болгону, ушуга байланыштуу түбөлүктүү сыяктанганы менен алар убакыттын, климаттык чөйрөнүн терс таасирине тушугушу мүмкүн жана ушуга ыла-йык алгачкы сапат-касиеттерин ошол үлгүсүндө дайым сактап тура албай, каруу-эскирүү, мыкты белгилеринен ажыроого мажбур болот. Ал эми «кирпичтери» элдин сүй-лөө тилинин таза, тунук берметтеринен кыналган «Манас» көркөмдүк деңгээлин дайым бөксөртпөй, бир деңгээлде түбөлүк сактай алат.

Илгертен кыргыздар арасында «Манас» эпосунун кадыр-баркы өтө жогору, турмушта алган орду өзгөчө. «Ма-настын» окуяларын көркөм чыгарма катарында эмес, болгон чындык-тарых катары кабыл алып, анын сюжетиндеги айтылган ар бир маалыматка турмушта орун алган факты түрүндө ишенишкен кыргыздар эпостун окуяларынан, катышкан каармандарынын жүрүм-турумунан жаш-кары дебей үлгү катары эсептеп, таалим-тарбия алышкан, журт арасындагы талаш-тартыш, чырчатак, доо ж.б. жомоктун маалыматтарына, андагы сөз болгон үрп-адаттык, салттык жосундардын негизинде чечилген. «Манастын» негизги окуялары, сюжеттик нугу менен элдин басымдуу көпчүлү-гү тааныш, ал турмак эпостон бир нече ырды жатка билбе-ген кыргызды табуу кыйын экендигине да окумуштуулар көңүл бурушат. Октябрь революциясына чейин кыргыздар арасында баласына «Манас» – деген ысымды койбоо сал-тынын катуу сакталышы да («Манас» – деген атты бала көтөрө албайт, ага татыктуу болбосо зыянга учурайт – де-ген ишеним болгон) эпосту элдин өзгөчө урматтоосунун далилдеринин бири. Эл арасында «Манаска» зор маани берилгендиктен жана калктын күндөлүк турмушунда бул чыгарма кеңири орун алгандыктан, кыргыздар арасына четтен келгендердин көзүнө эң алды менен ушул жомок чалдыгат, көңүлүн бурат, анын үстүнө ар бир кыргыз башка эл өкүлдөрүнүн алдында улуттук сыймыгы, баалуу му-расы, бетке тутар асыл мактанычы катары эң алды менен «Манасты» атайт. Ушунун натыйжасында кыргыз элине таандык көркөм туундулардын – искусство үлгүлөрүнүн ичинен жазма булактарда эскерилген («Манастын» айрым окуяларынын мазмуну XV–XVI кылымдардын аралыгын-да эле кагаз бетине чийилгени «Мажму-ат-Табарих» – «Тарыхтардын жыйнагы» аттуу колжазма аркылуу илимге белгилүү), китеп түрүндө кыргыз тилинде басмадан бирин-чи чыкканы да (академик В.В.Радлов 1885-жылы Санк-Петербургда жарыялаган «Түндүк түрк урууларынын эл-дик адабиятынын үлгүлөрү» аттуу эмгектин V тому. Ошол китеп 1885-жылы Лейпцигде Радловдун көркөм котормо-су менен немец тилинде жарык көргөн), башка элдердин тилине биринчи которулганы да ушул «Манас».

«Манас» көп варианттуу чыгарма. Бир эле чыгарманын ар кандай алымча-кошумчаларга тушугуп, өзгөртүүлөрү менен, көп түрдө айтылышы анын варианттарынын көп нускалуулугун шарттайт.

«Манас» оозеки жаралып, оозеки жашаган көркөм чыгармалардын катарына киргендиктен, варианттуулук анын негизги маңыздык да, формалык да белгилеринин бири. Түрдүү варианты болбой жана ал варианттар ар бири өз бетинче жашоо менен, башка жаңы варианттарды жаратпай жашоосун улантуусу да, жалпы эле оозеки көр-көм чыгармачылыктын үлгүсү катарындагы мазмундук, формалык белгилерин сактап калуусу да мүмкүн эмес. Ар бир жеке адам жараткан чыгарма варианттарга ээ бол-гондон – чыгарманы башкалар жактырып кабыл алып, өз алымча-кошумчалары менен аткара баштагандан тартып гана элдик мааниге ээ боло алат, оозеки жашаган көркөм туундуулук укукка жетишет, ушул статуста өз жашоосун баштайт. Варианттары жаралмайын жеке инсан жараткан чыгарма ошол алгачкы үлгүсүндө гана калып, өмүрүн ток-тотот – эл арасында жашай албайт.

Вариант жаралуунун себептери көп. Чыгармага өзгөртүү киргизүү негизинен эки түрдө: белгилүү максат ме-нен атайын иштелиши, же айтуучу-аткаруучунун эркинен сырткары түрдө болушу мүмкүн. Биринчи учурда айтуучу уккан чыгармасын өз каалоосу боюнча көңүлүнө жакпай калган жерлерин кыскартып, же «оңдоп», ал эми жагып калган окуяларды кеңейтип, толуктап аткаруу аркылуу вариант жаратат. Ошону менен бирге эле оозеки айтылган материалдарды укканда толук түрдө кармап кала албай, айрым жерлерин унутуп, же эстен чыгарып жиберүүнүн натыйжасында биринчи үлгү өзгөрүүлөргө учурап, натыйжада вариант жаралышы да мүмкүн. Мындай көрүнүш, айрыкча, көлөмү чоң, татаал сюжеттүү чыгармаларды кабыл алуу, кайра айтуу-аткаруу учурларына мүнөздүү. Варианттын жаралышында аткаруучунун табигый таланты да чоң мааниге ээ – таланттуу айтуучу өзү уккандарын кеңейтип, толуктап, көркөмдүк деңгээлин өркүндөтүп ай-тышы, ал эми таланты чакталуу адам өз дараметине жа-раша бөксөртүп, өнүктүрмөк турмак мурдагы үлгүдөн төмөндөтүп аткарышы да мүмкүн. Ушуларды эске алганда варианттуулуктун мүнөзү да ар түркүн – айрым вариант мурдагы үлгүдөн анча айырмаланбай, анча-мынча гана орчундуу мааниге ээ боло албаган майда өзгөрүүлөргө ээ түрүндө болсо, кээде мурдагы уккандарын алда канча кеңейтип, чоң-чоң салымдар кошуп, чыгарманы мазмун-формалык жактан жаңы баскычка көтөрүп айткандар да болот. Ушуга байланыштуу фольклортаануу илиминде «вариант» – дегенден башка өзөгү бир чыгарманын би-ри-биринен окуяларынын курулушу, көркөмдүк деңгээли боюнча орчундуу белгилер менен айырмаланган, жалпы эле мазмундук-формалык жактан көптөгөн өзгөчөлүктөргө үлгүлөрдү белгилөө үчүн атайын колдонулган «версия» термини да бар. «Манас» эпосуна карата бул терминдерди колдонгондо эпостун Сагымбай айткан версиясы, Саякбай айткан версиясы десек да жөндүү. Версиялык деңгээл мурдагы үлгүдөн такыр айырмаланган жаңы чыгарма жаратуу дегендик эмес, чыгармага чоң талант ээси айтуучу кошкон салымдын үлүшүн гана көрсөтүүчү, эпосту өстүрүп-өнүк-түрүүдөгү анын ордун айкындап туруучу белги. Чынында түрдүү варианттары болгон менен чыгарманын теги бир бойдон сакталат, ошон үчүн, адатта, вариант менен версия түбүндө айырмасы жок түшүнүк катары кабылданат.

Дүйнөлүк эпостаанууда жалпы эле эпикалык чыгар-малардын, айрыкча мифологиялык-баатырдык жана тарыхый-баатырдык эпостордун жаралышы (аны шарттаган мезгилдик, мейкиндик факторлор, ошол элдин басып өт-көн тарыхый жолундагы реалдуу, урунттуу окуялар менен инсандар ишмердигинин эпикалык чыгармачылыктын салттарына жараша «көркөм-кыялый кайра иштетүүдөн» өткөрүлүшү жана бул экөөнүн карым-катышы ж.б.) ар түрдүү идеялык, тарыхый, маданий, социалдык жагдай-ларга ар башка өлчөмдө байланыштырылып, ар түркүн теориялык-методологиялык принциптерге, жол-жоболор-го таянуу менен иликтенип келет. Башкача айтканда, бул маселеде текши таралган жана биротоло калыптанып, бу-зулбас мүнөзгө ээ болгон көзкараш жок.

«Манас» эпосу илимий иликтөөнүн обьектисине ай-ланган (Ч.Валиханов, В.Радлов) мезгилден башталып, XX кылымдын I, II чейректеринде (1920-1950-жылдар) кыйла ачык коюлуп, бара-бара дамамат талаш-тартыштарга уют-ку болуп, алиге дейре бир ыңгай чечилишине ээ боло элек көп кырдуу жана чаташ маселе – анын жаралыш доору болуп эсептелет. Бул боюнча ар кандай деңгелде аргумен-тацияланган көзкараштар, гипотеза-божомолдоолор, ой-жоруулар арбын. Адабиятчылар, тарыхчылар, философтор жана коом таануучулар (социолог, саясатчы, культуролог ж.б.) өз позициясын аныктап, көзкарашын далилдөөдө эпостун түрдүү варианттарынан алынган тексттерден тар-тып, кыргыз тарыхындагы, фольклорундагы, түрк-монгол жана дүйнө элдеринин эпикалык чыгармачылыгындагы теориялык жоболорго, фактыларга, илгерки жана кийинки илимий изилдөөлөргө таяныч жасашат, элдик санжыралар-ды, мифтерди, уламыш кептерди, ал тургай географиялык аталыштарды да көз жаздымында калтырышпайт.

Эпостун жаралыш доору жана ал көркөм-эпикалык формада чагылдырган тарыхый доорлор деген проблема-ларынын ички байланышы анык болгону менен түпкүлү-гүндө өз бетинче караштырылчу ар башка маселе экен-диги түшүнүктүү. Анткени эпос чагылдырган доор менен анын эпикалык чыгарма катары түптөлгөн мезгил – доо-ру дал келе бербейт. Сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү ме-нен иш жүзүндө анын тамыры алда канча тереңде жатат. Эпос баштапкы негизи түптөлгөн күндөн тарта эле элдик оозеки чыгармачылыктын башка жанрларында (миф, ула-мыш, санжыра, ар кандай лиро-эпикалык баяндар, ли-рикалык майда чыгармалар ж.б.) орун алган сюжет, образ, деталь, мотивдерди өзүнө сиңирип алып, андан аркы өнүгүү, калыптануу процессинде да ушундай көрүнүштөр менен коштолуп келүүсү мыйзамченемдүү көрүнүш. Кандай гана эпос болбосун, толук жана бүткөрүлгөн формада жаралышы мүмкүн эмес. Бул фольклор теориясында дээр-лик талаш туудурбаган жагдай. Айрыкча «Манас» сын-дуу монументалдуу, энциклопедиялык мазмунга эгедер чыгармалар тынымсыз толукталуу, жаңылануу жана эл-дик кабылдоолорго дал келе бербеген «жат» элементтерди сүрүп чыгаруу ыңгайында өнүгүп келгендиктен, бир кан-чалаган доорлорду өз ичине камтуусу түшүнүктүү болуп калат. Муну Ч.Валиханов, В.Радловдон тарта М.Ауэзов, Б.Юнусалиев, Р.Кыдырбаева, Э.Абдылдаев (ж.б.) сындуу манасизилдөөчүлөрдүн баары моюнга алышат.

Ушундай болсо да, эпостун жаралыш доору жана эпос чагылдырган доорлор аттуу тамыры, генезиси эки башка маселе кыйла эмгектерде катар коюлуп, чектери ажыра-тылбай бирдикте караштырылгандыгы байкалат. Буга эпостогу ирдүү окуялардын тарыхый негизи, борбордук каармандардын прототиптери, окуялар болгон же ошон-дой деп болжолдонгон жерлердин тек-жайы сыяктуу масе-лелер кошулуп кеткен учурлар да жыш кездешет. Мындан тышкары эпос эпикалык бүкүлү чыгарма катары качан, кантип жаралат, кандай тарыхый, көркөм-идеялык, эсте-тикалык процесстерге дуушар болот, эпосту кимдер, кан-дайча жаратат деген сындуу маселелерди чогуу караштыр-ган иликтөөлөр бар. Демек, бул жерде учугу бир, тамыр-лаш болгону менен көп жагынан бири-бирине биротоло биригип калбаган, өз-өзүнчө иликтөө объектиси болууга жарамдуу бир нече жагдайды көңүлгө алуубуз керек

Мында борбордук маселе – эпос качан, кайсы мезгилде түптөлө баштап, кыймыл-өнүгүү абалында турса да, анын кынтыксыз бүкүлү чыгарма катары калыптаныш процес-си шарттуу түрдө качан аяктаган деген проблема болуп саналат. Эгерде эпосту алгачкылардан болуп жазып алып, аны кылдат илимий байкоолору менен жабдыган В.Рад-ловдун «…эпос өзү биротоло бүткөрүлгөн нерсе эмес, ал эл менен жашап, аны менен кошо өзгөрүлүп турган элдин аң-сезиминин өзү болуп эсептелет» [8, 24-б.], – деген бү-түмүн, анын көп жагынан жүйөлүү экендигин эске алсак, мезгилдик жактан «Манастын» жаралыш доорун так көр-сөтүү мүмкүн эместей туюлат.

Бирок илимпоздор «Манастын» жаралыш-мезгилин аныктоодо кайсы бир тарыхый фактыларды (окуялар, кө-рүнүштөр ж.б.), инсандар ишмердигин таяныч тутпай коё алышпайт да, кыргыз тарыхында санжыра, уламыш, аңыз кеп түрүндө айтылып келген, же түрк, монгол, кытай, араб, фарсы жазма булактарында сакталган маалыматтар-га дейре кайрылышат. Мындай маалыматтар жетиштүү эле көрүнгөнү менен алардын биринде да (XVI кылымга тиешелүү «Маджму-ат-таварихти» эске албаганда) эпосто сүрөттөлгөн ирдүү окуялар жана анын борбордук каарман-дары тууралуу айкын, так жана дал келген маалыматтар-дын жоктугу, түркүн божомол-гипотезалардын чыгышы-на себеп болуп келет. Бул жагдай табигый түрдө эпостогу окуялардын тарыхый негиздүүлүгү тууралуу маселени күн тартибине алып чыгып, «Манас» сыяктуу монументалдуу жана көп катмарлуу чыгарма жок жерден жана ошол эпо-пеялык зор калыбында жаралбайт дегенди түшүндүрөт. Муну В.Радлов да өз кезинде туура байкаган. М.Ауэзов да, кийинки изилдөөчүлөр да адегенде эпостун бир бөлүгү, ядросу жаралып, мезгилдин өтүшү менен ал тарамдалып, кеңейип жүрүп отурган деген пикирди колдошот.

Бирок белгилей кетчү нерсе – «Манас» сыяктуу залкар чыгарманын түптөлүп, калыптанышы үчүн элде ошондой көркөм туундуларды жаратуунун калыптанып келген же калыптана баштаган салты болуш керек эле. «Манас» кай-сы мезгилде жаралбасын, анын автору болгон элде эпикалык поэзиянын өнүккөн салттары, жол-жоболору, жолго түшкөн жанрдык канондору зарыл болчу, б.а., «Манас» кыргыз эпикалык чыгармачылыгындагы алгачкы туун-ду эмес дешке толук негиз бар. Демек, «Манаска» чейин эле элде мифологиялык-фантастикалык, тарыхый-баатыр-дык, турмуштук, лирикалык, сатиралык (ж.б) мүнөздөгү эпикалык чыгармалар болгонуна, алардын далайы мезгил чаңына басылып жок болсо, айрымдары кийинки чыгар-малардын курамына кирип, өз алдынча жашоосун ток-тотконуна, дагы бир тобу идеялык-көркөмдүк, сюжеттик, тематикалык трансформацияга учурап, түр-түспөлүн таа-нылгыс кылып өзгөрткөнүнө шектенбей эле койсок болот. Түпкүлүгүндө «Манас» сыяктуу залкар эпикалык баян жайдак жерде жаралмак эмес. Аларды жаратуучулардын (жомокчу манасчылардын, акындардын) да өз мектеби болгондугу, алардын аткаруучулук салты ошол чыгарма-чылыктын эволюциясы менен удаалаш калыптангандыгы да атайын далилдөөнү талап этпейт. Мындан, эпикалык чыгармачылыктын генезиси терең, ал эл турмушу менен тамырлаш, тагдырлаш болуп келген деген жыйынтык чы-гат. Ушундан улам В.Радлов дагы: «…эпосту өзү өз мез-гилинин элдик акыны болгон адам гана түзө алат», – деп жазса керек. [9, 34-б.].

«Манас» эпосунун кылымдар карытып, өтө узак убак-тардан бери келе жаткан чыгарма экенин жана бул эсте-ликтин калк арасындагы өзгөчө зор кадыр-баркын эске алганда, анын түрдүү варианттарынын көп болгондугунда күмөн жок. Бирок, чыгарманын тексттерин жазып алуу, кагаз бетине түшүрүү иши кечээ жакында эле башталган-дыктан ага чейинки эпостун тексттери оозеки жашаган өмүрүндө чыгарманын негизги маңызы сакталганы менен түрдүү варианттарынын көптөгөн үлгүлөрү биздин учурга жеткен жок. Натыйжада зор талант ээси катары ысымы эл оозунда бүгүн да айтылып, өмүрүнө байланыштуу көптө-гөн маалыматтар легенда, уламыш түрүндө калк арасында кеңири сакталып калган, өзүлөрү мындан 100–150 жыл чамалуу эле мурда жашаган Акылбек, Келдибек, Балык, Нармантай (Чоңбаш), Чоюке, Тыныбек ж.б. сыяктуу көп-төгөн чоң манасчылардын варианттары илимге дээрлик белгисиз. Өзү өткөн кылымдын баш чендеринде жашаган Сагымбайдан анын варианты жазыла баштаганда али көзү тирүү Чоюкенин, же анча-мынча үзүндүсү кагаз бетине түшкөн, өзгөчө зор таланттуу манасчы Тыныбектин ва-риантынын белгисиз болуусу илим үчүн чоң жоготуу.

«Манастын» түрдүү варианттарынын тексттерин кеңи-ри белгилүү манасчылардан системалуу түрдө жазуу иши өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын орто чендеринен тартып гана колго алынган. Бирок кыркынчы жылдардын башталышындагы беш жылга созулган кандуу согуш, со-гуштан кийинки «Манаска» терс маанайдагы саясий кыр-даалдын кесепеттеринен ал аракет бир кылка, дайым эле ийгиликтүү боло бербей, натыйжада илим кыйла баалуу маалыматтарды сактап калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыра-ды. «Манастын» варианттарын эл арасынан издөө, жазуу иштери 60-жылдардын орто чендеринен тартып кайра кы-зуу колго алынганы менен элге белгилүү манасчылардын көбүнүн көзү өтүп кеткендиктен мындай аракеттен анча натыйжалуу майнап чыкпады.

Ошентип, бүгүн илимге эпостун биринчи бөлүмүнүн – «Манастын» 34 варианты белгилүү (чыгарманын үч бөлү-гүнүн сексенден ашуун варианттарынын тексттери кагаз бетине түшүрүлгөн). Эгер XV кылымга таандык «Тарых-тардын жыйнагы» («Мажму-ат-табарих») аттуу фарсы – байыркы тажик тилинде жазылган колжазмадагы «Ма-наска» тиешеси бар маалыматтарды эпостун өз алдынча варианты катары эсептесе илимдин карамагында бүгүн бул чыгармага тиешелүү 35 вариант бар десе болот. Бирок, ошол варианттардын баарынын көлөмү, камтыган окуяла-ры, деңгээли, демек, баа-баркы, мааниси да бирдей, бир кылка эмес – арасында «Манастын» бардык окуяларын баштан аяк ирээти менен толук баяндаган, эстеликтин өзүнчө толук кандуу варианты дешке боло тургандары, ал эле эмес Сагымбайдын, Саякбайдын тексттери сыяк-туу версиялык деңгээлге көтөрүлгөндөрү да, ошону менен бирге эле эпостун бүт окуяларынын эмес, айрым кеңири белгилүү, көп аткарылган эпизод-бөлүмдөрдүн вариантта-ры дешке боло тургандары да бар. Анын үстүнө бир эле манасчыдан бир нече жолу жазылган эпизоддор, ал тур-мак эпостун бүт окуялары да, аларда айырмачылыктар бар экендигине карабастан, башка-башка эсептелбей, бир гана варианттын катарына жатат. Ошондой эле мурда жа-зылган тексттерден кайра көчүрүлгөн, же ошол жазылган тексттерди жаттап алып эл арасында аткарып жүргөндөр-дөн кайра жазылган нускалар да (эл арасында айрыкча Сагымбайдын өткөн кылымдын 20-жылдарында жазылган тексттери эл арасына көчүрмө түрүндө кеңири тарап кет-кендиктен ошолорду жаттап алып аткарып, манасчы ата-лып жүргөндөр арбын, алардан тексттер кайра жазылуу учурлары да аз эмес) айрым анча чоң эмес өзгөртүүлөрү бар экендигине карабастан вариант деп эсептелбейт жана санакка кошулбайт.

Ушул абалдар эске алына манастаануу илиминде салттык туруктуу окуяларды камтый алуу – чыгарманын окуяларын баштан аяк ирээти менен баяндоо деңгээлине карай колдо болгон тексттерге карата «Манастын» негизги ва-рианттары жана айрым эпизоддук, же белгилүү окуялардын варианттары – делген атайын терминдер колдонулат.

«Манастын» негизги варианттарынын катарына Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Каралаев, Шапак Ырысмендеев, Байымбет Абдыракманов (Тоголок Молдо), Ба-гыш Сазанов, Молдобасан Мусулманкулов, Мамбет Чок-моров айткан варианттарды кошууга мүмкүн. Булардан башка да фольклорчу, эпостун тексттерин кагаз бетине түшүрүп жазып алуу иштеринде көптөгөн манасчылардын катчысынын милдетин аткарган Ыбырай Абдырахманов эпостун үч бөлүгүнүн тексттерин өзү жазып өткөргөн. Бирок, көп белгилери боюнча ал адамдын «вариантын» Сагымбайдын вариантынын элге кеңири белгилүү эпизоддо-рунун кыскартылган атайын иштелип чыккан үлгүлөрү деш жөндүү.

Орозбак уулунун варианты 1922–1926-жылдар аралыгында кагаз бетине түшүрүлгөн. Ишке демилгечи болгон Каюм Мифтаков, варианттын дээрлик бүт тексттерин жазган катчы Ыбырай Абдырахмановдун, уюш-туруу иштеринде зор көмөк көрсөткөн Ы. Тойчуновдун эмгектери орчундуу. Кагаз бетине түшкөн тексттердин жалпы көлөмү 180378 сап ыр. Варианттын айрым үзүндүлөрү 1940-жылдардан тартып кыскартылган түрдө бир нече жолу жарык көргөн. «Чоң чабуулдан» айрым үзүндүлөр орус тилине көркөм которулуп 1946-жылы Моск-вада жарыяланган. Бириктирилип кыскартылган вариант деп аталган (түзүүчү Кубанычбек Маликов) «Манастын» эки томдугунда айрым эпизоддор, үзүндүлөр пайдаланыл-ган. Бул варианттын окуяларынын ирээти менен берилген толук үлгүсү кыскартылган түрдө төрт китеп болуп 1978-1982-жылдар аралыгында жарык көрдү. Ошол эле төрт китеп 1984-1995-жылдар аралыгында кыргыз жана орус тилиндеги котормосу басмадан чыгып, ошол үлгү айрым кыскартылган түрдө 1995-2000-жылдары англис тилине көркөм которулуп жарыяланды. Варианттын кыскартылган үлгүсү 1998-жылы Делиде хинди тилинде, ал эми кара сөз түрүндө түзүлгөн үлгүсү Японияда япон, Из-раилде ибрит тилдеринде басмадан чыкты. Сагымбайдын вариантынын толук академиялык басылышынын төрт ки-теби 1995–1996-жылдары басмадан чыкты. Ал эми 5-том-дон 9-томго чейинки академиялык томдору 2016-жылы толугу менен жарыкка чыкты.

Каралаевдин вариантынын «Манас» бөлүгү 1935–1937-жылдары кагаз бетине түшүрүлүп, тексттерди жазуу ишине Ы. Абдырахманов, К.Жумабаев, Ж. Ирисов,

  • Кыдырбаева катышкан, жазылган тексттердин эпостун 1-бөлүмү боюнча көлөмү 84513 сап ыр. Чыгарманын аягы «Манастын өлүмү» деген ат менен кыскартылган түрдө 1941-жылы жарыяланган, айрым эпизоддору «кыскар-тылып бириктирилген вариантта» пайдаланылган. Саяк-байдын Манасынын» эки томдугу 1984-1985-жылдары, ал эми толук берилген академиялык басылышынын үч ките-би 1995–1996-жылдары жарык көргөн. Академиялык бастыруунун аягы басмадан чыга элек.

Ш.Ырысмендеевдин «Манасы» 1935-1938-жылдары кагаз бетине түшүрүлүп, тексттерди жазуу ишине К. Кы-дырбаева, Ташым Байжиев, Жанек Наматов катышкан, жазылган тексттердин көлөмү 24588 сап ыр, бүт бойдон жарык көрө элек.

Ы. Абдырахманов (Тоголок Молдо) айткан вариантын 1936–1937-жылдары өзү жазып өткөргөн, көлөмү 53045 сап ыр, «Манас» бөлүмү 2014-жылы жарыкка чыгып, кал-ган бөлүмдөрү жарык көрө элек.

Б. Сазановдун варианты 1938–1940-жылдары кагаз бетине түшүрүлүп, жазууга И. Мусаев, Б. Токтогулов ка-тышкан, көлөмү 41147 сап ыр, жарык көрө элек.

1944–45-жылдары А. Тайгүрөңов, С. Байсалов жазган М.Мусулманкуловдун вариантынын көлөмү 57718 сап ыр, чакан үзүндү манасчынын өз аткаруусунда 1935-жылы грам-пластинкага жазылган, калган тексттери жарык көрө элек.

М. Чокморовдон 1959–1972-жылы аралыгында эпос-тун үч бөлүмү толук жазылып алынган, бирок «Манас» бөлүгүнүн орчундуу материалы («Көкөтөйдүн ашы» ж. б.) магнитафондук лентага түшүрүлгөндүктөн, 1-бөлүмдүн так көлөмү белгисиз. М. Чокморов айткан «Манас» бөлү-мү 2005-жылы жарык көрүп, калган тексттери али жа-рыялана элек.

«Манастын» изилдөөчүлөрүнүн көпчүлүгү тарабынан аныкталып, жалпы кабыл алынган эреже катары эпостун түрдүү варианттарындагы окуялардын негизги нугу бир, ар бир айтуучу-манасчы ошол даяр сюжетти өз сөзү менен ырга айлантып айтат, ушунун натыйжасында варианттар жаралып, түрдүү варианттардагы өзгөчөлүк айырма, өзүнө таандык атайын белгилер пайда болот деген мүнөздөгү ой көп кайталанылат. «Манастан башка көлөмү чакан, сю-жеттик курулушу анча татаал эмес эпикалык чыгармалар-дын тажрыйбасына негизделип чыгарылган бул корутун-ду кыргыз эпосунун толук кандуу чыгарманын окуяларын ирээти менен баштан аяк бүт камтыган тексттерине так туура келе бербейт. Эл арасында өзгөчө көп аткарылып, сюжеттик курулушу такталган, негизинен ошол үлгүдө жалпы кабыл алынган, көлөмү анча чоң эмес «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы», «Жолой менен Ко-шойдун күрөшү» ж.б. сыяктуу айрым эпизоддорго карата ушул корутундуну пайдаланса болот, ал эми эпостун бар-дык окуяларын көз алдыда тута сөз кылганда, варианттык белги даяр сюжетти жөнөкөй өз сөзү менен кайталап ай-туу чегинен алда канча терең жана кеңири, орчундуу да. Анткени манасчы вариант түзүүдө мурдатадан келе жат-кан даяр сюжет, окуяны кайталап айтуу менен чектелбес-тен, эпостун өзү мурункулардан уккан жана мурас катары кабыл алган материалдарын чыгармачыл инсан катары кайрадан иштеп – өз түшүнүк, көрүү, туюу сезимдеринен өткөрөт. Натыйжада чыгармага жаңы материалдар, маа-лыматтар кошулуп кеңейиши, толукталышы, айрым эпи-зоддор кыскарган түрдө берилсе, экинчилери мурдагыдан алда канча кеңейиши, же такыр жаңы окуя-эпизод кошу-лушу мүмкүн, же бул же тигил материал, эпизод түшүп калышы да ыктымал. Ошондой болсо да «Манас» көп ва-рианттуу, бирок негизинде бир чыгарма. Анын бирдигин чыгарманын варианттарындагы тема, идея, туруктуу өзөк окуялар жана образдар системасы – алардын бир эпостук жакындыгын айкындап турат. Эл арасында кеңири белгилүү болгон, негизги мазму-ну, сюжеттик нугу өзгөрбөй сакталган, эпостун вариант-тарынын басымдуу көпчүлүгүндө орун алган окуялар «Манастын» туруктуу өзөк окуялары делет. Чыгарманын негизги темасы менен идеясы ушул туруктуу окуяларга карата белгиленет.

«Манастын» негизги өзөк окуялары булар: Манастын туулушу жана балалык чагы, алгачкы эрдиктери, кан шайланышы, мекенди душмандардан бошотуу, кыргыз-дардын Алтайдан Ала-Тоого кайтып келиши. Алмамбет-тин окуясы, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкаман-дар окуясы, Көкөтөйдүн ашы, Чоң казат, Кичи казат, Ма-настын өлүмү жана ага күмбөз салдыруу. Чоң-чоң өзөк окуялардан башка да варианттардын көбүнөн орун алган, туруктуулук мүнөзгө ээ чакан окуялардын тобу бар – күч-түү жоодон жеңилип калган кыргыздардын чабылып-ча-чылышы, Алтайга айдалуу, Манастын Алоокени жеңиши, Шоорук кан менен болгон согуш ж. б.

Туруктуу өзөк окуялардын негизги нугу түрдүү ва-рианттарда өзгөрбөй айтылат жана эпостун сюжетин ирээ-ти менен баштан аяк толук аткарган манасчылардын ва-риантында алардын орун алышы көндүм белги.

Көпчүлүк туруктуу окуялар өзүнчө бүткөн-бүтүн чы-гарма түрүндө иштелип чыккандыктан бөлөк-бөлөк атка-рыла бериши да мүмкүн. Бирок, алардын чыгарманын сю-жеттик композициясында ээлеген туруктуу орду бар жана бири-бири менен атайын окуя, окуялар тобу аркылуу бай-ланыштырылат. Негизги өзөк окуялардын арасындагы алардын байланышын камсыз кылган бөлүкчө деталдар ар бир манасчыда башка-башка болушу, кээде жакын, ок-шош мүнөздө жүзөгө ашырылышы да ыктымал.

Вариантын курууда манасчылар чыгарманын туруктуу белгилери катары мурдагы өнөр ээлеринен мурас кылып өзөк окуялардан башка каармандарды мүнөздөгөн сы-паттамаларды, портреттик клишелерди, көптөгөн мыкты табылгага жата турган элестүү ыр саптарын, көркөм ка-ражаттар менен көркөм ыктардын түрлөрүн, жалаң ушул эпосто гана пайдаланылуучу атайын көркөм ыкмаларды, атайын обонду кабыл алып, баарыга бирдей орток кенч катары үйрөнүп-өздөштүрүп, вариантында туруктуу мүнөздө кеңири пайдаланат. Бул жалпы кабыл алынган салт жана өнөр ээси – манасчылык кесипти үйрөнүүдөгү башкы мил-деттердин бири.

Өзгөчө зор көлөмдүү чыгарма «Манастын» окуяларын баштан аяк ирээти менен дароо аткаруу мүмкүн болбогон-дуктан, манасчылар эпостогу чоң-чоң окуялар – бөлүмдөр-дүн ар бирин өзүнчө бүткөн чыгарма түрүндөгү курулуш-ка ээ кылып түзүшкөн жана адатта ошол чоң бөлүмдөр зарылдыгына жараша өз-өзүнчө аткарыла берет. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» ж. б.

Ар бирин эл алдында толук аткаруу-айтуу үчүн ма-насчыга 3-4 күн талап кылынган андай маанилүү бөлүм-эпизод, эгер атайын шарт болсо, ошончо убакыт эпос угуу-га чогулган тыңдоочулар курчап турса, адатта, бөлүм бүт аткарылат. Ошондой эле бир кеч, бир олтурушта жомок угуучулар үчүн манасчы өзү жакшы билген, мыкты аткар-ган үзүндүнү, же аудиториянын өтүнүчү боюнча айрыкча белгилүү эпизоддордон үзүндү – элестүү бир окуяны ай-туу иши да кеңири практикаланат. Андай үзүндүлөрдүн катарына «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы», «Алмамбеттин арманы», «Кошой менен Жолойдун күрөшү» ж. б. кошууга мүмкүн. Мындай үзүндүнү аткаруу ма-насчынын атайын кыска комментариясы – окуянын баш жагы менен аягын түшүндүрүп кара сөз түрүндө кыска чечмелеп берүүсү аркылуу коштолот.

«Манас» эпосундагы мазмун чагылдырган башкы тема элдин эркиндиги, көзкаранды болбостук үчүн күрөш, четтен басып кирген душмандардан Мекенди коргоо. Ушуга ылайык патриоттуулук жогору бааланып, элге кызмат кылуунун, Мекенди сүйүүнүн үлгүлөрү баяндалат – калк камын ойлогон патриот баатырлардын эрдиктери даңаза-ланып, акылмандык, адилет-калыстык жогору бааланат.

Чыгарманын идеялык багытынын ачылышында чечүүчү ролду каармандардын көркөм элес – образдары ойнойт.

«Манас» татаал сюжеттүү, окуялары арбын чыгарма. Ошол окуяларга катышкан каармандары да өзгөчө көп – ысмы гана эскерилген адамдардан тартып, атайын көркөм элестип катары терең иштелип чыккан образдар түрүндө-гү каармандар да аз эмес. Бул эпостун образдар системасы-нын татаалдыгын шарттайт.

Эпостун окуяларындагы ойногон ролдоруна, аткарган милдет-жүгүнө жараша чыгарманын каармандары негиз-ги жана көмөкчү каармандарга бөлүнүшөт. Ошону менен бирге эле жомоктун башкы темасынын багытына болгон мамилесине карата образ-типтер оң жана терс делген эки чоң лагерден-топтон турушат.

«Манаста» бардык баатырдык эпосторго таандык болгон «эпикалык душман» түшүнүгү кеңири мүнөзгө ээ – чыгарманы жараткан анын ээси, демек оң, же өз катары баалануучу кыргыздар болсо, аларга карама-каршы тур-ган алардын эпикалык душмандары кытайлар-калмактар. Адатта кытай, калмак этнонимдери көбүнчө бир ысым катары түшүнүлөт жана эпостун тексттеринде аралаш, бири-нин ордуна бири колдонула берет.

Жалпы кабыл алынган салтка ылайык чыгарманын «авторунун» өз элинин өкүлдөрү – оң каармандар тобун түзсө, эпикалык душман өкүлдөрү терске жатышат. Бирок, бул «эреже» дайым эле так аткарыла бербейт, өздөн чыккан жат, ошондой эле душмандар арасынан чыккан дос болушу да мүмкүн. Демек, окуяларга катышкан адамдардын көркөм иштелип чыккан образдарынын мүнөзү алардын конкреттүү иштеген иштерине карата бааланат, ошондой эле ар бир образ иш-аракетинин мүнөзүнө ылайык оңго, же терске жатат. Демек образдын мүнөздөмөсүндө чечүүчү мааниге этникалык белгиси, диндик ишениминин багыты эмес, адамдык сапаты, адамгерчиликтүүлүк критерийле-рине туура келе турган жүрүш-турушу, иш-аракеттери эл мүдөөсүнө канчалык туура келери маанилүү. Манастын өз атасы Жакып, жакын туугандары Көзкамандар, Орозду-нун он уулу сыяктуу өзгө кире турган адамдардын терс образды алып жүрүүсү, эпикалык душмандар арасынан чыккан, алардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Алмамбет оң типке жатары мунун ачык далили.

Угуучуларга-окурмандарга, айрыкча жаштарга таа-лим-тарбия берүүдө эл иши үчүн башын сайган патриот, баатыр, айкөл Манас, акылман Бакай, жөн билги, сарамжалдуу Каныкей, ишенимдүү Алмамбет ж.б. оң тип-образдардын, ач көз, сараң Жакып, баскынчыл Коңурбай, ала көөдөн, соргок Жолой ж.б. терс каармандардын оң менен терстин, жакшы менен жамандын үлгүсү катары, мааниси, ойногон ролу, тийгизген таасири чоң.

 

«Манас» кылымдар бою көптөгөн таланттардын ара-кети, чыгармачыл эмгегинин үзүрү менен көркөмдүк ка-сиеттери өркүндөп, анын үстүнө калктын ар бир муунунун сындык табитинин элегинен өтүп, натыйжада көркөмдүк деңгээлдин кол жеткис бийик чокусуна көтөрүлүп, биздин учурларыбызга ар бир угуучу-окурманга зор эстетикалык рахат тартуулаган рухий көркөм мурастын үлгүсүндө жет-кен эстелик.

Чыгармадагы окуялардын берилиш ыгын, өнүгүш жо-лун каармандардын сүрөттөлүшүн – образдын түзүлүшүн, көркөм каражат, көркөм ыктардын бардык жыйындысын, ыр түзүлүшү менен тилдик байлыктарды пайдалануу жо-луна чейин бүт өз ичине камтыган эпостун поэтикасы ма-настаануу илиминдеги орчундуу багыттын бири. Көтөргөн жүгү боюнча жомоктун формалык белгилерине тиешелүү бардык белгилерин, өзүнө таандык атайын өзгөчөлүктө-рүн изилдөө, чечмелөө, түшүндүрүү милдеттерин аркалоо, ары жооптуу, ары өтө татаал маселелерге жатат. Илимдин бүгүнкү деңгээлинде аз изилденип, али чечиле элек, кээ-де сөз козголо да элек бөлүктөрү-темалары бар, көптөгөн ак тактуу илимий багыттын бири экени кокусунан эмес. Мындай абал «Манастын» окуялары, алардын курулушу татаал, зор көлөмдүү, узак убакыттар бою калыптанган жана ошол кылымдар карыткан мезгил ичиндеги түрдүү көркөм табылгаларды сактап келген, натыйжада башка элдердин эпикалык чыгармалары гана эмес, кыргыздар-дын өзүнүн түпкү тегинде бир жанрга жатуучу жомок-торунда да учурабаган, жалаң «Манаска» гана таандык поэтикалык белгилердин бир чыгармада орун алгандыгы жана алар аз эмес экендиги, мындай көрүнүштү изилдеп үйрөнүү да, түшүндүрүү да татаал гана турмак узак уба-кытты талап кылуучу нерсе экендиги менен шартташкан.

«Манастын» көркөмдүк касиеттериндеги айрым, жал-гыз ушул эпоско гана таандык болуп, манасчылардын өзүлөрү да оозеки чыгармачылыктын башка үлгүлөрүн, ошондой эле эпосторду да аткарууга туура келген учурлар-да ошол ык, белгилерди пайдаланбашы (окуяларды байла-ныштыруу, сюжеттик курулманын ичинде бир окуядан, көрүнүштөн экинчисине өтүүдө кеңири колдонулуучу, «Аны мындай таштайлы, мындан кабар баштайлы» деген мүнөздөгү туруктуу ыр саптарын – көркөм ыкты, же жа-лаң ушул эпосту айтууда гана колдонулуучу атайын обон-ду ж.б.) жөнөкөй гана көрүнүш, белги, учураган факты катары эскерилүү менен чектелбестен, андай болуунун себептери да изилденип, чечмелениши, түшүндүрүлүшү зарыл.

Көркөм сөз өнөрүнүн, айрыкча анын оозеки үлгүлөрү багытында, мурдатадан терең иштелип чыгып, салттык туруктуулук мүнөзүндөгү белгилерге ээ болгон ыр түзүлү-шү, муун өлчөмү, уйкаштыктар системасы ж.б. боюнча да «Манастын» өзүнө жеке таандык өзгөчөлүктөрү, башка-лардан айырмалуу учурлары көп. Муну баарыдан мурда эпостун мурдатадан келе жаткан салттык көрүнүштөрүн терең өздөштүрүшкөн жана так аткарып көнүшкөн манас-чылардын өзүлөрү мыкты билишет. Ушул багытта илим-ге кызыктуу бир факты белгилүү: Сагымбайдын вариан-тынын тексттери кагаз бетине түшүрүлүп жаткан учурда Илим комиссиясы манасчы менен анын катчысын Ташкент шаарына чакырып, анда «Манас», чыгарманын жазылган бөлүмдөрү боюнча пикир алышуулар уюштурулат. Ошон-до кыргыз интеллигенттеринин жаңы өсүп келе жаткан өкүлдөрүнүн тыңдарынын бири эсептелип калган, өзү да ырлар жазып, мезгилдик басма сөз беттеринде жарыялап жүргөн, студент Касым Тыныстанов манасчыга «Сиздин жаздырган «Манасыңыздын» ыр саптары төрт сап-төрт саптан курулуп, ар бир топ өз-өзүнчө уйкашпай аралаш болуп калыптыр – деп доомат айтат. Ал жыйынга каты-шып, Сагымбай менен бирге болгон катчы Ы.Абдырахма-новдун эскерүүсүнө караганда, жаш уландын сынына ай-туучу катуу нааразы болуп, мурдатадан ата-бабаларыбыз ушул түрдө айтып келсе, анан өзүнөн өзү куюлуп келип турган ыр саптарын кантип төрт сапка бөлүп коём? – деп капаланган экен. Демек, «Манастын» ыр саптарынын курулуш системасы жана алардын уйкашка, ыргакка келүү ыгы төрт, же андан көп сандагы куплеттик курулмада эмес, ойдун бүтүшүнө карай, ыр саптарындагы берилген мазмунга негизделип түзүлгөндүгүн илим ыкмасында чеч-мелеп түшүндүрүп бере албаса да, өзү айткан материалдар мурдатадан келе жаткан салттык эрежелерге таянылган-дыгын жана аны кесип ээси катары бузбай сактоого мил-деттүү экенин жомокчу туура түшүнгөн.

«Манас» жалаң ырдан турган чыгарма, бирок, кээде ыр саптарынын арасында кара сөз, жорго сөз түрүндөгү материалдар да жолугат. Алар манасчылар тарабынан эпосту, же анын белгилүү чоң-чоң эпизоддорун баштоодо чыгарманын андан мурдакы сюжеттик нугунан кабар берүү максатында пайдаланылат. Мындай ык жалпы эле эпикалык чыгармаларга таандык белги.

«Манас» генеалогиялык циклизация принцибине ыла-йык түзүлгөн чыгарма. Анын негизги мазмунун баатыр-лардын бир канча муунунун – Манастын, анын уулу Се-метейдин жана небереси Сейтектин каармандык иштери түзөт. Айрым манасчылар чыгарманы андан да нары бу-тактантып, Сейтектин тукумдарынын эрдиктери жөнүндө сөз кылышат. Мисалы, Саякбай манасчы Сейтектин уулу Кенен, анын балдары Алымсарык, Кулансарык баяндарын да айтат. Чыгарманы ушундай эле ык менен чоң жомок-чу Чоюке да бутактантып аткаруучу экен. Азыркы Кытай мамлекетинин аймагында жашаган кыргыздардан чык-кан жазгыч манасчы Жусуп Мамай баатырлардын сегиз муунунун окуяларын кагаз бетине түшүргөн. Бирок, эпос-тун элге кеңири белгилүү үлгүлөрү «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана ал үчөөнүн ичиндеги башкысы, өзгөчө баа-луусу, зор мааниге ээ болгону, айрыкча кеңири, дыкаттык менен иштелип чыкканы чыгарманын биринчи бөлүмү – «Манас». Ошентсе да атасынын ишин улантып, элдин биримдиги, көзкарандысыздыгы үчүн күрөшкөн Семетейдин, мурда өткөн баатырлардын жолун жолдогон Сейтектин эрдиктерин баян эткен бөлүмдөр эпостогу маанилүү бутактар, «Сейтек» да, айрыкча «Семетей» калк арасында чыгарманын биринчи бөлүмү сыяктуу эле зор кадыр-барк-ка ээ. Ал турмак «Семетейдин» варианттары «Манаска» караганда көп жолугат, айрым манасчылардын айтуусун-да анын тексттеринин көлөмү да биринчи бөлүмдөн алда канча арбын. Мисалы, Саякбай манасчы эпостун 1-бөлү-мүн 84513 сап көлөмүндө кагаз бетине түшүртсө, андан жазылган «Семетейдин» көлөмү 316157 сап ыр.

Эл арасында жалаң гана «Семетейди» айткан жомок-чулар да кезигет. Алар семетейчилер деп аталышат.

Кыргыз оозеки көркөм чыгармачылыгынын өзгөчө баалуу үлгүсү, сөз өнөрүнүн өзүнчө атайын түрү болгон «Манас» эпосунун өзүнө тиешелүү илимий проблемалары арбын. Элде бул чыгармага зор маани берилүүнүн натый-жасында ошол проблемаларды бириктирген илимдеги өз алдынча багыт – манастаануу жаралган. Ал үч бөлүмдөн турат: 1) «Манас» эпосунун тексттерин эл арасынан жый-ноо – тексттерин кагаз бетине түшүрүү, же фиксациясын жүзөгө ашыруу; 2) тексттерди китеп түрүндө жарыялап, басмадан чыгаруу – эл арасына кеңири тароосун камсыз кылуу жана башка элдердин тилдерине которуп, аудито-риясын кеңейтүүгө жетишүү; 3) эпостун мазмунун, көр-көмдүк касиеттерин, айтуучулардын чыгармачылык өз-гөчөлүктөрүн талдоого алуу, жалпы эле эпоско таандык илимий проблемаларды чечүү.

Тарыхый шарттын өзгөрүүсүнө байланыштуу эпос салттык көнүмүш ык менен оозеки түрдө активдүү жашоосун улантууга мүмкүн болбой калган учурдан баштап маанилүү мурастын мазмундук сапаты менен көркөмдүк деңгээлин бөксөртпөй сактап калуунун, керектүүлүгүнө жараша кайра элге жеткирүүнүн ишенимдүү жана ыңгай-луу жолу анын тексттерин кагаз бетине түшүрүү, китеп түрүндө басмадан чыгаруу. Тексттерди фиксациялоонун да, ошондой эле аларды жарыялоонун да ар биринин өзү-нө таандык атайын иштелип чыгып, илимде жалпы кабыл алынган эреже-ыктары, илимдик талаптары бар. Манас-таануу илиминин бөлүм-багыттары өз өзгөчөлүктөрү бол-гону менен түпкү тегинде бири-бирине тыкыс байланыштуу басымдуу көпчүлүк учурларда бирге каралат.

Бүгүнкү илимге белгилүү маалыматтарга караганда, «Манаска» тиешелүү кабарлар жазма булактарда XV–XVI кылымдар («Мажму-ат-Табарих») – «Тарыхтар жыйнагы» ферганалык Сейф ад- Дин Аксыкентинин жана анын уулу Нооруз-Мухаммеддин колжазма түрүндөгү эмгеги) аралы-гынан бери белгилүү.

«Манастын» тексттерин кагаз бетине түшүрүү, чыгар-ма боюнча пикир айтып, баа берип, аны менен окумуш-туулар дүйнөсүн тааныштыруу иши XIX кылымдын экинчи жарымынын баш чендеринен тартып активдүү мүнөз-гө ээ болгон. Бул багытта казак элинин көрүнүктүү уулу, орус армиясынын офицери Чокан Валихановдун, улуту немец, орус окумуштуусу, академик В.В. Радловдун кош-кон салымдары орчундуу.

«Манасты» жыйноо, жазып алуу, тексттерин китеп түрүндө бастырып чыгаруу, башка элдердин тилдерине которуу, илимий проблемаларын талдоого алып изилдөө багытындагы системалуу түрдөгү иш-аракеттер совет мам-лекетинин учурунда жолго коюлуп, бүгүн улантылып келе жатат.

Советтик түзүлүш мезгилинде, айрыкча анын алгачкы учурларында «Манас» элдик оозеки чыгармачылыктын өзгөчө баалуу үлгүсү катары жогору бааланып, көп көңүл бурулса, бара-бара тоталитардык түзүлүштүн бүт бардыгын саясатка баш ийдирүү аракетинин кесепетинен, жалпы эле фольклор, анын ичинде «Манас» да өткөн доорлор-дун туундулары катары четке сүрүлүп, баркы төмөндөп, эпостун тексттеринде учураган айрым маалыматтарга өт-көндү көксөө, панисламизм, пантюркизм ж.б. деген сыяк-туу терс баа берилип, Сагымбай баш болгон кээ бир көрү-нүктүү айтуучуларга реакциячыл деген жалаа жабылып, улуу мурасты изилдөө, үйрөнүү, дүйнө элдерине таратуу иштеринин талаптагыдай дем менен өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдуктар арбын болгон. Ошонун кесепетинен чыгарма-нын колдо бар тексттери толук үлгүсүндө бир да вариант жарык көргөн эмес, жарыяланган китептерде окуялар кыскартылган, тандалган түрдө берилген, ал гана турмак эпостун «тандалып кыскартылган вариант» делген илимге такыр туура келбеген үлгүсүн түзүү аракеттери көрүлгөн, варианттардын академиялык басылыштагы толук тексттерин бастыруу маселесин козгоого эч ким батына алган эмес, манастаануу илиминдеги бул орчундуу илимий проблема советтик түзүлүш жоюлгандан кийин гана колго алынды. Ошондой болсо да «Манас» эпосунун эл турмушундагы, руханий дүйнөсүндөгү, дүйнөлүк илимдеги ка-дыр-баркы, алган орду бул чыгарманы такыр эле эсептен чыгарып таштоого жол бербей, натыйжада манастаануу илиминин ар бир тармактары боюнча бир катар оозго алынарлык иштер иштелген. Алардын арасынан чыгарманын үч бөлүмү боюнча элге кеңири белгилүү манасчылардын варианттарынын тексттери кагаз бетине түшүрүлүшүн, Сагымбай, Саякбайдын варианттарынын кыскартылган үлгүдө жарык көрүшүн, эпоско таандык айрым илимий проблемалардын кыргыз, орус ж. б. улуттун өкүлдөрү бол-гон окумуштуулар тарабынан изилденишин, «Манас» энциклопедиясынын жаралышын ж. б. атоого болот.

«Манастын» тексттерин жазып алууну уюштуруу, жү-зөгө ашыруу багытында аракеттенген К. Мифтаков, Ы. Абдырахманов, Ы. Тойчунов, Э.Арабаев, К. Карасаев, К. Жумабаев, Ж. Ирисов, К. Кыдырбаева, И. Мусаев, Б. Ток-тогулов, А. Тайгүрөңов, С. Байсалов ж.б. орчундуу эмгек-тери атайын эскерилүүгө татыктуу. Кыргыздардын бул улуу мурасын изилдөөдө көрүнүктүү окумуштуулар Ч.Валиханов, В.Радлов, М. Ауэзов, Б. Юнусалиев, К. Рахма-туллин, В. М. Жирмунский, А. Н. Бернштам, П. Н. Бер-ков, С.А.Абрамзон, М. Богданова, А. А. Петросян, Е. Д. Поливанов, А. Инан, А.П.Хатто ж.б. омоктуу салым ко-шушкан. Эпостун тексттерин жыйноо, жарыялоо, илимий проблемаларын изилдөө аракеттеринин үстүндө С.Мусаев, Э.Абдылдаев, С. Бегалиев, А. Жайнакова, Р. Кыдырбаева, Кырбашев, Р.Сарыпбеков узак жылдардан бери систе-малуу түрдө эмгектенип келе жатышат жана алардын ма-настаануу илимине кошкон салымдары салмактуу.

Манастаануу илиминин башталыш-түптөлүш жана ай-рыкча анын калыптануу – фольклор жөнүндөгү илимдин өзүнчө орчундуу бутагы катары нукка ээ болуп, атайын или-мий проблемалары бар жана аларды иликтөө, чечүү багы-тында топтолгон тажрыйбаларга ээ багытка айлануу учурун кыргыз тарыхынын советтик түзүлүш мезгилиндеги бүрчөк шартка туура келет десек адилеттүүлүк болмокчу. Анткени бул эпос жөнүндөгү Октябрь революциясына чейинки мезгилдерде айрым кабар-маалыматтар окумуштуулар дүйнө-сүнө аздыр-көптүр белгилүү болгону менен ал кабарларды атайын илимдик-манастаануу – деген атак-наамга ээ боло алуучу, системага салынган деңгээлдеги маалыматтар деш кыйын. «Манас» оозеки көркөм мурастардын арасындагы эпикалык үлгүлөрдүн бири катары эсепке кирип, ыгына жараша ой-пикирлер айтылганы менен, бул багыттагы ара-кеттер да, иликтөөлөр да системалык мүнөзгө ээ болбой, айрым жеке адамдардын илимдик кызыкчылыгынын алкагында эскерилген, үзүлдү-кесилди ойлор, аракеттер түрүн-дө гана кезиккен. Советтик түзүлүш убагында бул элдик улуу мураска чоң маани берилип, атайын көңүл бурулуп, калк арасында оозеки айтылып жүргөн тексттерин-ва-рианттарын кагаз бетине түшүрүү, сактоо, китеп ж.б. түрдө жарыялоо, изилдеп үйрөнүү маселелери колго алынып, бул багыттарда системалуу иш жүргүзүү үчүн атайын мекеме-уюмдар уюштурулуп, натыйжада илимдин жалаң ушул ба-гытында иш алып барган адистер пайда болуп, мындай ара-кеттер оозго алынарлык натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түздү – манастаануу илими пайда болду.

Кыргыз фольклортаануусунун өзүнчө атайын чоң бөлүмү – маанилүү бутагы болгон манастаануу илиминин жаралышы да, басып өткөн жолу да – этап баскычтары-нын болушу жалпы калкыбыздын тарыхый абалы, анын баскычтары, айрым өйдө-ылдыйлуу шарттары менен, ошондой эле улуттук интеллигенциянын, анын илим тар-мактарында аракеттенген интеллектуалдуу бөлүгүнүн, айрыкча «Манасты» иликтеп үйрөнүү, илимдик проблемала-рын изилдөө максатын көздөгөн атайын адистердин даяр-далыш, пайда болуп, өсүп-өнүгүш жолу-тарыхы менен шартташкан. Атайын адистердин жеткиликтүү деңгээлде-ги теориялык билимге ээ, дүйнөлүк илимдин тажрыйба-лык корутундуларына таяна, аны эпостун проблемаларын чечүүдө ыгы менен, ийгиликтүү пайдалана алуу жөндөмүнө ээ адамдардын кемчилигинен, чынында такыр жокту-гунан, өткөн кылымдын 50-60-жылдарына чейин эпостун тексттерин басмадан чыгарып жарыялоо, теориялык проблемаларын чечүү аракеттери жетишерлик көрүлгөн эмес, көрүлсө да аракеттерден анча майнаптуу жыйынтык чыкпай, көптөгөн карама-каршы пикирлер жаралган. Мындай абалдын чоң «күнөөлүүлөрүнүн бири «Манас» эпосунун өзү, анын өзгөчө татаал мазмуну жана терең изилдөө турмак, үстүртөн, учкай таанышып чыгуу үчүн да көптөгөн эмгекти, убакытты талап кылган эбегейсиз зор көлөмүн да эстен чыгарууга болбойт. Чыгарманын зор көлөмү бүгүнкүгө чейин бул эпосту сыртынан гана билип, «Манас» жакшы – деген сөздү ооз жүзүндө кайталап айтканы ме-нен, жомоктун мазмунун чынында билбеген, же чала гана тааныш адамдардын өтө көптүгүнө алып келүүдө.

Манастаануу илиминин тутумуна кирүүчү маалымат-тарды мүнөзүнө карата Октябрь революциясына чейин-ки айрым кабарлар; манастаануу илиминин пайда болуу жана өсүп-өнүгүү этаптары – деп, эки учурга бөлүү жөн-дүү. Ошондой эле аталган илимдин кыска өмүрүнүн жолу да бир кылка эмес – XX кылымдын 20-жылдарынын баш-тарынан тартып, 30-жылдарга чейинки алгачкы башат

– деп атоого боло турган 1-этап, 30-40-жылдар мезгилин кучагына алган түптөлүү учуру, 50-60-жылдардагы изде-нүү деп атоого боло турган 3-этап жана 70-жылдардан тар-тып, бүгүнкүгө чейинки калыптануу, бойго жетүү, өзүнчө илимдик деңгээлге көтөрүлүү мезгили.

Октябрга чейинки айрым кабар-маалыматтар үзүл-кесил мүнөздө экендигине карабастан, теориялык да, прак-тикалык да чоң мааниге ээ материалдар экени күмөнсүз.

Илимдин биринчи этабын даярдык учуру, маселенин коюлушу жана бул багытта ийгиликтүү иш алып кетүү үчүн ыңгайлуу тарыхый шарт түзүлгөн учур катары мү-нөздөө туура.

Экинчи этап системалуулук мүнөздөгү иш-чаралардын башталышы жана жолго коюлушу (эпостун үч бөлүмүнүн түрдүү варианттарынын жазылуу ишинин колго алыны-шы, тексттерди бастыруу, башка тилге которуу аракетте-ринин алгачкы кадамдары ж. б.) менен өзгөчөлөнөт.

Үчүнчү этапта эпостун орчундуу илимдик проблема-лары атайын сөзгө алынып, чыгарманын мазмун формалык белгилери, тексттерин басмадан чыгаруу маселелери боюнча ар түрдүү, кээде бири-биринен кескин айырмалан-ган, ал турмак бири-бирине карама-каршы турган пикир алышуулардын-изденүүнүн («Манастын» кошмо вариан-тын түзүү, эпоско арналган жалпы союздук илимий конференция, чыгарманын жарык көргөн материалдарына карата кайчы пикирлер ж.б.) учуру дешке болот.

Ошентип, манастаануу дегенибиз жөнөкөйлөтө айтканда – эпосту баалоо, ага болгон мамиле жана көзкараш болсо, анын генезиси элдик сөзтаануу эстетикасына барып такалып, ал кийинки илимий манастаануунун келип чы-гышын, өрүш алышын кадыресе азыктандырган көркөм нарк, рухий көрүнүш болуп калган. Себеби окумуштуулар-дын дээрлик бардыгы «Манаска» карата элдик көзкарашты, баа-ченемди эске алып, аларды айныгыс факт катары тутунган учурларын жыш кездештирүүгө болот.

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынан тартып илим өз багыты, иш-тажрыйбада топтолгон атайын корутундулары бар фольклортаануунун өзүнчө тармагы деңгээлине көтөрүлүп, натыйжада оозго алынарлык жемиште-рин берди (түрдүү варианттардын академиялык басылыш-тарынын жарык көрүшү, эпостун түрдүү варианттарынын тексттеринин ыр жана кара сөз түрлөрүндө көптөгөн үлгүлөрү кыргыз, орус, англис ж.б. тилдерде басылып чыгы-шы, «Манас» энциклопедиясы, чыгарманын миң жылдык мааракесинин даярдалышы жана өткөрүлүшү ж.б.).

Манастаануу илиминин өсүп-өнүгүшүнүн өзүнчө ыңгайлуу жана жемиштүү этабы катары Кыргызстандын өз алдынча мамлекеттиги башталган кийинки мезгилин ата-йын белгилөө жөндүү. Ушул аз убакыттын ичинде Кыргызстандын биринчи президенти А. Акаевдин демилгеси жана активдүү колдоосу астында «Манас» эпосу кыргыз-дардын улуу мурасы катары бүткүл дүйнө элдерине кеңи-ри белгилүү болду. Айрыкча А. Акаевдин сунушу боюнча Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясы «Манас» эпосунун Орто Азияда жашаган элдердин, алар-дын көп кылымдарды ичине камтыган тарыхындагы бай-ланышын, биримдигин камсыз кылган маанилүү данакер болгондугун эске ала, бул эпос жеке эле кыргыз тилинин, адабиятынын негизги булагы гана болбостон, ошону менен бирге эле маданий, руханий, тарыхый, социалдык жана диндик салттарынын негизи экендигин моюнга алып, эпос көптөгөн элдер тарабынан кубатталган идеалдар ме-нен баалуулуктардын таралышына көмөкчү болорун эсте тутуп, «Манас» эпосунун миң жылдыгын майрамдоо эл-дердин кызматташтыгын, өз ара түшүнүүлөрүн бекемдеп, адамзаттык маданий мурастардын байышына кошулар са-лымды ойлоп, 1995-жылды «Манастын» миң жылдыгын белгилөө жылы – деп, эсептөөгө чечим кабыл алышы, жана дүйнө элдерин бул салтанатты белгилөөгө кеңеш бериши манастаануу илими үчүн гана эмес, бүтүн кыргыз калкы үчүн зор мааниге ээ окуя болду. «Манастын» миң жылдык мааракесине даярдануу жана бул иш чараны өзгөчө зор салтанат менен өткөрүү чыгармага тиешелүү бир канчалаган орчундуу проблемалардын чечилишин камсыз кылды, эпостун кадыр-баркын мурда болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге көтөрдү, республиканын жашоочу бардык калкынан тартып, дүйнө элдеринин көбүнө мурас-тын улуулук касиеттерин таасын таанып, ага туура баа берүүгө шарт түздү. Акыркы мезгил ичинде Манастаануу илиминин орчундуу жетишкендиктеринин катарына «Манас» энциклопедиясынын эки томдугунун жарык көрүшүн жана эпостун негизги варианттарынын академиялык бастырылышын басмага даярдоо аракетинин колго алынып, Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынан жети том жарыкка чыгышын көрсөтүү жөн. Фольклористика илиминдеги бул багытта алгачкы кадамдардын катарына кирген бул иш чаралар жеке эле кыргыз оозеки чыгарма-чылыгы эмес, башка элдердин фольклорун изилдөөчүлөргө да үлгүлүк, тажрыйба алмашуучулук мааниси болуп, таасирин тийгизерине күмөн жок.

«Манас» эпосу жалпы адамзатка таандык маданий казынада маанилүү да, кадырлуу да орундардын бирин ээлеген улуу мурас. Кыргыздардын руханий дүйнөсүндө бул чыгарманын бийик орду бөксөрбөйт эскирбейт.

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР

Кара: Ауэзов М. Киргизская народная героическая поэма «Манас» – В кн. Киргизский героический эпос «Манас». 1961 стр. 51-65.

Кара: Бернштам А. Н. Эпоха возникновения киргизского эпоса «Манас». В. кн. «Манас» героический эпос киргизского народа. Фрунзе, 1968. стр. 148-176.

Алмаши Г. Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону. – В кн. «Манас» героический эпос киргизского народа. Фрунзе, 1968. стр. 42.

Юнусалиев Б. М. Кириш сөз. «Манас» 1-китеп. Фрунзе, 1958. 10-бет.

5Жирмунский В. М. Народный героический эпос. М.– Л.,

стр. 296–317.

«Манас», Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондусу. Инв. № 578. 2-бет.

«Манас» Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча академиялык басылыш, I китеп. Бишкек, 1995. – 78-79–беттер

 

 

Комментарий калтыруу